Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Европарламент депутаты: Журналисттердин кармалышына кабатырбыз


Европарламенттин мүчөсү Карстен Люкке. Сүрөт Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Европарламенттин мүчөсү Карстен Люкке. Сүрөт Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

17-январда Страсбургда Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлуп, жактырылды. Аны парламенттеги 629 депутаттын 543ү колдоду. Резолюцияда «бийлик башындагы авторитардык режимдерге адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоого» чакырык ташталган.

Андан тышкары геосаясий өзгөрүүлөрдөн улам Борбор Азия боюнча жалпы стратегияны жаңылоо сунушталган.

Документтин автору, Европарламенттин депутаты Карстен Люкке резолюция тууралуу “Азаттыкка” кеңири маек куруп, Борбор Азияда, Кыргызстанда журналисттердин жапырт кармалып жатышына тынчсыздануусун билдирди.

Азаттык: Бүгүн Европа парламенти Борбор Азиянын стратегиясы боюнча резолюция кабыл алды. Сиз бул резолюциянын негизги, маанилүү бөлүктөрү менен тааныштыра кетесизби?

Карстен Люкке: Мен бул баяндаманы бир жарым жыл мурда сунуштагам. Анткени бизде 2019-жылы кабыл алынган Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясы бар. Бирок мага андан бери көп окуялар болгондой сезилди. Пандемия болду, дүйнөлүк саясатта Кытай активдешти, Ооганстанда бийликти "Талибан" басып алды, Украинада агрессиялык согуш башталды. Мына ушул себептерден улам бул стратегияны жаңылоо зарыл деген пикирге келдим. Анткени Борбор Азиянын беш мамлекетинде да көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Менимче, бул - Евробиримдик үчүн да Борбор Азия мамлекеттери үчүн да алдыга карай бирге умтулуп, алакаларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр терезеси. Мен бул баяндаманы алдыга карай бирге багыт алып, жалпы максаттарыбызды жана стратегиялык кызыкчылыктарыбызды аныктоо үчүн сунуштагам. Соңку эки жыл ичинде Борбор Азиядагы беш мамлекеттин баарын кыдырдым. Ал жактагы мен баарлашкан адамдар коопсуздук, байланыш, энергетика, табигый ресурстар, жаңжалдарды чечүү жана климаттын өзгөрүшү жаатында кызматташууга дилгир экенин билдиришти. Евробиримдик жана Борбор Азиянын мамлекеттери кызматташа турган олуттуу маселелер арбын жана алар келечекте терең өнөктөштүктүн үстүндө да иштей алышат. Баяндамада Борбор Азиядагы адам укуктарына арналган бөлүм да бар.

Азаттык: Эмне себептен Европарламент бул резолюцияны азыр кабыл алды? Мунун Орусиянын Украинага согуш ачканына байланыштуу аймакта болуп жаткан геосаясий өзгөрүүлөргө байланышы барбы?

Карстен Люкке: Менимче, бул жагдай стратегиянын кабыл алынышын тездетти. Анткени 2022-жылдын февралында согуш башталганы аймакта кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүүлөр болуп жатат. Андан башка дагы мен жогоруда атап өткөн окуялар болду. Заман өзгөрдү, азыр такыр башка заман. Ошондуктан Евробиримдик менен Борбор Азиянын алакалары үчүн кандайдыр бир түрткү керек. Биз бул баяндаманын үстүндө бир жыл иштедик. Акыры ал кабыл алынды. Эми ар кандай маселелердин ишке ашыруунун үстүндө иштөөбүз зарыл.

Азаттык: Евробиримдик Борбор Азия менен алакасын бекемдегиси келип жаткан маалда Кыргызстанда журналисттер жапырт кармалууда. Шаркетти жана Европарламенттин мүчөсү катары сизди Кыргызстандагы жана Борбор Азиянын башка мамлекеттериндеги маалымат каражаттарынын эркиндиги жана адам укуктары жаатындагы кырдаал канчалык тынчсыздандырууда?

Карстен Люкке: Биз абдан тынчсыздануудабыз. Бир тарабынан биз кызматташуу, жалпы максаттар, бирге чече турган маселелер тууралуу айтып жатабыз. Ошол эле маалда баяндамада сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын эркиндигине, демократия жана адам укуктарына, мыйзам үстөмдүгүнө арналган бөлүм бар. Бул маселелер абдан маанилүү. Борбор Азия мамлекеттери БУУнун уставдарына кол коюшкан. Албетте көп нерсе ойдогудай эмес, ошондуктан өлкө бийликтери бул тармакты жакшыртуунун үстүндө иштеши керек. Мен парламентте Тажикстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын басмырланып жатышы тууралуу резолюция көтөрөм. Биз соңку окуяларга терең тынчсыздануудабыз. Бизди бириктирген гана нерселер тууралуу сүйлөбөстөн, Борбор Азия мамлекеттериндеги сөз эркиндиги, адам укуктары, демократия жаатында болуп жаткан иштерди сындап келебиз.

Азаттык: Евробиримдик адам укуктарынын, сөз эркиндигинин, мыйзам үстөмдүгүнүн сакталса гана Борбор Азия мамлекеттери менен өнөктөштүктү бекемдеп, WSP + программасынын кеңейтебиз деген шарт коюуга канчалык кызыкдар?

Карстен Люкке: Кеңейтилген өнөктөштүк тууралуу макулдашуулар аркылуу шарт койсо болот. Алардын айрымдарына кол коюлган. Кеп соода, экономика жөнүндө эле болуп жаткан жок. Маалымат каражаттарынын эркиндиги тууралуу маселеде да бар. Биз көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекет бийликтери канчалык адам укуктарын сактап жатканына ынанышыбыз керек.

Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:07 0:00

Азаттык: Евробиримдик менен Борбор Азиянын келечектеги кызматташуусунда кандай мүмкүнчүлүктөр эске алынышы ыктымал?

Карстен Люкке: Айтып өткөндөй эле, климаттын өзгөрүүсү жана жаңжалдарды чечүү маанилүү жагдайлардын бири болушу мүмкүн. Менимче, соода жаатында да көп мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалга чийки заттарды алсак... Андан тышкары баяндамада белгиленгендей, адамдар ортосундагы байланышты бекемдөөгө көңүл буруп жатабыз. Мындай байланыштар карапайым жарандарды бириктирет. Евробиримдиктегилер Борбор Азия, ал эми борборазиялыктар Евробиримдик тууралуу билиши керек. Биз саясий тармакта бир катар басым жасачу жагдайларды аныктардык. Жакынкы жылдары тыгыз жана күчтүү өнөктөштүктү өнүктүрө алчу жалпы кызыкчылыктар жана максаттар бар. Мен Борбор Азия мамлекеттери дагы буга кызыкдар экенин көрүп турам.

Азаттык: Бул резолюция Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкта канчалык маанилүү?

Карстен Люкке: Борбор Азиянын стратегиясын жаңылап, кабыл алышыбыз керек. Биз дагы бир нерсе жасаш үчүн бир нече жыл күтүп отурбашыбыз керек. Быйыл, 2024-жылдын биринчи жарымында Евробиримдик-Борбор Азия саммити болот. Бул Европа менен Борбор Азия жогорку деңгээлде жакындап жатканынан кабар берет. Беш мамлекеттин президенттери Евробиримдиктин лидерлери менен жолугуп келечектеги пландарын талкуулашат. Бизде бирдиктүү жол картасы бар. Менин баяндамам бар. Көп нерселер болуп жатат. Болгону аракеттерди активдештирип, сөздөн ишке өтүшүбүз абзел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG