Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Израилдеги кырдаал кремлчил үгүтчүлөрдү кубантты


Кремлди жактаган серепчилер жана үгүтчүлөр согушка каршы чыгып, Израилге кетип калган орустарга заарын чачышууда
Кремлди жактаган серепчилер жана үгүтчүлөр согушка каршы чыгып, Израилге кетип калган орустарга заарын чачышууда

Көптөгөн кремлчил үгүтчүлөр ХАМАСтын Израилге күтүүсүз кол салып, жайкын тургундарды набыт кылган канабайрамын шаӊдана майрамдоодо. Алар Украинадагы согушка каршы чыгып, Израилге качкан орустарга сооп болду деп эсептешет.

7-октябрда кремлчил шовинист теле алып баруучу Владимир Соловьевдин каналындагы "День Z" программасынын алып баруучусу Марат Булатов өз программасынын башталышында авторитардык президент Владимир Путинди 71 жашы менен куттуктады.

"Биз өлкөбүздүн президентин колдоого милдеттүүбүз, антпесек азыр биз Израилде көрүп жаткан окуя бул жакта да болушу ыктымал", – деди Булатов "Соловьёв Live" программасынын обосунда.

Андан кийин ал көрүүчүлөрдүн билдирүүлөрүн, анын ичинен питердик күйөрманынын билдирүүсүн окуй баштады. Ал өткөн жылы Украинанын чогоол операциясы Орусияны Украинадан тартып алынган Крым менен байланыштырган көпүрөдө чоң жарылууга алып келгенин, ошентип, Путиндин 70 жылдыгын майрамдоону үзгүлтүккө учуратканын эскерди.

"Быйыл, – деп жазган ал көрүүчү, – жалаң жакшы кабарлар".

"Ооба, мен сизге толук кошулам", – деп жооп берди Булатов.

Булатов – ХАМАСтын Израилге кол салуусун жана согушчандардын жайкын тургундарга кылган зөөкүрлүгүн кубаттап чуу салган кремлчил орус серепчилердин бири гана. Алар үчүн Жакынкы Чыгыштагы кризис Батышты, өзгөчө АКШны сындап, 2022-жылдын февралында Москва Украинага кеңири масштабда басып киргенден кийин Израилге качкан жана азыр ракеталык аткылоо астында калган согушка каршы орустарды каралоого шылтоо болуп калды.

Чет өлкөдө жашаган орусиялык искусство таануучу жана согушка каршы серепчи Марат Гельман Кремлдин жактоочуларынын күтүүсүз реакциясы Орусиянын Украинага каршы согушу менен ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун ортосундагы бир нече маанилүү окшоштуктарга байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

Бул окшош учурларга: “бирөөнүн аймагына күтүүсүз кол салуу”, “жайкын тургундарга каршы согуш (жана жөнөкөй жарандарды барымтага алуу)” жана “мамлекетти (биринде – Украинаны, беркисинде – Израилди) толугу менен жок кылуу ниети кирет," – деп жазды ал Фейсбукта.

"БИЗ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ"

8-октябрда "Изолента Live" онлайн программасында мамлекеттик ЖМКлардын башчысы жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоняндын күйөөсү, кремлчил үгүтчү Тигран Кеосаян Израилдеги кризистин пайдасы жөнүндө түз эле айтты.

"Азыр АКШнын кызыкчылыктарына каршы сокку болуп жаткан дүйнөдөгү бардык чыр-чатактар биз үчүн пайдалуу", – деп жазды ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да ушундай эле баа берди. Ал 9-октябрда "кайгы-азаптын жаңы булагы дүйнө биримдигин бошоӊдотуп, бөлүнүп-жарылууга алып келиши үчүн Жакынкы Чыгышта согушту тутандырууга Орусия кызыкдар" деп билдирди.

"СОГУШКА КӨНГҮЛӨ"

Согушка каршы орусиялык блогер Иван Яковина 7-октябрда Фейсбуктагы баракчасында "Израилге кол салууга байланыштуу фашисттик Z-каналдардагы болуп көрбөгөндөй толкундануу жана кубанычты" сыпаттап жазды.

"Алар ачык эле табалап, ХАМАСты толук колдоп, жада калса "Биз деле ушундай кылсак болбойбу?" деп арабдарга суктанып жатышат", – деп кошумчалады ал.

Орус мамлекети жана Украинага кол салуунун ашынган жактоочулары Z тамгасын согуштун жана Украинага каршы маанайдын символуна айлантышты.

Прагадагы Карл университетинин социология профессору Дмитрий Дубровский "Настоящее Времяга" курган маегинде Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышуунун орус мамлекети үчүн пропагандалык маанисине баа берип жатып: “Кеосян туура айтат” деп ырастады.

"Жалпысынан, орус үгүтчүлөрү "согуш кадыресе көрүнүшкө айланып баратат, ал азыр кадимки эле нерсе болуп калды" деп айта баштады, – деп кошумчалады Дубровский. – Менин оюмча, мунун кыйыткан башкы мааниси – "согушка көнгүлө!" дешкени”.

Мындай маанидеги билдирүүнү президент Путин да Украинага кеңири масштабдуу басып кирүүгө буйрук бергенден бери улам-улам кайталап келет. Ал согушту чагымчыл агрессия эмес, эч кандай далилсиз эле, Батыштын "Орусияны алсыратуу" же аны "туш тарапка бөлүп-жаруу" аракетине каршы багытталган “аргасыз кадам” деп баалайт.

Дубровский "кремлчил серепчилер бул тууралуу ушунчалык бети жоктук менен кеп кылышууда, анткени алар пикирлештеринин жана өкмөттөрдүн чектелген аудиториясында гана сүйлөшөт", - деди "Настоящее Времяга".

"Эч кимден уялбай калышты, – деп эсептейт ал. – Менимче, Орусия кимдир бирөөдөн уяла турган учур өтүп кетти окшойт. Ал эми көбү саясий маргиналдар же Иран жана Түндүк Корея сыяктуу агрессивдүү ниеттеги ашынган авторитардык мамлекеттердин жана тилектештердин өзгөчө чөйрөсү менен гана карым-катнаш түзүүдө".

УКРАИНАНЫН ДАРЕГИНЕ АЙТЫЛГАН АЙЫПТООЛОР

8-октябрда ашынган улутчул серепчи Дмитрий Стешин өзүнүн Telegram каналында "Украина дүйнөнүн көңүл чордонунан тез эле унутулуп кетти " деп жазып, кийин ХАМАСты "Батыштын аскерий жардамын кымырып алган украиндер куралдандырып жатат" деген негизсиз божомолдорду айткан.

Мындай дооматтар кийинчерээк Би-Би-Си тарткан делген фейк видеодо ачык булактарды колдонуп келген Bellingcat иликтөө тобу Украина ХАМАСка коррупциялык курал-жарактарды өткөрүп бергени документтештиргени айтылат.

Bellingcat компаниясынын негиздөөчүсү Элиот Хиггинс мурда Twitter катары белгилүү болгон X социалдык тармагындагы постунда фейк видео тасманы "орусиялык социалдык медиа колдонуучулары тараткан" деп айыптады.

"Бул орус өкмөтүнүн маалыматты бурмалоо өнөкөтүбү же жергиликтүү калктын аракетиби, азырынча белгисиз, бирок бул 100% калп", – деп жазды ал.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жана кремлчил серепчилер ашкере оңчул республикачы сенатор Жош Хоули жана башкалардын Америка Украинага көрсөтүп жаткан аскерий жардамды Израилге багыттоону талап кылган пикирлерине да өзгөчө көңүл бурушту.

"РЕЛОКАНТТАР"

Кремлди жактаган серепчилер жана үгүтчүлөр Израилге качкан согушка каршы орустарды табалап жаткан кези.

7-октябрда Симонян өзүнүн X-баракчасына минтип жазды: "Өз коңшулары менен согушпаган өлкө кайрадан коңшулары менен согушууда. Биз орусиялык пацифисттердин чыгып кетишин күтүүдөбүз. Чындыгында, күтпөйбүз деле".

Russia Today жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симонян.
Russia Today жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симонян.

Тактап айтканда, мындай серепчилер Израилге кетип калган белгилүү инсандарды, анын ичинен атактуу эстрада жылдызы Алла Пугачева менен анын күйөөсү, куудул Максим Галкинди эске алышат.

Биринчи каналдын эфиринде Симонян Галкинге түз кайрылып, ага жана "өз кошуналары менен согушуп жаткан өлкөдө жашай албайбыз дешкен башкаларга да” салам айтты.

9-октябрда Галкин Instagramда видео жарыялап, анда Израилге көңүл айтып, аны колдой тургандыгын билдирген.

“Биз Израилди тандап алдык жана буга эч өкүнгөн жокпуз, – деген эле ал. – Ал эми бүгүн, Израил үчүн ушул оор жана кайгылуу күндөрдө, биз бул жердебиз жана бир жакка кетүүнү ойлогон да жокпуз. Биз Алла экөөбүз жана балдар менен Израил элине колдоо көрсөткүбүз келет”.

Согушка каршы серепчи Яковина Фейсбуктагы баракчасында кремлчил үгүтчүлөр “жөнөкөй жарандардын мүмкүн болушунча көбүрөөк өлтүрүлүшүн каалашарын, өзгөчө [постсоветтик реформатор жана 1990-жылдардагы вице-премьер-министр Анатолий] Чубайс жана [рок жылдызы Андрей] Макаревич сыяктуу жакында кетип калган белгилүү жөөттөрдүн өлүмүн күтүп жатышканын" жазды.

Социолог Дубровский белгилегендей, эч кандай акылга сыйбаган мындай ачыктан-ачык табалоо, так ошол "жазалап койгусу” келгендикти билдирет.

Макалада "Азаттык" жана «Настоящее Времянын» автору Владимир Михаловдун материалдары пайдаланылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG