Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Сузакта балдарды коюп кеткен машиненин айдоочусу кармалды


Сузак. Сүрөт Интернеттен алынды. 2-май, 2024-жыл.
Сузак. Сүрөт Интернеттен алынды. 2-май, 2024-жыл.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды коюп кеткен "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу, 48 жаштагы жергиликтүү тургун Ж.Б. кармалды. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы маалымдады.

Болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунда окуучулар топтолуп турганда "Хундай-Портер" машинеси токтотуп койгон жеринен жылып кетип, 30дан ашуун бала жабыркады. Алардын сегизи жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени маалым болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сузак аймактык ооруканасына үч бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Алардын абалы орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

Сузак милициясы "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен иш-чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип, окуучуларды тебелеп кеткенин билдирди. Милиция алдын ала текшерүү иштерин баштады. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG