Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Казакстанда нааразылык билдиргендер кармалды


Нур-Султан
Нур-Султан

Казак бийлиги эл чогулган жерде коронавирус бат тарай турганын, андыктан митингге чыкпоону эки күн мурда эскерткен.

Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адамдар кармалды.

Нур-Султан шаарында полиция акция өтөрү айтылган аянтка эрте келген онго чукул кишини кармап кеткенин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдирди. Анын айтымында, полиция аянтта коронавируска каршы дезинфекция иштери жүргүзүлө турганын жүйө келтирген.

Алматы шаарында да полиция жолду тороп, өлкөдө тыюу салынган “Көчө партиясынын” митингге чыккан ондой мүчөсүн алып кетти. Кызыл-Ордо, Чымкент, Семей шаарларында да ондогон адам кармалганы кабарланууда.

6-июнда Казакстанда митинг өткөрүү тартибин оорлоштура турган “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Буга байланыштуу бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылы» жана журналист, активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ тарапкерлерин митингге чыгууга чакырган.

Эки күн мурда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус пандемиясы маалында жарандарды митингдерге чыкпоого үндөп, массалык иш-чараларга тыюу салынганын, адамдардын топтолушу инфекциянын жайылуусуна шарт түзөрүн эскерткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG