Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Пробация "кайырмакка" айландыбы? Журналист, блогерлердин сот иштери


Адилет Балтабай, Семетей Талас уулу, Ырыс Жекшеналиев (солдон оңго карай).
Адилет Балтабай, Семетей Талас уулу, Ырыс Жекшеналиев (солдон оңго карай).

Жогорку Сот жарандык активист Адилет Балтабайга райондук сотто чыккан үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн кайра калыбына келтирип, блогер эркиндикке чыкты. Ал январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакка алынган.

18-апрелде Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун ишин карап, аны эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Судья журналистти жаза өтөөдөн бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерген.

Жогорку Сот Балтабайдын ишине чекит койду

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек соттун чечимине ылайык 19-апрелде Жаза аткаруу кызматынын №27 абагынан чыгарылды.

Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Эркин Саданбеков Фейсбуктагы баракчасында кабарлап, активист менен турган сүрөтүн жарыялады.

Жогорку Сот бул күнү Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырып, бирок ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды.

Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн.

Ал былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Быйыл январда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, активист кайра камакка алынган болчу.

Адилет Балтабай сот отурумдарынын биринде.
Адилет Балтабай сот отурумдарынын биринде.

Прокуратура Адилет Балтабайга жеңил жаза колдонулуп калды деген негизде Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал тергөө абагынан чыккандан кийин да өлкөдөгү саясий окуялар боюнча жарандык позициясын билдирип турган жана быйыл 10-январда Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылган нааразылык акцияда кайра кармалган.

12-январда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, активистти абакка кескен. Активисттин адвокаты шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылган.

Блогер Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн ар кандай митинг, акцияларды түз эфирде чагылдырып келген. Кыргызстанда кайра кумарканаларды ачууга каршы өзү да бир нече акцияларды уюштурган.

Семетей Талас уулу УКМКнын имаратынын алдында. 2022-жыл.
Семетей Талас уулу УКМКнын имаратынын алдында. 2022-жыл.

Сот Семетей Талас уулун күнөөлүү деп тапты

Фейсбуктагы баракчасына диний билдирүүнү бөлүшкөнү үчүн иш козголгон журналист Семетей Талас уулуна да 18-апрелде соттун өкүмү чыкты. Биринчи май райондук сотунун судьясы аны эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты. Сот журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Журналист чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанабы же жокпу адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин айтты. Ал Фейсбуктагы баракчасына 2021-жылы Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн айып тагылганын билдирген.

Семетей Талас уулун милиция былтыр 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция соттук-лингвистикалык экспертиза ал “Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун маалыматы бар материалды бөлүшкөн” деген корутунду чыгарганын кабарлаган.

Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазган. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү билдирип келет.

Пробация бийликтин кайырмагына айланды”

Кыргызстанда “пробациялык чечимдер” тууралуу көп сөз боло баштады. 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, айыпкер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же кайсы бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет.

“Кыргызстанда ушундай жаза берип адамды кайырмакка илип койгон практикага айланып калды. Мисалы, ошол эле Кемпир-Абад иши боюнча айрым адамдарды үй камагына чыгарышты, бирок алардын да иши ары же бери болбой турат. Бул өзү эле цензура. Экинчиден, пикирин эркин айткан адамдарды коркутуу”, - деди Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова.

Саясат талдоочу Нурбек Акылбек да ушундай эле пикири менен бөлүштү.

“Болот Темиров Кыргызстандан күч менен чыгарылгандан кийин көп адам эркин пикир айтууда өзүн чектеп баштады. Мурда саясатчылар коомдогу талаштуу темалар боюнча пикирин ачык айтып турушкан болсо азыр унчукпай калышты. Адилет Балтабайды райондук сот пробация менен чыгарды. Ал кайра эле акцияларга катыша бергенден улам кийинки инстанция камап койду. Пробация деген адамды туткунда кармап тургандай эле болуп калды. Адамды толук актап бошотуп жибербейт же абакка да кеспейт. “Жүрүм-турумуңа карайбыз” дегендей эле болуп атат”.

Ырыс Жекшеналиевдин соту жылдырылды

Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Кыргызстанда социалдык тармактардагы пикири үчүн айыпка жыгылган же жоопкерчиликке тартылган окуялар көп эле болгон. Биз алардын ичинен ушул тапта сотто каралып жатканы жана жакында эле чечим чыккандарына токтолобуз.

Андай иштердин дагы бири 20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши. Ага 19-апрелде чечим чыгары айтылып, бирок судья ооруп калганына байланыштуу соттук жараян белгисиз мөөнөткө жылды.

Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда активистти үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет. Прокурор болсо блогерди алты жылга абакка кесүүнү сурап жатат.

“Кыргызстанда Фейсбукту 100 миңдеген адам колдонот. Алардын арасында оппозициялык саясатчылар Адахан Мадумаров же Равшан Жээнбековдун да видеолорун баракчасына чыгаргандар көп. Ырыс Жекшеналиев деле ошондой эле видеону салган. Ал чакырык жасаган жок же пикирин жазган жок. Абдил Сегизбаевдин шайлоо алдындагы видеосун бөлүшкөнү үчүн түрмөгө отургузуп коюу – бул Ырыс Жекшеналиевге эмес бардыгына болгон кысым. Прокурор алты жыл соттош керек дегени бийликке абийир алып келбейт”, - деди Нурбек Акылбек.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, социалдык тармакты колдонууда жоопкерчиликти да унутпоого чакырып келет. “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев жоопкерчилик тууралуу буларга токтолду.

“Мен да сөз эркиндигин колдойм. Бирок социалдык тармактардагы талаш адамдардын ортосундагы арыздашууга чейин алып барууда. Саясатчылардын жактоочулары менен каршы болгондор, динчилдер менен динге ишенбегендер болуп бөлүнүп талаш болот. Тамаша чыны аралаш жаздым эле Орусия менен Украинанын согушуна караганда Кыргызстанда Орусияны же Украинаны жактагандардын согушу катуу болуп атат. Бул билинбегени менен кооптуу. Мушташ деген биринчи сөз талашып, жекеликке өтүп анан мушташка айланат”.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG