Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Казак бийлигин сындаган активист камакта калды


Жанболат Мамай
Жанболат Мамай

Банктан мыйзамсыз чыгарылган акчаны жымырган деген шек менен 10-февралда кармалган активист Жанболат Мамай эки айга камакта калтырылды.

Жанболат Мамайдын адвокаттарынын күрөөгө бошотуу жөнүндө кайрылган өтүнүчүн Алматы соту канааттандырган жок. Тергөөчүлөр Мамайды бозгундагы казак олигархы Мухтар Аблязов “уурдаган” акчанын изин жашырууга көмөктөшкөн деп күнөөлөп жатышат. Казакстанда “Саясий калем - Трибуна” көз карандысыз гезитинин башкы редактору Жанболат Мамай Аблязов менен эч кандай байланышы жок экенин айтып, кылмыш ишин саясий куугунтук деп атады.

Буга чейин Жанболат Мамай анын ишмердүүлүгүнө бут тосуулар болуп, автоунаасынын терезесин талкалап кетишкенин, артынан белгисиз адамдар аңдып жатканын социалдык тармактардагы баракчасына жазып жүргөн.

Мамай кармалган 10-февраль күнү өздөрүн тергөө органдарынын өкүлү деп тааныштырган адамдар активисттин үйүндө жана “Саясий калем - Трибуна” гезитинин редакциясында тинтүү жүргүзүшкөн.

11-февралда Алматынын Медеу райондук соту Жанболат Мамайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бир нече эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууга чакырууда. Казакстанда жарандык активистти колдоо комитети түзүлдү. Өткөн аптада “Саясий калем - Трибуна” гезитинин атайын чыгарылышы жарык көрдү.

28 жаштагы Жанболот Мамай казак бийлигине ачык сын айткан активист катары таанымал. Кесиптештери аны коомдук талкууларга журналист эмес, жарандык активист катары катышарын белгилешет. Мамай ар кандай нааразылык акцияларга студент кезинен тарта катышып жүрөт. 2011-жылы анын жетекчилиги менен “Рух пен тил” деп аталган клубдун беш активисти президент Назарбаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча референдумга каршы чыкканы үчүн 180 миң теңге айып пулга жыгылган.

Ошол эле жылы Жаңы-Өзөндөгү массалык нааразылыкка мунайчыларды колдоп барган. Анда "социалдык тармактарда кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталып, кийинчерээк акталган. Казак тергөө органдары Жанболат Мамайды Мухтар Аблязов уюштуруп, колдогон "кылмыштуу топтун мүчөсү" деп атаган.

Мамай 2014-жылы февралда Украинага барып Евромайданды колдоп келген казак активисти. Казакстан, Кыргызстан мүчө болгон Евразия экономикалык биримдикке каршы бир нече акцияларды өткөргөн. 2016-жылы коңшу өлкөнүн бир катар облустарында өткөн жер боюнча митингдерде кармалгандарды бошотуу боюнча “Араша” деп аталган комитеттин мүчөсү.

“Саясий калем - Трибуна” гезити өз бетинде казак өкмөтүн сындап келген. Анткен менен казак коомунда Жанболот Мамайдын жарандык активдүүлүгүн өзүн таанытуу аракети деп баалагандар дагы жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG