Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Казакстанда оппозиция биригеби?


Шаршембиде Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда Улуттук координациялык кеңештин жыйыны өттү. Анын катышуучулары казак бийлигин сындагандарды биригүүгө чакырышты. Бирок айрым активисттер жалпы күн тартиби болбосо, биригүүнүн эч кандай мааниси жок экендигин айтышты.

17-мартта Нур-Султан шаарында Казакстандын ар кайсы аймактарынан келген коомдук жана саясий активисттердин катышуусунда оппозициялык күчтөрдүн Улуттук координациялык кеңешинин жыйыны өттү.

Аны былтыр бийликчил "Нур Отан" партиясынан чыгарылган Нуржан Алтаев уюштурганы айтылууда. Жыйынга чет өлкөдө жашаган айрым казакстандык активисттер онлайн катышты.

Жолугушууга көп балалуу энелердин өкүлү Феруза Сапар, активист жана илимпоз Эсенгазы Куандык, Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын төрагасы Аскат Рахимжанов, саясатчы Валихан Кайсар, активист Санавар Закирова чакырылган.

Бирок 20 жылдан бери чет өлкөдө жашаган экс-премьер-министр Акежан Кажегелдин, ошондой эле Демократиялык партияны түзүү боюнча демилгечи топтун лидери Жанболат Мамай жана бозгундагы оппозиционер Муктар Аблязов катышкан жок.

Экс-депутат жана саясатчы Нуржан Алтаев Аблязов менен байланыша албай калганын айтты.

Нуржан Алтаев.
Нуржан Алтаев.

"Биз контакттарын билбейбиз, ошондуктан биз ал киши менен байланышка чыккан жокпуз. Бирок кеңештин эшиги элдин мүдөөсүн ойлоп жүргөн бардык азаматтарга ачык".

Анын айтымында, бул жыйындын максаты Казакстанда чачыранды оппозиция күчтөрүнүн башын бириктирүү болгон.

Бирок Украинада жашаган казакстандык саясатчы Эрмек Нарымбай “ири масштабдагы маселелерди күн тартибине койбой туруп, биригүү үчүн биригүүнүн” эч кандай мааниси жок экендигин айтты.

Ермек Нарымбай.
Ермек Нарымбай.

"Жалпы күн тартиби жок эле биригүүнүн эч кандай мааниси жок. Адатта сырткы жана ички күчтөрдөн кооптонгондо гана биригүү керек".

Бирок жыйынга чогулгандар алгач бул кеңеш "оппозициялык" деген аныктамага туура келеби же жокпу деген маселени талкуулашты. Ошондой эле жер маселеси, Кытайдын Казакстандагы 55 долбоорун ишке ашыруу жолдору, Шинжаңдагы этникалык казактардын абалы, саясий туткундарды бошотуу, көп балалуу энелердин көйгөйлөрү сыяктуу маселелерди карап чыгышты.

Оппозициячыл активисттердин жыйынын утурлай, Нур-Султан шаарынын тургундары, Казакстанда чыныгы оппозиция барбы, ал канчалык майдаланган жана ал биригиши керекпи деген суроолорго жооп кайтарышты.

- Кайдагы оппозиция? Бизде оппозиция жок го.

- Азыр эч кимге ишенич жок. Эмне дейбиз? Оппозиция өз билгенин кылып жатат.

- Оппозиция күчтүү болуш үчүн бийликти алмаштыруу керек.

Аыркы айларда Казакстандын бир катар шаарларында авторитардык бийлик системасына каршы нааразылык чаралары өткөрүү чакырыктары күч алды.

Мисалы, 28-февралда эки саясий уюм Казакстандын бир нече аймактарында нааразылык чараларын өткөрүүнү пландаган.

Алардын бири, активист Жанболот Мамай башында турган “Демократиялык партия” түзүү демилгелүү тобу, экинчиси - бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы болчу. Бул уюмдун ишине Казакстанда тыюу салынган.

Ал эми адам Европарламент быйыл 11-февралда Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюцияны кабыл алган. Анда Казакстанда саясий негиздеги иштерди кыскартып, оппозиция өкүлдөрүнө карата куугунтуктарды токтотуу чакырыгы камтылган. Бирок расмий Нур-Султан өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG