Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Блинкен АКШ Израилге колдоосун улантарына ишендирди


Блинкен Тель-Авив аэропортуна келип конду. 12-октябрь, 2023-жыл
Блинкен Тель-Авив аэропортуна келип конду. 12-октябрь, 2023-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кездешкенде, Вашингтон бул өлкөгө колдоосун уланта берерине ишендирди.

Блинкен бейшембиде Жакынкы Чыгыштагы сапарын баштап, Тель-Авивге барды. Америкалык башкы дипломат Израил менен палестиналык ХАМАС тобунун ортосундагы куралдуу жаңжалдын андан ары курчушунун алдын алуу, радикал согушкерлер кармап турган туткундардын бошотулушун камсыздоо аракеттерин көрмөкчү. Маалыматтарга караганда, барымтадагылар арасында АКШ жарандары да бар.

Аймактагы жетекчилер менен жолугушканда Газанын карапайым тургундарына анклавдан чыгып кетүү үчүн коопсуздук коридорун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланмакчы.

Блинкендин визити ХАМАСты колдогон Иранга жаңжалга аралашпоону ишарат кылууну көздөйт.

Израилден кийин Мамкатчы Иорданиянын падышасы Абдулла жана Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен кездешмекчи.

7-октябрда палестиналык ХАМАС радикал тобу Израилге кол салгандан кийин израилдик аскерлер жооп иретинде Газага сокку уруп, тилкени блокадага алды. Натыйжада анклав гуманитардык апаат коркунучуна туш болду.

Соңку маалыматтарга караганда, ХАМАСтын чабуулдарынан каза тапкандардын саны Израилде 1 миң 300гө жетти, Газада Израилдин соккулары 1 миң 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Эки тараптан 9 миңден көп киши жарадар болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG