Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Жакынкы Чыгыш: Израил Газаны толук курчоого алды


Газадагы кырдаал: Эки тараптан каза болгондор 1100дөн ашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

Газадагы кырдаал: Эки тараптан каза болгондор 1100дөн ашты

Израилдин Энергетика министрлиги Газа тилкесине суу берүү токтотулганын билдирди. Мурдараак коргоо министри аймакты толук курчоого алууга буйрук берген. Эл аралык коомчулук калабаны токтотууга үндөп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка чакырды. Кагылышта каза тапкандардын саны дүйшөмбүдө 1100дөн ашты. Ал эми жараат алгандар 4000ден көп. Бишкек Израилде жашаган кыргыз жарандарын куралдуу кармаш болуп жаткан аймактарга барбай турууга чакырды.

Карапайым эл тарткан азап

Дүйшөмбү күнү Газа тилкесиндеги ооруканалар жарадарларга жана каза болгондорго толуп калганын, арасында балдар да бар экенин Reuters агенттиги маалымдады. Газадагы палестиналык качкындар лагеринде жашагандар урандылардын арасынан жакындарын издеп, куткарууга аракеттенүүдө.

“Эскертпей туруп сокку урушту. F-16 учагы менен чабуул коюшту. Эч кандай эскертүү берилбеди. Кандай кыйроо болгонун көрүп турасыңар. Бизге Кудай гана жардам берсин!” – деди палестиналык тургун.

БУУнун маалыматына караганда, Газадагы качкындар лагеринде 123 миңден ашуун палестиналык бар. ХАМАС радикал тобунун 7-октябрдагы күтүүсүз чабуулунан кийин Израил Газа тилкесин бутага алган. Өкмөт өлкөдө согуштук абал жарыялаган.

Израилдин түштүк-батышындагы Ашкелон шаарынын тургундары AP агенттигине сүйлөгөндө, карапайым калк жашаган турак жайлар талкаланып калганын айтышты.

"Дем алышта балам менен үйдө болууну, эч жакка чыкпоону макулдашканбыз. Бирок үйүбүз талкаланды, аны көргөндө эле баары астын-үстү болгондой жанымды коёрго жер таппайм. Чабуул учурунда үйдө болсок эмне кылмакпыз. Кудай анын бетин ары кылсын, кенедей соо жер жок", - деди израилдик келин.

Жекшембиде Израилге Ливан тараптан да минометтук аткылоо болгону кабарланды.

Израилдин Газадагы соккусунан кийин түтүн көтөрүлүүдө.
Израилдин Газадагы соккусунан кийин түтүн көтөрүлүүдө.

Израилдин кескин кадамдары

Израилдин коргоо министри Йоав Галант 2,3 миллиондой эл жашаган Газа тилкесин толук курчоого алууга буйрук бергенин билдирди. Энергетика министри Исраэл Кац аймакка суу берүү токтотулганын маалымдады. Мурдараак күйүүчү май берүү токтотулган.

Израил Газадагы аба мейкиндигин көзөмөлдөйт. Дүйшөмбү күнү Газа тилкесинен атылган ракета Изарилдин Тел-Авивдеги башкы аэропортуна жакын жерге түштү. ХАМАС тобу муну бышыктады. Бир нече чет элдик авиакомпания каттамдарын токтотту.

Израилдин армиясы аталган радикал топтун жоочулары кирип барган калктуу конуштардын баарына көзөмөлдү калыбына келтиргенин жарыялады.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova музыкалык фестивалы болгон. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан эки миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Израилдин аскерлери. 9-октябрь, 2023-жыл.
Израилдин аскерлери. 9-октябрь, 2023-жыл.

ХАМАС тобу уурдап кеткен кишилердин арасында Тайланддын жана Кытайдын да жарандары бар экенин эки өлкө расмий билдирди.

BBC радиосу кабарлагандай, Катар ортомчулар аркылуу ХАМАСтын өкүлдөрү менен чукул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туткунга алынган жана Газада кармалган израилдик аялдар менен балдарды бошотуунун амалын издөөдө.

9-октябрдагы расмий маалыматка караганда, Израилде набыт болгондор 700дөн, жараат алгандар 2000ден ашты. Jerusalem Post басылмасы 750 израилдик дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

Ал эми Газа тилкесинде каза тапкандар 500гө чамалап, 2500гө жакыны жарат алды.

Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жекшембидеги чукул жыйынында каралды, бирок азырынча эч кандай чечим кабыл алынган жок.

"Бул калабанын жайылышына жол бербөө үчүн аймактагы өлкөлөр сыяктуу биз дагы болушунча аракет көрүп жатабыз", - АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд.

Бириккен Араб Эмирликтеринин чабарманы Лана Нуссейба кеңештин мүчөлөрү адамдарды мындан аркы зыяндан коргоого артыкчылык берип жатканын белгиледи:

"Биз азыр ок атышууну, зордук-зомбулукту токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого жетишүүбүз керек. Бирок биз али ал этапка жете элекпиз".

Мурдараак БУУ жана бир катар мамлекеттер ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашкан.

Ал тапта Иран ХАМАСтын Израилге кол салуусуна Тегеран көмөктөшкөн деген айыптоолорду четке какты. Ирандын Тышкы иштер министрлиги муну "саясий себептерге негизделген" деп билдирди.

Мурдараак Wall Street Journal басылмасы Иран ХАМАСка Израилге кол салууларды пландаштырууга жардам берип жатканын жазган.

9-октябрдын кечинде Tasnim агенттиги Ирандын президенти Ибрахим Раиси “Ислам Жихадынын” лидери Зияд ан-Нахал менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды “Палестиналык каршылык кыймылынын улуу жана жаркын жеңиши” деп атаганын билдирди.

Маалыматка караганда, Раиси муну соңку 70 жылдагы "өзгөчө окуя, ислам дүйнөсүнүн кубанычы" катары сыпаттаган.

Чабуулдар маалында коргонуп жаткан журналист. 9-октябрь, Газа тилкеси.
Чабуулдар маалында коргонуп жаткан журналист. 9-октябрь, Газа тилкеси.

Батыш Израилге тилектеш

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Израилдеги кырдаалды талкуулоо үчүн шейшембиде жолугушат. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел X социалдык тармагына жазды.

Ушул тапта Боррел жана Евробиримдиктин бир катар тышкы иштер министрлери Перс булуңунун кызматташтык кеңешиндеги аймактык лидерлер менен көптөн бери пландалган сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Оманда жүрөт. Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр гибрид форматында өтөт, бул Оманга барбаган министрлердин да катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин Евробиримдик ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулун айыптап, Израилге тилектештигин жарыялаган жана өлкө эл аралык мыйзамдарга ылайык өзүн коргоого укуктуу экенин белгилеген.

Палестиналык жарандар. Газа тилкеси
Палестиналык жарандар. Газа тилкеси

АКШ администрациясы ХАМАСтын Израилге чабуулун "террордук" деп атаган. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен телефондон сүйлөштү.

Аббас анда Израилдин адилетсиз кадамдары кырдаалды курчутканын айткан.

Кремль Палестина-Израил чатагынын күчөшү “аймак үчүн өтө чоң коркунуч” экенин билдирди. Бирок президент Владимир Путин азырынча Израилдин да, Палестинанын да жетекчилиги менен сүйлөшүү максаты жоктугун анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги абалдын курчушуна Бээжин тынчсызданып турганын белгилеп, зордук-зомбулукка жана кол салууларга каршы экенин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батышты биримдикке чакырып, ХАМАС радикалдык тобунун Израилге кол салуусу менен Орусиянын Украинага басып киргенине салыштырды.

Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Палестин автономиясынын администрациясына баш ийбейт.

Аймакта мындан туура 50 жыл мурда, 1973-жылы да катуу согуш болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG