Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

"Карасуу" базары кайрадан талашта


"Карасуу" базары
"Карасуу" базары

Талдоочулардын баамында, 2005-жылы бийлик алмашкандан бери өлкөдөгү кирешелүү мүлктү бөлүштүрүүнүн аягы тыйылчудай эмес.

Кезинде маркум депутат Баяман Эркинбаевге таандык "Кыргыз соода биримдигинин" "Карасуу" базарындагы менчик укугу бузулган учурлар боюнча Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти териштире баштады.

"Кыргыз соода биримдиги" Ош облустук керек-жарак коомунан "Карасуу" базарын сатып алган келишимди жокко чыгарган сот чечими бурмаланган фактылардын негизинде кабыл алынганын жана "мамлекетке өткөрүлдү" деген базардын жер тилкелери кийин жеке менчикке мыйзамсыз сатылганын жүйө келтирүүдө.

Базарга ээлик кылган "Карасуу Эл базары" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги коюлган дооматтарды четке кагып, базарды кайра жеке менчикке алуу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Жаңы жагдайлар

2005-жылдан берки мүлк талаштын айынан бир канча адамдын өмүрүн жалмаган "Карасуу" базарына ээлик кылуу укугун чечүү маселесине 18 жылдан бери чекит коюлбай келет.

"Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коому Жогорку соттун 2008-жылы 27-февралда "Карасуу" базарын "Карасуу Эл базарына" өткөрүү боюнча токтомун жаңыдан ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароого арыз берген.

Карасуу базары
Карасуу базары

Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2018-жылдын 10-апрелинде арызды карап, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайрадан кароо боюнча соттук аныктама чыгарган. Анын негизинде Жогорку сот "Кыргыз соода биримдигинин" "Карасуу" базарына ээлик кылуу укугун калыбына келтирүү боюнча ишти быйыл 6-июнда кароого киришти.

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...

Ажатканадагы өлүм, создуккан сот...

Кара-Суудагы ажаткана кырсыгында жакындары каза болгондор сотторго нааразы. Алардын айтуусунда, соттук териштирүүлөр узакка созулуп кетти.

"Кыргыз соода биримдигинин" өкүлү Анарбай Эргешов жаңы жагдайлардын бири катары 2006-жылкы алды-сатты келишимин жокко чыгарган сот чечими доогердин жасалма фактысынын негизинде бузулганы иликтөөдө аныкталганын мисал келтирди:

- Жолборс Осмонов 2006-жылдагы сотко жазган арызында аны 2004-жылы Ош облустук керек-жарак коому ага сатканын жазган. Анан сот "ал бирөөнүн мүлкү менен кошо сатылган" деген негизде алды-сатты келишимин жокко чыгарган. Биз кийин ал чечимге каршы кайра даттанганда Жолборс Осмонов кийинки соттогу түшүнүк катында "бул жер ага акысыз берилген" деп жазган. Анан сот буга да макул болуп, "ага бекер берилиптир" деп чечим чыгарып жатат. Анан биз бул боюнча Финансы полициясына кайрылганбыз. Анан ал ишти иликтеп чыгып, 2004-жылдагы мына ошол 183-токтом жасалма экенин таап чыккан. Анткени ал арызынын биринде базардагы жерди "сатып алдым" десе, экинчисинде болсо "бекер алгам" деп жазып жатат. Сот болсо анын ошентип эки ача берген көрсөтмөсүнө эмнегедир баа берген эмес. Бул жерде фактыларды бурмалоо болгон.

"Кыргыз соода биримдигинин" "Карасуу" базарындагы 8 гектар соода аянтына болгон менчик укугу 2005-жылы "анда жеке ишкер, доогер Жолборс Осмоновдун жана мамлекеттин үлүшү эске алынбай туруп сатылган" деген жүйө менен жокко чыгарылган. Жолборс Осмонов "Ош облустук керек-жарак коому тарабынан базардагы ага караштуу 1,8 гектар жер аянты мыйзамсыз сатылып кеткен" деп арыз берген. Анын арызынын негизинде соттук териштирүү жүрүп, 2006-жылы "Карасуу" базары мамлекеттин карамагына өттү" деп жарыяланган.

Анда Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигинин өкүлү катары актыда көрсөтүлгөн Жолборс Осмоновго базардын мүлкүн өткөрүү боюнча документке эмнегедир Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү кол коюудан баш тарткан. "Кыргыз соода биримдиги" бул боюнча сотко арызданып, 2007-жылы сот анын пайдасына чечим чыгарган.

Орто жолдон чыккан доогер

Бирок Анарбай Эргешов 2008-жылы Жогорку сот буга чейин сотто тарап катары чыкпаган адамдын арызын канааттандырып, базарга болгон менчикти аныктоодо укуктук жактан түшүнүксүз чечим чыгарылган жагдайга токтолду:

- Соттон иш 2007-жылы биздин пайдабызга чечилгенден кийин кайра "Керемет талаасы" болду. Анткени эми буга чейин биз менен соттошуп жүргөн Жолборс Осмонов калып эле, анын ордуна сотто эч кандай тарап болбогон Манасбек Үсөнов деген адам Осмоновдун мурдагы арызынын негизинде Жогорку сотко кайрылган. Ал "Карасуу Эл базарын" түзө калып, анан 2005-2006-жылдардагы Жолборс Осмоновдун пайдасына чыккан сот чечимдерин күчүндө калтырып берүүнү өтүнгөн. Ал буга чейинки соттук инстанцияларга катышкан эмес. Анан эле базарды ошол кездеги бийликтин кийлигишүүсү менен "Карасуу Эл базары" кылып өткөрүп алган. Макул. Ал эл базары болсун. Бирок Манасбек Үсөнов 13 жылдан бери ошол "мамлекеттики болду" деген базарды өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп келгенин кандайча түшүнсөк болот? Анткени Коопсуздук кеңеши түзгөн комиссиянын тыянагында ырасталгандай, базардын аймагындагы жер тилкелери чекесинен сатылып кеткен.

Иллюстрация
Иллюстрация

Бирок мындай дооматтарга "Карасуу Эл базары" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Манасбек Үсөнов макул эмес. Анын айтымында, ал өзү 2008-жылы "Карасуу" базарын мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча Жолборс Осмоновдун мурдагы арызында келтирилген фактылардан сырткары кошумча жаңы жагдайларды ичине камтыган арыздын негизинде сотко кайрылган экен.

Мамлекеттик актысы жок мамлекеттик базар

"Карасуу" базарына болгон "Кыргыз соода биримдигинин" менчик укугу ушул күнгө чейин юридикалык жактан Мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде турат. "Карасуу Эл базары" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Манасбек Үсөнов "Карасуу" базарына мамлекеттик акты бериле элек экенин ырастап, анын себебин көп жылдардан бери ортодогу талашка чекит коюлбай келе жатканы менен байланыштырды:

- Бул маселе чечилип бүткөн эле. Анан биздин пайдага чыккан соттун токтомун алар буздуруп жатпайбы. Алар базарды кайра жеке менчикке алууну көздөп, биз болсо "мамлекетке калтыралы" деп жатабыз. Биз азыр мамлекеттик ишканабыз. Учурунда юстиция органдарынан каттоодон өткөнбүз. Жер талаш болгону үчүн, ошого жараша сот жараяндары толук бүтө электигине байланыштуу анын бизге таандык экенин ырастаган мамлекеттик актыны колубузга ала элекпиз. Соттун чечими менен 2006-жылы базар мамлекетке өткөн. Анан кайра 2007-жылы болгон сотто базар аларга кайра берилген. 2008-жылы болсо кайра ал сот чечимине даттанып, мен аларды соттон утуп чыккам. Анан алардын жаңы ачылган жагдай боюнча деген арызын Жогорку сот карабай, баш тартып койгон эле. Эми болсо ошол "жаңы жагдайлар" деген негизде кайрадан ишти каратып жатышат. Мамлекеттик мүлк фондуна карайбыз. Салык, социалдык төлөмдөр өз учурунда төлөнүп келе жатат. Пайданын элүү пайызы кетип жатат.

Манасбек Үсөновдун айтымында, "Кыргыз соода биримдиги" "Карасуу" базарын Ош облустук керек-жарак коомунан сатып алган келишим 2008-жылы болгон соттук териштирүүдө жокко чыгарылган. Үсөновдун сөзүнө караганда, ага 80-жылдардын орто ченинде базарды колхоз базары катары анын атасы түптөгөнү негиз болгон. Ошондуктан базарды мамлекеттин карамагына алууга себеп болгонун айткан Манасбек Үсөнов анын колунда базардын менчик укугун аныктоого негиз берген тиешелүү документтер да бар экенин айтты:

- Бул базар кантип салынган? Булар ушул базар 2000-жылы эле асмандан түшкөндөй сүйлөп жатышат. Буга учурунда Министрлер кеңешинен акча бөлүнгөн. Муну башында облустук керек-жарак коомуна берген эмес. Атайын токтомдо "кайракы жерди өздөштүрүүнүн эсебинен колхоздук базар уюштурулат" деп көрсөтүлгөн. Ошонун негизинде Министрлер кеңеши кезинде 12 гектар жерди бекитип берген. Бул боюнча бардык документтер менин колумда бар. Мен ошол документтердин негизинде 2008-жылы соттон утуп чыккам.

Бирок Ош облустук керек-жарак жана кооперативдер коомунун башкармалыгынын төрагасы Бектемир Ражапов базардын керек-жарак коомуна таандык болгонун ырастаган таржымалына токтолуп, тиешелүү документтерди көрсөттү:

- "Карасуу" базары турган жер аянты 1987-жылы эле Ош облустук керек-жарак жана кооперативдер коомуна өткөрүлүп берилген. Ошол күндөн тартып биз базар турган жер аянтында 1987-жылдан 1992-жылга чейин 3 миллион сомдон ашуун курулуш иштерин жүргүзгөнбүз. Буга далил катары тиешелүү архивдик документтер да бар. Ошондуктан бул базар башында керек-жарак коомунун менчиги катары таанылган. Анан 1996-жылы да базарга ээлик кылуу укугу боюнча маселе чыкканда кыргыз өкмөтү атайын комиссия жөнөтүп, анын негизинде ал биздин менчик катары бышыктаган тыянак чыгарып берген. 2000-жылы Ош облустук керек-жарак коомунун башкармалыгынын жыйынында базарды "Кыргыз соода биримдигине" сатуу тууралуу чечим кабыл алынган.

"Карасуу" базарынын таржымалы

Ош облустук керек-жарак жана кооперативдер коомунун башкармалыгынын төрагасы Бектемир Ражапов аталган базарга ээлик кылууга байланыштуу соттук маселелерде 2008-жылы Манасбек Үсөнов орто жолдон чыга калганын айтып, ал мамлекеттик ишкана түзө калып, анын аркасы менен соттон утуп алганын айтты.

Бектемир Ражапов мыйзам боюнча келишим бузулган шартта сот базарды баштапкы ээсине кайтарбастан, тескерисинче кайра аны үчүнчү тарапты доогер катары таанып, ага ыйгарып жибергенин билдирди:

- 2005-жылы 24-мартта ыңкылап болуп, ошонун негизинде бийликке келген Курманбек Бакиевдин жакындары ар кандай күчтөрдү пайдалануу менен күзүндө базарды "Кыргыз соода биримдигинен" тартып алышкан. Анан алар Жолборс Осмонов деген адамды таап, ал аркылуу "Кыргыз соода биримдиги" менен Ош облустук керек-жарак коомунун ортосундагы алды-сатты келишимин жокко чыгартуу боюнча соттук териштирүүлөрдү башташкан. 2007-жылы базардын 1,8 гектар аянтын Жолборс Осмоновго кайтарып берип, калганын "Кыргыз соода биримдигинин" менчиги катары тааныган сот чечими чыккан. Бирок анан 2008-жылы эле орто жолдон Манасбек Үсөнов деген чыга калып, ал ага чейин мамлекеттик "Карасуу Эл базары" деген мекеме ачтыра коюп, базарды сот аркылуу ага өткөзүп ала койгон. Бирок бул жерде Ош облустук керек-жарак коому Манасбек Үсөнов же анын жаңыдан түзгөн мекемеси менен биздин эч кандай аласа-бересебиз болгон эмес. Аны менен биз мурда-кийин базарга байланыштуу алды-сатты тууралуу келишим да түзгөн эмеспиз. Ошого карабастан 2008-жылы ошол кездеги бийлик сотто күч менен эле ага базарды өткөрүп берип койгон. Эгерде алды-сатты келишими жокко чыккан шартта мүлк баштапкы ээси катары Ош облустук керек-жарак коомуна кайтарылышы керек болчу. Бирок андай болгон жок. Бул жерде мыйзам одоно бузулган.

Ош облустук керек-жарак коомунун мурдагы төрагасы, экс-депутат Мамат Орозбаев 2005-жылы "Карасуу" базары баскынчылык менен алынганын айтып берди. Анын айтымында, базардын сатылышы боюнча келишим 2001-жылы эле Кара-Суу райондук сотунда каралып, ага чекит коюлган. Бирок ал 2005-жылы ошол сот чечими жокко чыгарылбастан эле "базарды мамлекеттин карамагына алуу" деген негизде кайра үчүнчү тарапка өткөзүп берген сот чечимдери чыкканын билдирди:

- 2001-жылы бизде иштеген бир адам "Ош облустук керек-жарак коомунун жамаатына айтылбастан базар сатылып кетти" деп сотко арыз берген болчу. Ошондо Кара-Суу райондук соту биз менен "Кыргыз соода биримдигинин" ортосундагы келишимди иликтеп чыгып, анан анын негизинде "ал мыйзамдуу болгон" деген чечим чыккан. Бирок 2005-жылы базарды басып алышып, андан ары соттук териштирүү жүргөндө деле Кара-Суу райондук сотунун ошол чечимин эч ким жокко чыгарган жок. Азыркы күнгө чейин ошол соттун чечими күчүндө турат. Ал кезде бийликтин колдоосу менен криминалдык уюшкан топтун басымы менен эле сот базарды "Кыргыз соода биримдигинин" менчигинен ажыраткан.

Сатылып кеткен жер аянттары

Мындан сырткары Сарай айылындагы "Карасуу Эл базары" ээлик кылган базар аймагындагы жер тилкелери жеке менчик колго сатылып кеткени тууралуу гезиттердеги аукциондор жөнүндө жарыялар чыккан. "Кыргыз соода биримдиги" алардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылган. Мамлекеттик каттоо кызматы да ошондой фактылар аныкталганы тууралуу тыянак чыгарган. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин чечими менен мекеме аралык комиссия түзүлүп, ал атайын корутунду чыгарган.

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштарына таандык делген, камакта турган мүлктөрдүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

"Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги коомунун өкүлү Анарбай Эргешов бул тууралуу мындай дейт:

- "Базардын аймагындагы ошол жер тилкелерин сатууга Манасбек Үсөновдун акысы бар беле?" деген суроону Мамлекеттик мүлк фондунун астына койдум. Ал жактан ушуга чейин тиешелүү жооп келе элек. Анткени Сарай айыл аймагы, райондук мамлекеттик каттоо органы менен чогуу эле бул ишти бүтүрүп коюшканы ачыкка чыкты. Буга чейин менин жазган катымдын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы базардын аймагындагы жер тилкелерине 43 мамлекеттик акты чыгарылып, жеке менчикке сатылып кеткенин ырастап, мага жооп кайтарды. Муну Коопсуздук Кеңеши түзгөн комиссия да иликтеп чыгып, материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырып берди.

Бирок "Карасуу Эл базарынын" жетекчиси Манасбек Үсөнов муну курулай доомат катары кабыл алды. "Мамлекеттик базардын аймагындагы жер тилкелери сатылган эмес" деп ишендирген Манасбек Үсөнов бул маалыматтарды соттун астында атайын уюштурулган деп эсептейт. Бирок ал Мамлекеттик каттоо кызматынын жана мекеме аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы тууралуу жооп кайтара албады. Манасбек Үсөнов мында аукцион аркылуу сатылган жер тилкелери боюнча фактылар бурмаланган деген ойдо:

- Бизди "жер тилкелерин сатып жиберди" деп негизсиз эле каралап жатышат. Базардын мүлкүн, жерин биз сата албайбыз. Аны мыйзам боюнча Мамлекеттик мүлк фонду сунуш киргизип, өкмөткө берет. Анан өкмөт аны сатуу маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет. Жогорку Кеңеш аны менчиктештирүү программасына киргизгенден кийин аны сатууга уруксат берилет. Ал эми аталган аукцион аркылуу сатылган жер тилкелери Сарай айыл аймагына караштуу болчу. Ал айыл аймагы өз алдынча аукцион кылып сатып жатат. Ал жер сатуу боюнча аукциондун жарыясында Сарай айыл аймагынын дареги көрсөтүлүп турат. Биздин ага эч кандай тиешебиз жок. Бул жерде маалымат атайын бурмаланып жатат.

Кызык жери, Кара-Суу райондук акимчилиги "Карасуу Эл базарынын" аймагындагы "Сарай айыл өкмөтүнө караштуу" деген жарыя менен атайын аукциондор аркылуу сатылган жер тилкелери тууралуу кабарсыз экен.

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Абдраев кайсы жер тилкелери сатылганын тиешелүү укук коргоо органдары аныктап, териштире турганын айтты:

- Ал жердеги жеке менчик базарлардын жер тилкелерине мамлекеттик актылар чыгып, аларды айыл аймактарынын мурдагы башчылары жеке менчикке каттап берген. Алардын арасынан 7 гектардан ашуун жер аянты мамлекеттик базардын карамагында турат. Ал базардын жер аянттары Сарай айыл аймагында жайгашкан. Анан жанагы жер тилкелери боюнча аукциондорду 2017-жылы айыл аймактары өткөзгөн. Эгерде ал аукциондорду өткөрүү мыйзамсыз болгон болсо, ага карата прокуратура органдары чара көрөт болушу керек. Биз айыл аймагынын мындай иштерине кийлигише албайбыз. Кандайдыр арыз түшкөн учурда гана барып, текшерип чыгышыбыз мүмкүн.

Ош облусундагы "Карасуу" базары Борбор-Азиядагы эң ири соода жайларынын бири болуп саналат. Анын аймагында мамлекеттин карамагына өткөнү кабарланган "Карасуу Эл базарынан" башка дагы бир катар менчик базарлардын аянттары учурунда Сарай жана Савай айыл аймактары бөлүп берген жер тилкелеринин эсебинен кеңейтилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG