Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Казак бийлигин сындаган активисттин жазасы жеңилдеди


Ноян Рахимжанов. 2019-жыл.
Ноян Рахимжанов. 2019-жыл.

Алматынын Капшагай шаардык соту абактагы жарандык активист Ноян Рахимжановдун жазасын жеңилдетүү өтүнүчүн канааттандырды. Сот жазанын калган бөлүгүн шарттуу жаза мөөнөтүнө алмаштыруу чечимин чыгарды.

Дээрлик тогуз айдан бери абакта отурган активист Ноян Рахимжановдун соту онлайн өткөнүн анын адвокаты Жанар Балгабаева "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

"Бүгүн соттук отурум болду. Ноян Рахимжанов экөөбүз отурумга онлайн катыштык. Сот биздин арызды карап, өкүмдү шарттуу жазага алмаштыруу чечимин чыгарды. Прокуратура каршы болбосо, Ноян Рахимжанов 15 күндөн кийин бошотулушу керек".

57 жаштагы Ноян Рахимжанов былтыр күзүндө соттолгон алматылык 13 активисттин бири. Ал бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген, Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына жана "Көчө" партиясына мүчө деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылган.

Калган тогуз активист бир-эки жылдан кесилген. Мындан тышкары аларга коомдук-саясий иштерге аралашууга үч жылга тыюу салынган.

Прокурор активисттерге "мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирди, "Көчө" партиясына кошулду жана "мамлекетти кулатууга аракет кылды" деп айып таккан.

Ноян Рахимжанов 2019-жылдын 9-июнунда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жаткан учурда нааразылык акциясына чыккан.

Бул шайлоодо Касым-Жомарт Токаев өлкө президенти болуп шайланган. Анда байкоочулар шайлоо мыйзам бузуу жана бурмалоо менен өткөнүн эскертишкен. Андан кийин ири шаарларда “адилетсиз шайлоолорго” каршы нааразылык акциялары күч алган. Ага катышкан активисттер камалып, куугунтукка кабылган.

Абактагы активисттер (оңдон солго): Асхат Жаксебаев, Ноян Рахимжанов, Кайрат Клышев, Абай Бегимбетов жана Диана Баймагамбетова. Алматы. 10-сентябрь, 2021 -жыл.
Абактагы активисттер (оңдон солго): Асхат Жаксебаев, Ноян Рахимжанов, Кайрат Клышев, Абай Бегимбетов жана Диана Баймагамбетова. Алматы. 10-сентябрь, 2021 -жыл.

Казакстандагы укук коргоо уюмдары "саясий туткун" деп тааныган активисттер коюлган дооматтарды четке кагып, алар тынчтык митингдерине гана катышып, жарандык укутары тепселенип жатканын айтып келет.

Президент Токаев кандуу январь окуяларынан кийин “жаңы Казакстанды куруу” өнөктүгүн баштаганы менен оппозициячыл саясатчылардын өлкөдө куугунтукталышы жарандык активисттердин нааразылыгын жаратып, алар өлкөгө адам укуктарын бекемдөө үчүн мыйзамдар зарылдыгын эскертишет.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму казак өкмөтүн экстремизмге каршы мыйзамдарды сынчыл көз караштагы адамдарды жана жарандык активисттерди куугунтуктоо үчүн колдонуп жатканын билдирген.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон 19-майда демократиянын принциптери сакталбаса, "Жаңы Казакстанды" куруу мүмкүн эмес экенин Твиттерге жазды.

"Өлкөдө сөз эркиндигин жана тынч чогулуштарды урматтабай, адам укуктарынын одоно бузулушуна жоопкерчиликсиз мамиле кылуу менен "Жаңы Казакстанды" куруу мүмкүн эмес. Ар кандай конституциялык өзгөртүүлөр коомчулуктун талкуусуна коюлуп, ар бир жарандын укуктарын сактоого кепилдик бере турган институттарды бекемдөө чараларын камтышы керек".

Алматы шаарында расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери 33 жаштагы Жанболат Мамай 25-февралдан бери камакта.

Ал марттын ортосунда эки кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчиси - болжол менен былтыр сентябрда бийлик менен макулдашылбаган митингге байланыштуу козголгон. Мамайга ошондо жарандарды күч менен кармап кетип жаткан полиция кызматкерлерин кемсинткен деген кине тагылууда.

Жанболот Мамай Алматыдагы митингде. 13-февраль, 2022-жыл.
Жанболот Мамай Алматыдагы митингде. 13-февраль, 2022-жыл.

Анын колдоочулары бул иштерде саясий кызыкчылык бар экенин айтышууда.

Буга чейин да бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар казак бийлигинен Жанболот Мамайды бошотууну өтүнгөн.

Amnesty International апрель айында атайын өнөктүк өткөрүп, президент Касым-Жомарт Токаевге активистти бошотууну суранган кат жолдогон.

Европарламент былтыр Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюцияны кабыл алган. Анда Казакстанда саясий негиздеги иштерди кыскартып, оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоону токтотуу чакырыгы камтылган. Бирок расмий Нур-Султан эл аралык коомчулуктун сынын көңүл сыртында калтырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG