Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Израилдин ХАМАС менен согушу. Эмнени билүү керек?


ХАМАСтын куралдуу топтору Израилге чабуул жасагандан кийин Сдерот шаарындагы талкаланган полиция участогу.
ХАМАСтын куралдуу топтору Израилге чабуул жасагандан кийин Сдерот шаарындагы талкаланган полиция участогу.

2023-жылы 7-октябрда эртең менен АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасады.

Ошол эле учурда жүздөгөн согушкерлер тилкенин айланасындагы чептердин линиясын бузуп өтүп, Израилдин аймагына иш жүзүндө эч кандай каршылыкка учурабай, айрым жерлерде ондогон чакырымга чейин кирип барды. Карапайым калкты кырып, барымтага да алышты. Бул окуялар Израил аскеринин жана чалгындоо кызматынын тарыхындагы эң коркунучтуу ойрон болуу деп каралууда.

Каза болгон израилдиктердин саны акыркы маалыматтар боюнча миңден ашты, 2 миңге жакыны жарадар болду. Жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголгону айтылууда. Көптөгөн кишилерди ХАМАСтын жоочулары барымтага алып, Газага алып кеткенин, алардын арасында балдар, аялдар жана карылар да барын айтып жатышат.

Израилдин өкмөтү өлкөнү согуш абалында деп жарыялады. Аскерге он миңдеген камдуулар (запастагылар) чакырылды. Чопкутталган техникалар түштүккө, Газага тартылып, тилкеге карай абадан сокку урулууда. Палестинанын бийлиги жүздөгөн набыт болгондор жана миңдеген жарадарлар бар экенин маалымдады.

Израил аскери ХАМАС менен байланышы бар компаниялардын кеңселери жайгашкан делген Газа тилкесиндеги Аль-Уатан мунарасына сокку ургандан кийин бул аял урандыларды карап турат.
Израил аскери ХАМАС менен байланышы бар компаниялардын кеңселери жайгашкан делген Газа тилкесиндеги Аль-Уатан мунарасына сокку ургандан кийин бул аял урандыларды карап турат.

Кошумча күчтөр тартылганы менен, жекшембиде Израил аскери өлкө аймагын жоочулардан толук тазалай алган жок. Тескерисинче, ХАМАС Израилге жаңы куралдуу топторду жөнөткөнүн ырастады. Куралдуу топтор бастырып кирген бир нече калктуу конуштарда салгылашуулар уланды. Газанын айланасындагы бир канча айылда эвакуация жарыяланды.

Тарыхый салыштыруулар

ХАМАСтын чабуулу 1973-жылдагы 50 жылдыгында (бир күндүк айырма менен) башталгандыктан, Йом-Кипурдагы (жөөттөрдүн ыйык деп санаган сыйынуу күнүндөгү) Кыямат согушка салыштырылды. Анткени Израилдин саясий жана аскерий жетекчилиги мындан 50 жыл мурдагыдай эле согуштук аракеттерге капилет туш болду. Окшоштугу ушул гана. Кыямат күнүндөгү согуш Израилге кол салган араб өлкөлөрүнө каршы жүргүзүлүп, куралдуу күчтөр гана жоготууга учураган.

Ал эми ХАМАС кол салган азыркы уруштун биринчи күнү карапайым тургундар көп каза тапты. Эң кандуу учурлардын бири Газага жакын жерде, Реим кибуцундагы музыкалык фестивалга кол салуу учурунда болду, анда куралчан адамдар 200дөй адамды өлтүрүштү.

Израилдин тарыхында палестиналык куралдуу жоочулар израилдик бир нече конушту жапырт басып алган учур буга чейин болгон эмес. Бул кармаштагы карапайым калктын жоготууларын 1948-жылдагы согуш же экинчи интифада (арабдардын Израилге каршы боштондук үчүн күрөшү) менен гана салыштырууга болот. Бирок бир күндө мынчалык жоготуу болгон эмес.

ХАМАСтын чабуулун Израилдин "11-сентябры" деп аташып, аны 2001-жылы 11-сентябрда АКШга жасалган террордук чабуулга салыштыра башташты.

Аскердик өлчөм

ХАМАС сокку уруу үчүн миңдеген ракеталарды колдонду. Бул жааттын оор куралы жок, бирок Израилдин техникасына кол салуу максатында учкучсуз учактарды, ал эми Израилдин аймагына басып кирүү үчүн параглайдерлерди (парашютка окшош учуучу каражаттарды) пайдаланды.

Серепчилер Израилдин түштүктөгү күчтөрү мындай кол салууга такыр даяр эмес экенин белгилешип, ХАМАСтын жетекчилиги чабуул мынчалык ийгиликтүү болорун күткөн эмес деп болжолдошууда. Бирок эми мунун куну өтө кымбатка түшөт дешет. Израилдин Коргонуу күчтөрү ХАМАСка каршы болуп көрбөгөндөй жооп кайтаруу операциясын жүргүзүү үчүн Газа аймагына мүнөт санап күч топтоп жатат.

Израилдин аскерлери Израилдин түштүгүндөгү Газа тилкесине жакын Сдерот шаарындагы турумдардын биринде.
Израилдин аскерлери Израилдин түштүгүндөгү Газа тилкесине жакын Сдерот шаарындагы турумдардын биринде.

Израил бийликтеринин палестиналыктарды тилкенин айрым бөлүктөрүн таштап кетүүгө чакырган эскертүүлөрүнө карабастан, калк жыш жайгашкан Газадагы операцияда жайкын тургундар көп жоготууларга учурашы мүмкүн.

Ливандын түштүгүндө орун алган "Хезболла" тобу Газада ХАМАСка каршы операция башталса, Израилге согуштук аракеттер болорун айтып коркутууда. Ал "тилектештик билдирип", Израилге буга чейин эле бир нече ракета аткан.

Серепчилер түндүктө "Хезболлага" каршы экинчи фронт пайда болуп, эгер ага Иордандын Батыш жээгиндеги Палестина аймактарындагы толкундоолор кошулса, Израил үчүн жок болуп кетүү коркунучу туулушу мүмкүн деп эскертишет. Бирок Израилдин жоокерлери ЖМК аркылуу жетиштүү деңгээлде камсыздалбай, мобилизация начар жүрүп жатканына даттанышканы менен, түндүктө сактык чаралары көрүлүүдө.

Ойрон болуунун себептери. Саясий өлчөм

Израил коому азыр өзүн коркунучтан коргоо үчүн биригип жатат, бирок чалгын кызматынын жана аскердин ХАМАСтын масштабдуу чабуулга даярдык көргөндүгүн байкабай калышынын себептери тууралуу кеп кыла башташты.

Өкмөттү сындагандар аскердин кыйла бөлүгү тополоңду болтурбоо үчүн Иордандын батыш жээгиндеги палестина аймактарына жиберилгенин айтышууда. Бул божомолго ылайык, Израилдин азыркы ашынган оңчул өкмөтү Палестина шаарларында келгин жөөт радикал топторуна талоончулук кылууга шыкак берген.

Мунун айынан Израилдин түштүгү жетиштүү түрдө бекемделген эмес. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну палестиндерге каршы "бөлүп-жар да, бийлей бер" тактикасын колдонуп, Иордандын батыш жээгиндеги байистүү бийликти алсыратканы, Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАСка каршы тура албаганы үчүн айыпташууда. Атаандаш палестина жааттарын саясий күрөштө коркунуч катары бири-бирине каршы тукуруу менен көзөмөлдөп туруу мүмкүн болчу деп божомолдошот.

Израилдин ракетадан коргонуу тутуму Газа тилкесинен Сдеротко жакын жерде атылган ракеталарды атып түшүрдү, 8-октябрь.
Израилдин ракетадан коргонуу тутуму Газа тилкесинен Сдеротко жакын жерде атылган ракеталарды атып түшүрдү, 8-октябрь.

Нетаньяху Израилдин тарыхында эң узак бийликте отурган саясий лидер. Саясий жактан ашкере бөлүнүп-жарылган өлкөдө бир нече жыл туруктуу өкмөт болгон жок. Ал эми бийлик үчүн күрөштө Нетаньяху мурда башкаруучу коалицияга кирбей калган ашынган оңчул күчтөр менен биригип кетти. Жогорку Сотту өкмөттүн көзөмөлүнө алган алар жарыялаган реформа жапырт нааразылык жаратты.

Нетаньяхуну реформа жүргүзүүгө кызыкдар деп эсептешет, анткени коррупцияга айыпталгандыктан, ал соттолуп кетиши ыктымал. Өз кезегинде бийликтеги диний партиялар динчил жаштарды аскерге чакырбоого жетишүүнү каалашат (Израиль түптөлгөн учурда түзүлгөн бул абал коомдун жарыкчыл бөлүгүнүн кысымы астында убакыттын өтүшү менен өзгөрө баштады).

Аскердик жана чалгын кызматтары Израилдин саясий жетекчилигине анын аракеттери өлкөнүн коопсуздугун начарлатып жатканын эскертип келген. Аскердик күчтөр бийликти алмаштыруу үчүн коргонууну атайын алсыратты деп, өкмөттү жактагандар алардын өздөрүн айыпташууда. Бул билдирүүлөрдү иш жүзүндө ырастоого азырынча эрте – эгер согуш аяктагандан кийин парламент ХАМАСтын чабуулунун жагдайлары боюнча иликтөө жүргүзсө, ошондо мүмкүн болот. Азыр болсо Израилдин коомчулугу бардык согуштар жана каатчылыктар учурундагыдай биримдикти көрсөтүүдө.

Иерусалимдеги донорлор ХАМАСтын чабуулунан кийин жарадар болгондорго кан тапшырып жатат.
Иерусалимдеги донорлор ХАМАСтын чабуулунан кийин жарадар болгондорго кан тапшырып жатат.

Израил Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Холокосттун кесепеттери канчалык чоң болгону аныкталгандан кийин түзүлгөн. Жөөт мамлекети негизделгенден бери Израилдин коргонуу күчтөрү өлкөнүн калкы тарабынан анын жалгыз коргоочусу деп саналып келет. Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) – дүйнөдөгү эӊ кайратуу аскерлердин бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG