Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Украина: орус аскерлери эки багытта каршы чабуулга өтүүгө аракет кылды


 Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын аскерлери Бахмут жана Новопавловск багыттары боюнча Веселая Долина, Зайцево жана Водяное калктуу конуштарынын жанында каршы чабуулга өтүүгө аракет кылышканын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Маалыматка караганда, Орусия аскердик күчүн Бахмут жана Авдеевка багыттарына топтоп жатат.

Южнобугский багытында орус аскерлери негизги күч-аракетин өз позицияларын кармоого жумшап, аскерлеринин материалдык-техникалык базасын калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканы кабарланды.

Северск багытында Брянск жана Курск облустарынын чек ара аймактарында айрым бөлүктөрүн кармоону улантып, артиллериядан Чернигов облусунун Каменская Слобода жана Железный Мост калктуу конуштарындагы жарандык жана Украинанын аскердик инфраструктураларын аткылоону улантты.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “деназификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (ДНР), “Луганск Элдик Республикасы” (ЛНР) деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден бошотуу зарыл экенин" жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG