Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Кара-Суу базары: Ташиевдин билдирүүсү, базар ээлеринин жүйөсү


Кара-Суу базары. Декабрь, 2023-жыл
Кара-Суу базары. Декабрь, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу ири Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн билдирди. Ал 27-январда Ошко барганда базар турган жерге соода борборлору куруларын айтты.

Мунун алдында Мамлекеттик мүлк фонду базарды толук алуу үчүн тиешелүү токтомдорду, сатуу-алуу келишимдерди жокко чыгаруу үчүн сотко берип, алардын пайдасына чечим чыккан. Мындан улам бир катар базаркомдор, соода жайларынын ээлери муну "рейдерлик басып алуу" катары айыптаган.

"Кара-Сууда ири соода жайлары курулат"

Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарына барганда бул жерде ири соода жайлары куруларын, буга кеминде эки жылдай убакыт талап кылынарын билдирди. Гектарлаган жерге ээлик кылгандардын тилкеси мамлекетке алынарын, ал эми чакан соода жайларда отургандарга ошол борборлордон орун берилерин убада кылды.

"Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. Бир гектардан беш гектарга чейин ээлеп алган, кыйын болгон байлар бар. Бардыгын мыйзам чегинде тартипке салабыз. Ал жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. Эки-үч сотыхтан кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди менчик катары бөлүп беребиз. Тамак-аш, ажааткананасынан бери сонун кылып куруп беребиз. Мунун баарын мамлекет жасайт, мамлекеттин колунан келет, мамлекет бутуна туруп калды азыр. Эч кандай байлар, криминалдар, акчасы көптөр коркута албайт. Эч кимди эч ким сатып ала албайт азыр. Мурдагыдай сатылып кете турган адам жок, сатыла турган аким, каттоо кызматы болбойт. Сатылып көрүшсүн, билесиңер, кандай кылып коерумду. Ушу соода борборлорду куруп бүткүчө убакыт керек. Жаз келгенде иштерди активдүү баштайбыз. Биринчи борбор күзүндө бүтөт. Кара-Суу базарын толук оңдоп-түзөп, курганга бизге эки жыл убакыт керек болот", - деген Ташиев.

Кара-Суу базары 1984-жылы түптөлүп, ошол кездеги Киров колхозунан атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемен болгондон кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 90-жылдардын башында өкмөт аны өзүнө кайтарып алган. Соттошуулар ошондон тартып башталып, араздашуу ырбаган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин "Кыргыз соода биримдигине" саткан. Мүлк фонду базарга Керек-жарак коомунун ээлик кылууга укугу жок болгонун жүйө келтирип келген.

Кара-Суу базары
Кара-Суу базары


Ушул тушта бул базардын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу бөлүгү Туратали базары деп аталат. Азыркы учурда анын аянты беш гектар жерден ашат. Калган бөлүгү жеке колдо турат. Анын ичинен 1,8 гектарга жакын жерине "Кыргыз соода биримдиги" ээлик кылат. Бул биримдиктин өкүлдөрү колундагы документтерге ылайык базардын жеринин басымдуу бөлүгү аларга таандык экенин айтып, бир канча жылдан бери сотко, көзөмөлдөөчү органдарга кайрылып келген.

"Менчигимди мамлекет зордоп алып коебу?"

"Кыргыз соода биримдигинин" жетекчиси Анарбай Эргешов Ташиевдин билдирүүсү базардагы айрым жер ээлерин нес кылганын билдирди.

"Эгер мыйзамсыз болсо ала берсин, бирок биздики баары мыйзамдуу да. Мен башкасын айтпайм, ал жер трансформация болгон. Менде күнөө эмне? Мен башкаларга окшоп жер сатпасам, контейнерлери коюп ызылдатпасам. Менде жердин ижара акысы миң сомдон 2,8 миң сомго чейин. Башка эч нерсе жок. Менин менчик укугумду мамлекет зордоп эле алып коебу? Бул рейдерлик дагы эмес, басмачылык болуп атат. Кызмат абалынан эле пайдаланып, мындайча айтканда тартып алып жатышат. Мени бүгүн дагы УКМКга чакырышкан, бүгүн дагы ал жакка барам. Менчик ээси экенимди тастыктаган мамлекеттик актыны дагы алып алышкан, эмненин негизинде алганын дагы түшүндүрбөй жатышат".

"Кара-Суу" базарында Гүлмайрам Арзибаеванын 25 сотых жери бар, анда 100дөн ашык контейнер турат. Ал соттун чечимдери толук чыга электе эле базар өкмөткө өтөт деген билдирүүлөр тараганына нааразы болду.

"Базар толугу менен мамлекетке өтөт деп кесе айтып жатат. Бул деген туура эмес. Керек болсо кадастрды антип коем, минтип коем, мени билесиңер деп жатат. Жок дегенде мыйзам чегинде деп айтышы керек да. Азыр сот жүрүп жатат. Жогорку сотко кассациялык арыз эми берилип жатат. Үч айлык мөөнөт бар да. 27-февралга чейин убакыт бар. Биздин сатуу-алуу келишимдерди сотко коюша элек".


Кара-Суу базарындагы соңку соттошуулар былтыр башталган. Мүлк фонду райондук акимчиликтин жана Сарай айыл өкмөтүнүн жерге байланыштуу 1997-жылдан берки бир катар токтомдорун жокко чыгаруу үчүн арыз менен кайрылган. Аны Кара-Суу райондук жана Ош облустук административдик соттору канааттандырган. Мунун негизинде аталган фонд базардан жер сатып алгандардын келишимдерин жокко чыгаруу үчүн райондук сотко экинчи арыз жазган. Аталган фонддун юристи Бактыбек Адылов эки инстанцияда алардын пайдасына чечим чыгып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Кара-Суу райондук сотунун чечимдери чыкты. Кээ бир иштер боюнча облустук соттун дагы чечимдери чыга баштады. Бул ошол базардагы 6,78 гектар жерге байланыштуу чечимдер".

Буга чейин базарда бир канча метр чарчы жери бар жарандардын дагы сатуу-алуу келишимдерин жокко чыгаруу арызы сотто каралары айтылган. Майрам аттуу соодегердин базарда 96 чарчы метр соода түйүнү бар. Ага окшогон ондогон адам Ташиевдин соода борборлорунун жер берилет деген убадасынан кийинки иш-аракеттерди күтүп жатат.

"Азырынча эч нерсе боло элек. Ошол эле соода жайларыбызда соода кылып, Ташиев өзү айтты деп ишенип турабыз, мындан башка айлабыз деле жок да. Куру эч нерсе жок калгандан көрө деп эле турабыз. Биздин насыяларыбыз бар, аларды төлөшүбүз керек. Балким ошол соода борборлору курулуп бүткүчө ордубузда эле соода кылып турарбыз".

"Жээнбеков" базарынын ээси эмнеге кармалды?

УКМК өткөн аптанын аягында Кара-Суу базарындагы "Жээнбеков" деп аталган базардын директору Кенжекан Жээнбекова кармалганын билдирген. Атайын кызматы аны "ижарачылардан жыл сайын ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз жыйнап турган" деп айыптаган. Анын үйүн тинткенде чоң суммадагы акча, зер буюмдар, алтын куймалары табылганын сүрөттөрү менен жарыялаган.

Камчыбек Ташиев Кара-Сууга барганда Жээнбекованын камалышы тууралуу дагы пикирин айтты.

"Жээнбекова Кенжекан Шерматовна деген ушул жерде бир базарды кармап турат экен. Ошол киши жер салыгын, башка чыгымдарды төлөгөндөн кийин контейнерлерде иштеген адамдарды коркутуп, "келишимдин мөөнөтүн узартпай коем, контейнериңди алып салам" деп, айына миң доллардан беш-алты миң долларга чейин өзүнүн чөнтөгүнө алып турат экен. Ал акчадан бир сом салык төлөбөйт мамлекетке. Жалаң өзүнүн чөнтөгүнө салат. Туура, ал мамлекеттик чөнтөгүнө кол салган жок, ал силердин чөнтөгүңөргө кол салып жатат. Биз анын ишин иликтеп жатабыз. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жооп берет. Эч кандай "крышалары" жардам бербейт".

Кармалган Кенжекан Жээнбекованын туугандары болсо бул дооматтарды четке кагып жатат. Анын бир тууган эжеси Бааркан Эшматова сиңдиси жаштайынан соодада жүргөнүн, жерди сатып алганына 30 жыл болгонун айтып берди. Ал сиңдисинин бирөөнүн акысын жеген деген сөздөр негизсиз экенин билдирди.

"Биз үй-бүлөдө үч кызбыз, үчөөбүз тең соодада жүргөнбүз. Ал сиңдим 6-класс кезинен эле соодага кирген. Биз болсо андан ары кызыкпай калып кеттик. Сиңдим андан ары улантып, чет өлкөлөргө каттап, аэрпорттордо күндөп-түндөп жатып калып, кыйналып тапкан байлыгы. Көчөдөн эле ага ким берип коймок эле. Болгону ал элге окшоп чачып жибербей, топтоп жүргөн. Бирөөнүн акысын алган эмес, өз бешене тери менен тапкан. Азыр эми "барды көрө албайт, жокко бере албайт" деген заман болду. Ал коррупционер болуп бирөөнү алдап, бирөөнүн бир нерсесин басып алган эмес. Кара жумушу менен гана ушул даражага жетти".

"Азаттык" өткөн айда чыр-чатак, талаш-тартыштан арылбай келген Кара-Суу базарына байланыштуу иликтөө жарыялаган. Убагында бул базардын эки жетекчиси киши колдуу болгон. Талаш-тартыштарда таасирүү адамдардын аты аталып, уюшкан кылмыш топтор аралашкан окуялар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG