Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Жердештери сындаган, дүйнө мактаган Горбачёв


Дүйнө лидерлери, Кыргызстандагы коомдук жана мамлекеттик ишмерлер Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвдун көзү өткөнүнө байланыштуу көңүл айткан билдирүүлөрдү жасап жатышат. Көбү Горбачёвду тарыхтын нугун өзгөрткөн реформатор, демократия менен эркиндикке жол ачкан сейрек лидер катары мүнөздөшүүдө. Орусиянын өзүндө айрымдар социалдык тармактарда Горбачевду Советтер Союзун кулатканы үчүн сындашууда.

"Горбачёв-дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн адам"

Михаил Горбачёв 30-августтун кечинде 91 жашында «узакка созулган катуу оорудан көз жумганын» Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан кабарлашты. Кесиби боюнча юрист Горбачев Коммунисттик партиянын жана Советтер Союзунун башына 1985-жылы келип, алты жыл жетектеген. Бул убакыт ичинде «темир көшөгө» урап, экиге бөлүнгөн Германия биригип, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылып, акыр аягында Советтер Союзу кулаган.

Империянын чачырашын Орусиянын президенти Владимир Путин «кылымдын геосаясий алааматы» деп атап жүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Горбачёвду тарыхтын жүрүшүн өзгөрткөн жалгыз мамлекеттик ишмери болгонун, ал «кансыз согуштун» тынч аякташы үчүн башкалардан көп салым кошконун билдирди.

Британиянын кызматтан кетип жаткан өкмөт башчысы Борис Жонсон ар дайым Горбачёвдун эрдигине суктанып келгенин айтты.

"Михаил Горбачёв - дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн адамдардын бири. Анын мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттерге эркиндик берүү, Европаны бүтүн жана эркин кылуу аракети сөз жеткис. Ошондой эле Горбачё​в өзү күтпөгөндөй өзгөрүүлөргө түрткү берген адамдардын бири. Бул үчүн саясий кун төлөдү. Болгону азыр Москвадагы бийлик Горбачевдун ишин жокко чыгарып, советтик империяны куруу аракетин көрүп жатканы тынчсыздандырат. Бүгүн силер аны Украинада көрүп турасыңар",-деди Жонсон.

31-августтун таңында жарыяланган билдирүүдө Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Горбачёвду «башка келечек мүмкүн экенин сезе алган көрөгөчтүккө ээ жана ага жетүү үчүн өз карьерасын тобокелчиликке салган эрктүү сейрек лидер» деп атады.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Горбачёвдун Германияны бириктирүүдөгү ролун кубаттап, анын Орусияда бекем демократия орнотуу аракетинен майнап чыкпай калганына өкүнөрүн билдирди.

"Ал кайратуу реформатор жана көп нерсени ишке ашырган мамлекеттик ишмер болгон. Кайра куруу жараянынын алкагында Европада демократия менен эркиндик орноп, Германия биригип, темир көшөгө алынганын жана Орусияда демократия орнотуу аракети болгонун эстен чыгарбайлы. Ал Орусияда ооздукталып, Владимир Путин Европада жаңы оруктарды казып, кошуна Украинага кол салган маалда көз жумду".

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Горбачёвду орусиялыктарга эркиндик жолун ачкан «тынчтык адамы» катары мүнөздөдү.

Кытайдын бийлиги маркумдун 1980-1990-жылдары Бээжин менен Москванын алакасын жакшыртууга кошкон салымын белгиледи.

"Горбачё​в мырза Кытай менен Советтер Союзунун ортосундагы алаканы жакшыртууга позитивдүү салымын кошкон. Биз анын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",-деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чжао Лицзянь.

«Улуу державанын кулаганына ичим күйөт»

Анткен менен Горбачёвдун мекенинде такыр башка сөздөр айтылууда. Мамлекеттик Думанын төмөнкү палатасынын депутаты, бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын өкүлү Олег Морозов Горбачёвду Орусия үчүн адилетсиз болуп калган "жаңы дүйнөлүк тартиптин" авторлорунун бири катары сыпаттады. Ал ошондой эле Орусиянын Украинага кол салышын дал ушул тартипти өзгөртүү аракети деп атады.

Орусиянын президенти Владимир Путин өз маалымат катчысы Дмитрий Песков аркылуу Горбачёвдун өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруусун билдирди.

«Михаил Горбачёв дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүнө эбегейсиз таасир тийгизген саясатчы жана мамлекеттик ишмер болгон»,-деп айтылат Кремль тараткан билдирүүдө. Путин ошондой эле Горбачёвдун гуманитардык, кайрымдуулук жана агарутуучулук ишмердүүлүгүн баса белгилеген.

Кыргызстандагы мамлекеттик, коомдук ишмерлер да Горбачев тууралуу өз пикирлерин ортого салышты. Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов Советтер Союзунун кулашы менен Кыргызстан эгемендикке жеткенине сүйүнсө дагы, империянын таркашына ичи күйөрүн айтты:

"Советтер Союзунун, улуу державанын урап калышына Михаил Сергеевичтин түздөн-түз катышуусу да, салымы да бар. Анын кайра куруу саясаты жөнөкөй саясат болгон эмес. Кемчиликтери да болгон, артыкчылыгы да болгон. Артыкчылыгы бул - сөз эркиндигинин орношу, тоталитардык-социалисттик системадан демократиялык багытка өтүү. Мунун баарында Горбачё​вдун ролу чоң. Улуу империя урап жатканда баары жакшы болду деп айткандан алысмын, Советтер Союзунун урап калганына ушул убакка чейин ичим күйөт".

«15 мамлекеттин азаттык туусун көтөргөнгө салымы бар»

Ал эми мамлекеттик ишмер, академик Осмонакун Ибраимов тескерисинче Советтер Союзунун ыдырашын «тарыхый процесс» деп эсептейт.

«Советтер Союзунун курамындагы 15 мамлекеттин азаттык туусун көтөргөнгө, өзүнчө өлкө болуп, чамгарагын көтөрүп, керегесин жайганга салымы бар киши болчу. Көптөр аны союзду таркатып жиберген деп айыпташат, мен Горбачёв СССРди таратканы үчүн кудайга миң мертебе ыраазымын деп айтам. Себеби ансыз деле Советтер Союзу тарап, ал империя өз тарыхын бүтүрмөк. Бирок согуш, кызылдай кыргын менен бүтүрмөк. Михаил Сергеевич ансыз да тарыхый миссиясы бүткөн СССРди чыр-чатаксыз таратып койгон. Кыргызстандын эгемендигинин 31-жылын майрамдап жатат, бул майрамда Михаил Сергеевичтин ролу эбегейсиз», -деген мурдагы мамкатчы Горбачёвду билимдүү, маданиятка сугарылган замандын алдыңкы кишиси эле деп эскерди. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакын досу болгонун кошумчалады.

1990-жылы Горбачёвго Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Мурдагы советтик лидердин сөөгү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө коюлары күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG