Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Жакынкы Чыгыш: Газаны гуманитардык апаат коркунучу тооруду


Газа тилкеси. 9-октябрь 2023-жыл
Газа тилкеси. 9-октябрь 2023-жыл

Израилдин Куралдуу күчтөрү шейшембиде Газа тилкеси менен чек араны кайрадан өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Жөөт армиясы ошондой эле Газадагы буталарга сокку урууну улантууда. 7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.

Израилдин армиясынын расмий өкүлү Даниэл Хагаринин айтымында, дүйшөмбүдөн шейшебиге чейин бир да террорчу Газа менен чек арадан өткөн жок. Ал жерди миналардан тазалоо иштери уланууда. Маалыматка караганда, Израилдин аймагында ХАМАСтын бир нече мүчөсү жашырынып жүрөт.

Ошондой эле 7-октябрдагы чабуулдан кийин кыймылдын 1 жарым миңдей жоочусунун сөөгү табылганы кабарланды.

Израил Газа тилкесинен атылган ракета соккусунан кийин. 7-октябрь 2023-жыл
Израил Газа тилкесинен атылган ракета соккусунан кийин. 7-октябрь 2023-жыл

Шейшембиге карата Израилде согушкерлердин колунан өлгөндөрдүн саны 900дөн ашты, кеминде 2 миң 600 киши жарадар болду, ондогону туткундалды. Арасында музыка фестивалы учурунда атып өлтүрүлгөн 260 киши, негизинен жаштар бар. Ошол эле жерде бир нечеси барымтага алынган. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар маалымдады.

Ал эми жөөт армиясы жооп иретинде Газага урган соккуларда сектордун Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 700гө чукул кишинин өмүрү кыйылды, 3 миң 700дөн ашууну жараат алды. ХАМАС жөн-жай палестиналыктар эскертүүсүз бомбаланса, туткунга алынган изралдиктердин көзүн тазалай турганын, аны түз эфирде көрсөтөрүн эскерткенден кийин Газа сектору кайрадан аткылоого туш болду. Израилдин тышкы иштер министри барымтадагылар жабыркаса, андай согуш кылмышы “эч качан кечирилбесин” билдирди.

Маалыматка ылайык, согушкерлер 100-150дөй израилдикти барымтада кармап жатат.

Израилдин армиясы ошондой эле шейшембиге караган түнү Газада 200дөй бутага сокку уурлганын, анын ичинде “мечиттеги курал-жарак кампасы” жана “террорчулар жашырынган мунара” жок кылынганын кабарлады.

Газа тилкеси Израилдин аткылоосунан кийин. 9-октябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси Израилдин аткылоосунан кийин. 9-октябрь, 2023-жыл

БУУнун эсебинде, Газада бери дегенде 790 турак жай талкаланды, 5 миңдейи зыян тартты. Инфраструктура керектен чыккандыктан, 400 миңдей киши суусуз жана канализациясыз калды.

"Биз эмне күнөө кылдык? Балдарымда эмне жазык бар? Электр жарыгы, интернет, тамак-аш же суу жок. Эмнеге? Эртең менен кийинип алып мектепке жөнөгөнбүз. Бир заматта үй-жайсыз, көчөдө калдык, барар жерибиз жок. Бир киши алардыкына баш калкалоону сунуш кылды эле, анан алардын үйү соккуга кабылды. Дагы бирөө ошентип чакырган, анын тамы да талкаланды. Кайда барабыз, айткылачы?" - деп ыйлап айтып берди "Рейтерс" агенттигинин кабарчысына газалык Умма Тахир.

Журналисттер менен маегинде жөөт армиясынын өкүлү палестиналыктарды Египет аркылуу Газа тилкесинен чыгып кетүүгө чакырды. Бирок көп узабай Израил тарап ал жактагы өткөөл жабылганын маалымдады.

Израилдин Куралдуу күчтөрү резервдеги 300 миң кишини армияга чакырганын билдирип, Газа секторун блокадага алды.

Дүйшөмбүдө премьер-министр Биньямин Нетаньяху өч алуу өнөктүгү“жаңы башталганын” эскерткен.

"ХАМАСтын Газадагы талкаланган, кыйратылган чептеринин сүрөттөрү – бул башталыш гана. Биз жүздөгөн террорчуларды жок кылдык. Муну менен токтоп калбайбыз. ХАМАС иш алып барган ар бир жердин таш-талканын чыгарабыз".

Ошол эле күнү куткаруучулар Газа менен чек арага жакын жердеги Бээри чакан конушунда 100 чакты жергиликтүү тургундун сөөгү табылганын кабарлашкан.

Палестинанын Жер ортолук деңиздин жээгиндеги анклавын - Газа тилкесин ХАМАС радикал кыймылы 2007-жылы өз көзөмөлүнө алган. Ал жакта 2,3 миллион киши жашайт.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге абадан жапырт чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.

Европа өлкөлөрү жана АКШ Израилден өз жарандарын алып чыгууга аракет көрүүдө. БУУ жаңжалдын мындан ары курчушунун алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланып жатканын, Газада гуманитардык кризис жаралышы ыктымал деп камтама болгонун билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Вашингтон ХАМАС кыймылын айыптоого чакырса, Москва Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына кайтууну караган кеңири билдирүүнү сүрөөнгө алууну көздөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG