Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Кара-Суу базарын тосуу элди нааразы кылды


Кара-Суу. Тосмого нааразы болгон соодагерлер.
Кара-Суу. Тосмого нааразы болгон соодагерлер.

Борбор Азиядагы ири соода борбору атыккан Кара-Суу базарынын соодагерлеринин талаптарын базар карамагына кирген Сарай айыл өкмөтү жарым-жартылай канааттандырды.

Сарай айылдык кеңеши өз чечими менен жер алдындагы өтмөк ишке киргенден баштап базардын башкы дарбазасы баштаган ондон ашык өтмөктү жапкан болчу. Буга нааразы болгон соодагерлер жер алдындагы өтмөктүн ыңгайсыздыгын сындап, өтмөктөрдү кайра ачууну талап кылышкан.

Кара-Суу базарын иретке келтирүү 2012-жылы башталган. Анын ичинде базарга жер алдынан баруучу өтмөк салынып ишке кирген. Ушуга байланыштуу 2019-жылдын башында базардын айланасы тосулуп, базарга кирүүчү башкы дарбаза баш болгон өтмөк жолдор жабылган болчу. Муну ыңгайсыз деп эсептеген соодагерлер бүгүн Сарай айыл өкмөтүнө, жергиликтүү кеңешке нааразылыгын айтып чыгышты.

Кара-Суу базары. Тосмо.
Кара-Суу базары. Тосмо.

Алардын бири Барикан Максудова жергиликтүү бийликти «соода жайын тосуп түрмөгө айландырып жатат» деп сындады:

- Суукта базарда отурабыз. Тосулгандан кийин ажатканага да бара албай калдык. Кыйла жерди басып жер астынан өтмөк менен өтүшүбүз керек. Банкка барсак да ошол жак менен айланып өтөбүз. Бул эмне, түрмөбү? Бул жерде эл өкмөттөн эч нерсе сурабай өзүн-өзү багып жатса, шарт түзүп бергендин ордуна тосмолоп койгону эмне деген жакшылыгы?

Кара-Суу базарында он жылдан ашуун иштеген соодагер Канымбүбү Уматалиева да жергиликтүү бийликке нааразы экенин жашырган жок:

Тосмо тосуп биздин жолубузду жаппасын.


- Биздин базарга ар дайым кирчү жолубуз жабылды да, эми биз жол издеп жүрөбүз. Сатуучусу да, алуучусу да жол издеп жүрөт. Жергиликтүү элге жаңылык болуп жер алдынан өтмөк курулду, ал үчүн рахмат айтабыз. Ал эл үчүн иштей берсин. Бирок бул тосмолорду ачып коюшсун. Ошондо эл кыйналбай каттай берет. Мен ушундай сунуш менен жетекчилерге кайрылдым. Бирок жооп берише элек. Айтарым, тосмо тосуп биздин жолубузду жаппасын.

Кара-Суу базарынын негизги дарбазасынын бет маңдайына курулган жер астындагы өтмөк кары-картаңдар, майыптар үчүн ыңгайсыз экенин айткандар да бар. Алардын бири - Таширов айылынын тургуну Махарамхан Жалалова.

- Жер астынан өтмөк мага окшогондорго ыңгайсыз экен, - дейт ал. - Түшөрүн түшүп, кайра чыга албай демигип калдым. Бул жерден өтүп эми базарга кириш үчүн дагы кыйла басабыз. Ошон үчүн жолду ачып койсо жакшы болот эле. Маршруткага да чыкканга оңой болмок.

Кара-Суу. Жаңы курулган жер астынан өтмөк.
Кара-Суу. Жаңы курулган жер астынан өтмөк.

2012-жылы Кара-Суу базарынын аймагындагы коомдук ажаткана кулап, кырсыкта төрт киши каза таап, 15 адам жабыркаган. Кырсыктан улам координациялык кеңеш түзүлүп, базарды иреттөө жумушу башталган.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Турганбаев 2014-жылдан тартып бейжай орнотурган контейнерлерди сүрдүрүп, көчөлөрдү кеңейтүү иштери жасалганын билдирди. Ошондой эле айыл өкмөттүн казнасынан 28,8 млн. сом бөлүнүп, эл көп каттаган аймакка жер астындагы өтмөк курулуп жакында пайдаланууга берилген.

Замир Турганбаев элдин коопсуздугун эске алып, жөө жүрүүчүлөрдүн агымын өтмөккө буруш үчүн базарга кирчү жолдорду тосмологонун билдирди:

Замир Турганбаев.
Замир Турганбаев.

- Базарды иретке келтирбей турган болсок XVI кылымдагы Кокон хандыгындагы базарларга окшоп баратат. Максатыбыз - базарды иретке келтирүү. Сооданы кысуу эмес. Бул жакта базарды айланган көчө бар, аны эки тараптуу жүрө тургандай кылып жасап жатабыз. 2014-жылдан бери көп иштерди бүтүрдүк. Акырындап иреттелип баратат. Жер астындагы өтмөк элдин нааразылыгын күчөтүп жаткан болсо, аны жаап салууга биз даярбыз.

Ошентип, соодагерлер менен жолугушуудан кийин Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Турганбаев тосмолонгон ондон ашык өтмөк жолдун ичинен башкы дарбаза баштаган эл көп каттаган үч аймактагы тосмону кайра ачууга уруксат берди.

Кара-Суу базарынын жалпы аянты 19 гектар. Жалпысынан 7 миңден ашуун контейнер, 400дөй соода түйүнү бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG