Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

БУУ Израилдин Газа боюнча соңку буйругун айыптоодо


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин бийлигин Газа секторунун түндүк бөлүгүндөгү тургундарды 24 саат ичинде түштүк тарапка кетүүсүн талап кылган буйругун айыптап чыкканын 13-октябрда Би-Би-Си БУУнун башкы катчысынын маалымат катчысы Стефан Дужаррикке таянып маалымдады.

«БУУ эгер мындай буйрук чынында берилген болсо, аны ансыз да трагедиялуу кырдаалды катастрофалыкка айландырбаш үчүн тез арада жокко чыгарууга чакырат», – деди ал.

Уюмдун маалыматына караганда, жумага караган түнү жарыяланган бул буйруктун кесепети Газа секторунун калкынын дээрлик жарымына – 1,1 миллион адамга тийиши ыктымал.

Бүгүн БУУ аймактагы абал боюнча чукул жыйынга чогулганы жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Израилдин армиясы мындай буйрук берилгенин тастыктап, бул алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарыяланганын билдирди.

Кечээ Израил бийлиги ХАМАС тобун «жер менен жексен кылууга» убада берген. ХАМАСтын 7-октябрда Израилге кол салуусунан бери эки тараптан жалпы 2,5 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG