Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Кемпир-Абад иши: Бекназаровдун жакындары бийликке кайрылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар

Кемпир-Абад иши боюнча камалган айрым саясатчылар жакындарына басым күчөгөнүн айтып чыгышты.

Бул иштин алкагында камалган мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу өлкө жетекчилерине ачык кат жолдоп, “апасы, келинчеги, кайната, кайненеси дагы суракка чакырылганын”, “ушундай жол менен атасына басым” болуп жатканын жазды. УКМК буга жооп бере элек.

Руслан Бекназаровдун кайрылуусу

Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталып, бир жылдан ашык убакыттан бери абакта отурган саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 17-январда соцтармактар аркылуу бийликке кайрылды. Анда ал апасы, келинчеги, кайната-кайненеси да атайын кызматка чакырылганын жазган.

Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

"Буга чейин эле атамдын досторун, мени менен иштешкен жакындарымды чакырышып, маалымат сурап жатышкан. Кечээ "УКМКга келип кетиңиз" деп келинчегиме чалыптыр. Ал "менин колумда оорукчан балабыз бар, бошой албайм" десе, "түштөн кийин келип кетиңиз" дептир. "Бошой албайм" деп телефонду коюп коюптур. Бир аздан кийин "УКМКга келип кетиңиз" деп кайнатам менен кайненеме чалыптыр. Эмнеге барабыз десе, "келсеңиздер, сүйлөшөбүз" дептир. Камтама болуп, ошол номурга өзүм чалдым. Эгер биздин үй-бүлөгө тиешелүү маалымат болсо атам абакта отурат, сурай бербейсиңерби, башка кошумча маалымат керек болсо менден сурагыла деп айттым. Буга чейин дагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге бир нече жолу жолуккам, өзүнө дагы жакындарыбызга тийишпегиле, маселе жаралса менден сурагыла деп айткам. Тергөөчүгө дагы ошону айттым. Ал "2ге келиңиз" деди, анан "саат 5ке келиңиз" деди. Анан 5 мүнөттөн кийин чалып, "колум бошобой калды, башка күнү жолугалы" деди".

Буга чейин Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу "массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалымат таратууга" айыпталган Нишанбай Иманкуловдун ишин Жалал-Абад шаардык соту карап, 50 миң сом айып салган. Руслан Бекназаров кармалган жаран анын өкүл баласы экенин ырастаган.


УКМК же президенттик администрация Руслан Бекназаровдун катына комментарий бере элек.

"Кыйноонун бир жолу"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова абактагы саясатчылардын жек-жаатына чейин суракка чакыруу туура эмес деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Бул мамлекеттик деңгээлде жасалган куугунтук деп эсептейм. Соңку окуяларга көз салып карап жатам. Өтө жаман тенденцияга, жаман жолго кетип жатабыз. Саясат талдоочулар, эксперттер кандай айтат билбейм. Бирок укук коргоочу катары айтарым, биз өтө артка кеттик. Тайгак дөңдөн ылдый кетип баратабыз".

Саясатчылардын жоопко тартылган жакындары

Буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган дагы бир оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жакындарына иш козголуп, камакка алынган.

Саясатчынын карындашы, Биринчи Май райондук сотунун мурдагы судьясы Мира Жээнбековага 2021-жылы апрелде “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган.

Кийин бул берене “Мыйзамсыз кирешени адалдаштырууга”, ушул жылы февралда “Коррупция” беренесине алмаштырылган.

Былтыр 3-мартта Жээнбеков ээлик кылган Next TV телеканалына “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген берененин негизинде иш козголгон.

Телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев камалып, кийинчерээк үй камагына чыккан. 4-мартта Next TV телеканалына козголгон кылмыш ишине байланыштуу атайын кызматка суракка барган Жээнбековдун уулу Азат Равшанга өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева былтыр 25-майда кармалып, ал да кийин үй камагына бошотулган. УКМК Алимбаева тууралуу алгач 29-июлда кеңири маалымат тараткан. Жээнбековдун жубайы жер тилкесин ижарага берүү боюнча аукциондо "мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын" билдирген.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан бул дооматтарды четке каккан.

Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага дагы кылмыш иши козголгон. УКМК аны "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап, суракка чакырган. 2022-жылы февралда анын иши сотко өткөн.

Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

"Кемпирабадчылардын жакындарына репост жасоо же күйөөсүн, баласын, атасын колдогону үчүн УКМКга чакырып, коркутуулар өлкөнү эркиндигинен ажыратып Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн деңгээлине алып барат. Бийлик жакындарын сындыра алабйт. Анткени болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү кести, ден соолугубузду алды, психологиялык, моралдык абалыбызга басым жасады. Бирок суракка чакырса дагы чындык үчүн жана тууганыбыз үчүн күрөшкөнгө даярбыз. Бул өзүн-өзү цензуралоого алып келиши мүмкүн, бирок оюбузду эч ким өзгөртө албайт. Бул эң башкысы", - деди Айсулуу Кудайбердиева.


Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп, партиялаштарына карата күч органдарынан тандалма мамиле болуп жатканын парламентте айтып чыккан.

Партия лидери, депутат Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды, учурда бул иш боюнча сот жүрүп жатат.

Замирбек Шамшидин уулу "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен айыпталып, былтыр сентябрда кармалган, 4-декабрда үй камагына чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук деп атаган.

Ноябрда Мадумаровдун жээни, партия мүчөсү Элмурат Калыбеков Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылган. Ал 21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча көрсөтмө бергени маалым болгон.


Жарандык активист Мукай Керимбаев тергөөдөгү иштерди саясий куугунтук деп айтууга болбойт деген пикири менен бөлүштү.

"Азыркы бийликтин келгенине үч жылдын жүзү болуп жатат. Аракетин карасак, жылыштар жакшы. Ошол эле учурда саясий жактан өлкөнү дестабилдештиребиз деген, төңкөрүшкө жакындатып бараткан күчтөр бар. Ошонун алдын алыш үчүн саясий куугунтук болуп, камап жаткан жок, ал жерде тергелет. Ошол эле журналист болобу, саясатчылар болобу, кимдер менен эмне деген сүйлөшүүлөрдү кылганын текшерип жатышпайбы. Алдын ала "саясий куугунтук болуп жатат" деп чапкылай бергенибиз туура эмес болот".

Укук коргоочулардын жана эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусуна карабай, Кыргызстандын бийлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына, жарандык активисттерге болгон басым-кысым, куугунтуктоо тууралуу дооматтарды четке кагат жана акыркы кездеги кармоолор мыйзам чегинде болуп жатканын, баарын сот чечерин билдирип келет.

15-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда сүйлөгөн учурда “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” айткан.

Юстиция министри Аяз Баетов 12-декабрда Кыргызстан адам укуктарын сактоо, тынч жыйындарды өткөрүү эркиндиги боюнча дүйнөлүк коомчулук алдында милдеттенмесин аткарып келе жаткандыгын маалымат жыйында билдирген.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG