Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Газадагы кырдаал: эки тараптан каза болгондор эки миңден ашты


Газа тилкесинде жашагандар талкаланган үйлөрдүн арасынан жарадарларды жана курман болгондорду алып чыгып жатышат.
Газа тилкесинде жашагандар талкаланган үйлөрдүн арасынан жарадарларды жана курман болгондорду алып чыгып жатышат.

Израил менен ХАМАС тобунун ортосундагы урушта набыт болгондордун саны 2000ден ашты. Алардын 1200ү Израилдин, 900дөн көбү Газа тилкесинин тургундары. Эл аралык басылмалардын эсебинде жарадарлардын жалпы саны он миңге жакындап баратат. Жүздөн ашуун адам ХАМАСтын туткунунда калууда.

Карапайым эл тарткан азап

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде 260 миңден ашуун палестиналык – Газа тилкесинин калкынын ондон биринен көбүрөөгү үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин Израил өкмөтү Газа тилкесин толук блокадага алганын, анын ичинде электр энергиясы, тамак-аш жана суу менен камсыздоо токтотулганын жарыялаган.

"Мен атамды, байкемди, агамды, аталаш эки бир тууганымды, кош бойлуу жубайымды жоготтум. Үй-бүлөмдөн ажырадым. Жалгыз мен гана тирүү калдым ", - деди Газанын Ала ал-Кафарне аттуу тургуну Reuters агенттигине.

Соккуда жабыркаган палестиналыктар.
Соккуда жабыркаган палестиналыктар.

Ушул тапта АКШ Газа тилкесиндеги палестиналыктарды жана америкалыктарды Египетке эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын NBC News жазды.

Израилде да жүздөгөн адам жакынын жоготуп кан жутуп отурат. Мор Байдер аттуу кыз телеканалдардын бирине таенеси өлтүрүлгөн учурду Фейсбуктан көргөнүн айтып берди:

"Биз бомбадан баш калкалоочу жайда отурганбыз. Таежем апама телефон чалып, "Фейсбукту кара" деп ыйлады. Мен телефонумдан интернетке кирип коркунучтуу окуяны көрдүм. Таенем өз үйүндө өлтүрүлгөнү тартылган видео жарыяланган экен. Террорчу таенемдин телефонуна ошол учурду видеого тартып, аны таенемдин жеке баракчасына жарыялаптыр".

Жакынын жоготкон израилдиктер.
Жакынын жоготкон израилдиктер.
  • АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Чабуул учурунда ондогон киши барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген. Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, жөөт армиясы Газага сокку ура баштаган.


Израилдин Коргоо күчтөрү өз аймагында гана ХАМАСтын 1500 согушкери өлтүрүлгөн деп ырастап жатат. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Рим папасы Франциск 11-октябрдагы кайрылуусунда Израилде жана Палестинада болуп жаткан апаатка тынчсыздануусун билдирди:

"Кол салууга дуушар болгондордун өзүн коргоого укугу бар, бирок мен Газада блокадада калган палестиналыктардын жагдайына тынчсызданып жатам. Ал жерде да көптөгөн бейкүнөө кишилер курман болду. Терроризм жана экстремизм израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы жаңжалды чечүүнүн жолун табууга жардам бербейт, тескерисинче, жек көрүү, зордук-зомбулук жана өч алууну күчөтүп, бири-биринен жапа чегип келатышат. Жакынкы Чыгышка согуш эмес, адилеттикке, диалогго жана бир туугандыкка ыктаган тынчтык керек".

Армия ката кетиргенби?

Ал арада Израилдин талдоочулары ХАМАС радикал тобунун согушкерлеринин өлкөгө басып киришине шарт түзгөн бир нече себепти атады. New York Times басылмасы бул тууралуу Израил өкмөтүндөгү бир канча булакка таянып жазды.

Талдоочулар чалгындоо кызматтары ХАМАСтын мүчөлөрүнүн байланыш линияларын көзөмөлдөй албай калганын жана шектүү аракеттерди көңүл сыртта калтырганын белгилешти.

Газа тилкеси менен чек арадагы абалды көзөмөлдөө үчүн техникага болгон ашыкча көз карандылык каргашанын дагы бир себеби катары аталууда. Акыркы жылдарда чек арадагы аскерлердин саны кыскарып, байкоочу камералар, сенсорлор жана аралыктан башкарылган пулемёттор орнотулган. Кол салуудан мурун ХАМАС тобу жабдууларга дрондор менен чабуул койгон.

Газа тилкесин ХАМАС радикал кыймылы 2007-жылы көзөмөлүнө алган. Ал жакта 2,3 миллион киши жашайт. ХАМАС тобу Палестина автономиясынын администрациясына баш ийбейт.

Талкаланган Газа.
Талкаланган Газа.
  • БУУ жаңжалдын мындан ары курчушунун алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланып жатканын, Газада гуманитардык кризис жаралышы ыктымал деп камтама болгонун билдирген.


Ушул тапта бир катар чет мамлекеттер Израилдеги жарандарын учактар менен чыгарып кете баштады. Бишкектин Израилдеги элчилиги ал жактагы кыргызстандыктардын тизмесин тактап жатат. Азыркы тапта 65 киши аныкталды. Алардын үчөө Израилден кетүү ниетин билдирген. Аларды алып чыгуу маселеси каралып жатат. Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин резиденциясы Анкарада жайгашкан.

  • Израил Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Холокосттун кесепеттери аныкталгандан кийин түзүлгөн. Жөөт мамлекети негизделгенден бери Израилдин коргонуу күчтөрү өлкөнүн калкы тарабынан анын жалгыз коргоочусу деп саналып келет. Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) – дүйнөдөгү эӊ кайратуу аскерлердин бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG