Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Эрдоган шайлоодон утулса Москвага кандай таасири тийет?


Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин. Астана, Казакстан. 2022-жылдын 13-октябры.
Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин. Астана, Казакстан. 2022-жылдын 13-октябры.

Бийликтеги жыйырма жылдык башкаруусунан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш менен мамилени жакшыртууну көздөгөн атаандашына орун бошотушу мүмкүн. Талдоочулар шайлоонун мындай жыйынтыгы Орусиянын президенти Владимир Путинге жакпастыгын айтууда.

Өткөн айда Орусиянын Украинага баскынчылык согушу кыйынчылык менен уланып жаткан маалда президент Владимир Путин түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга видео байланыш аркылуу телефон чалып, НАТОго мүчө өлкөнүн биринчи өзөктүк электр станциясына күйүүчү май жеткирүү аземине катышты.

Орусиянын мамлекеттик "Росатом" өзөктүк корпорация куруп жаткан 20 миллиард доллардык "Аккую" атомдук станциясы эки лидердин акыркы жыйырма жылда президент жана премьер-министр катары иштеп туруп, эки тараптуу энергетикалык жана экономикалык байланыштарды кемелине келтиргенин эң жакшы чагылдырат.

Салтанатка Путиндин аралыктан видео аркылуу катышканы Москванын чет өлкөлөрдөгү таасирин көрсөтүүнүн ички муктаждыгы гана эмес, шайлоо босогосунда катаал кырдаалга капташып турган авторитардык лидерди колдоо зарылдыгынан да улам уюштурулушу ыктымал.

27-апрелдеги ал азем Эрдоган үчүн эң оор сыноо болуп турган Түркиядагы президенттик шайлоого үч апта калганда өттү. Коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөткөндөй, олуттуу экономикалык көйгөйлөрдүн фонунда ал оппозициялык Республикалык элдик партиянын (РЭП) лидери Кемал Кылычдароглудан артта келатат.

Путин Москва эле эмес, Киев, Вашингтон жана Брюсселге да мааниси зор шайлоонун жыйынтыгы ага кандай чыкканда оңтойлуу экенин кыйытты.

"Түркияда биринчи атомдук станцияны куруу, башкача айтканда, жогорку технологиялык индустрияны нөлдөн баштап тургузуу — бул президент Эрдоган мырза, сиздин өз өлкөңүз үчүн, анын экономикасынын өсүшү үчүн, Туркиянын баардык жарандары үчүн канчалык көп иштеп жатканыңыздын дагы бир ынанымдуу мисалы, - деди Путин Түркияга берилип жаткан түз эфир учурунда. - Мен түз эле айткым келет: сиз дымактуу максаттарды коюп, аларды турмушка ашырууга ишенимдүү барасыз".

Путин минтип далыдан таптай авторитардык башкаруусу жана батышты сындаган риторикасы менен Москванын кызыкчылыгына төп келип турган 69 жаштагы Эрдоганды мактап өткөнүн төркүнү түшүнүктүү - НАТО биримдигин ыдыратуу жана Украинага кол салганы үчүн Орусияга киргизилген санкцияларга көлөкө түшүрүү.

Өткөн жайда Орусия "Росатомдун" түрк бөлүмүнө келечектеги курулуш иштерине деп, алдын ала эле миллиарддаган долларды которгон. Эксперттердин айтымында, ал каражаттарды жиберүүнүн чыныгы максаты – көйгөйгө туш келген Түркиянын улуттук валютасын колдоого багытталган.

Кемал Кылычдароглу.
Кемал Кылычдароглу.

Бирок, эгерде эле Социалдык камсыздоо боюнча улуттук агенттиктин мурдагы жетекчиси, 74 жаштагы Кылычдароглу президенттик шайлоодо биринчи орунду алып калса, анда Путиндин Эрдоганга жумшаган инвестициясы талаага кетиши мүмкүн.

Кылычдароглу Европа жана Кошмо Штаттары менен мамилени калыбына келтирүүгө умтуларын жарыялады. Эрдоган ал мамилени өзүнүн саясий репрессиялары жана Сирия, Тоолуу Карабак сыяктуу аймактарга кийлигишүүсү менен бузуп алган. Кылычдароглунун жеңиши менен Орусия катуу каршы болуп жаткан Швециянын НАТОго тезирээк киришине жол ачышы ыктымал.

"Эрдогандын жеңилиши Путинге пайда алып келбейт, - дейт Орусиянын Жакынкы Чыгыш менен мамилелери боюнча адис, Жорж Мейсон университетинин саясий илимдер боюнча профессору Марк Кац. - Эгер шайлоону Кылычдароглу жеңсе, Путиндин аны менен ымала издөөдөн башка аргасы жок. Ал Кылычдароглунун Батыш менен кайсы бир деңгээлде жакындашуусуна аргасыз болуп, ошол эле маалда анын андан ары огобетер жакындашып кетпешине аракет көрөрү турган иш".

Вашингтон менен Брюссель Борбордук жана Чыгыш Европада коммунизм кулагандан кийин ондогон жылдар бою орноп турган плюралисттик прогрессти бузган Эрдоган жана Путин сыяктуу таасирдүү инсандардын көбөйүшүнө тынчсызданып келет. “Эрдогандын жеңилиши дүйнө жүзү боюнча демократиялык күчтөрдүн дагы деле болсо "күчтүү" экендигин көрсөтөт”, дейт Нью-Йорктогу тышкы байланыштар кеңешинин Жакынкы Чыгышты жана Африканы изилдөө боюнча улук окумуштуусу Стивен Кук.

"Бул, албетте, анабашы Путин болгон глобалдык популисттик авторитаризмге урулган сокку болмок", - дейт Кук. Анын пикиринде, Эрдогандын тушунда алсырап калган Түркиядагы демократиялык институттардын басаар жолу дагы деле болсо арбын.

Бекем достук

Путин үчүн Эрдоган советтик республикалардын жаңы мамлекет башчыларынан тышкары эң көп жолуккан лидер болду. 2003-жылы Эрдоган премьер-министр, ал эми Путин биринчи мөөнөттө президент болуп турганда башталган мамилени айрымдар "броманс" – "эркектердин бекем достугу" деп да баалап жүрүшөт.

Албетте, Путин менен Эрдогандын ортосунда кээде олуттуу пикир келишпестиктер да болуп турду: 2015-жылы Түркиянын аскер учагы Сирия менен Түркия чек арасында абада Орусиянын аскер учагын атып түшкөндө бул окуяны Путин "далыга сайылган бычак" катары сыпаттаган.

Лидерлер ошондой эле айрым олуттуу саясий маселелерде да карама-каршы позицияны ээлешти. Атап айтканда, Орусиянын Украинага басып киришинде бир пикир болгон жок. Анкара болсо Киевге дрон берүүнү улантууда. Ошол эле маалда Путин менен Эрдоган Батыш үстөмдүк кылган глобалдык дүйнөлүк тартипке чогуу каршылык көрсөтүп, Батышта терең корголгон айрым баалуулуктарды өздөрүнө жууткусу келбейт.

"Алар экөө тең өздөрүн жетиштүү деңгээлде сый көрбөй келаткан улуу державалардын лидерлери деп эсептешет, ошондон экөөнүн тең Батышка дооматы бар. Бул жерде Эрдоган менен Путин бирин бири тапты, - дейт Кац. - Алардын ортосунда кандай гана пикир келишпестик болбосун Эрдогандын Батышка карата маанайы Путин үчүн башкы нерсе”.

Коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөтүп жаткандай, алты партиялуу альянс колдогон Кылычдароглу рейтингде Эрдогандан бир аз алдыда келатат. Эгер төрт талапкердин бири дагы шайлоочулардын 50 пайыздан ашык добушун албаса, анда 28-майда экинчи айлампа болмокчу.

2000-жылдары премьер-министр болуп турганда – ал кезде өкмөт башчылык Түркиядагы эң жогорку кызмат орду эле - Эрдоган экономикалык өсүштун аркасында эл арасында популярдуу болуп кеткен. Бирок анын жылдызы акыркы жылдардагы күчөгөн инфляция менен жашоо деңгээлинин төмөндөшүнөн улам өчө бштагандай, бул болсо көпчүлүк шайлоочулардын пикирине терс таасирин тийгизип жатат.

Чыңалган мамиле

Эрдогандын Батыштагы жылдызы да бир нече себептерден улам өчө баштады: ал демократияны чектеп, басма сөз эркиндигине кол салып, сот системасы сыяктуу мамлекеттик институттарды алсыратты. Ал аз келгенсип, аналитиктердин айтымында, Путин менен тыгыз байланыштагы "агрессивдүү" көз карандысыз тышкы саясат жүргүздү. Мунун баары болсо Вашингтон жана Брюссель менен алака-катышты абдан чыңалтты.

Эрдоган 2016-жылдагы окуяларды төңкөрүш аракети катары баалап, ал үчүн АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптады. Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатып алууну макулдашкандан кийин ал АКШнын коргонуу өнөр-жайынын санкцияларына кабылды.

Кошмо Штаттары ошондой эле эки жарым миллиард долларлык келишимге да каршы чыкты. Себеби Түркия буйрутма берип, анын жасалышына жардамдашкан АКШнын F-35 согуштук учактары жөнүндө маалыматтар Москванын колуна тийет деп чочулады.

Эксперттердин айтымында, Эрдоган коргоо өнөр-жайына АКШ санкция киргизет деп ойлогон эмес, анын үстүнө ал өз аброюна шек келтирбей туруп С-400дөн баш тарта албасын да сезген болушу мүмкүн.

Эрдоган акыркы жылдары Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен да мамилесинде чаташып келди. Түркия Ливиядагы тышкы саясатынан улам Франция менен, ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кен байлыктар жана деңиз чек аралары үчүн Грекия жана Кипр менен кармашып келди.

Жакында Эрдоган Орусиянын Украинага кол салуусунун фонунда Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу аракеттерине каршылык көрсөтүп, Скандинавия өлкөлөрүн күрттөрдүн "террордук уюмдарын" канатына калкалап жатат деп айыптады. Түркия марттын аягында Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө макулдук берди, бирок, Швециянын бул уюмга кирүүсүнө бөгөт коюуну улантууда.

Кылычдароглу үгүт кампаниясынын алкагында Түркияда мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирип, өлкөгө парламенттик башкаруу формасына кайтарууну, ошондой эле, АКШ менен С-400 маселесин чечүүнү убада кылды.

Аналитиктер ал Швециянын НАТОго мүчөлүгүн тез арада колдойт деп күтүшүүдө.

Орусиянын баскынчылыгы

Батыштагы баардык нааразычылыктарга карабастан Эрдоган Кара деңиз аркылуу Украинанын данын экспорттоого жол ачкан Москва менен Киевдин ортосундагы келишимди түзүүгө жардам берген. Орусия Украинанын портторун жаап, аны менен өлкөнүн экономикасын муунтуп, дан эгиндеринин дүйнөлүк баасын кымбаттатууга аракет кылган.

Куктун айтымында, Эрдогандын шайлоодо жеңилиши менен келишимди андан ары узартуу маселеси келип чыгат, себеби анын мөөнөтү жакында аяктайт.

"Бул дан келишимин сактоо кыйыныраак болот, себеби анын тагдыры чындыгында Путин менен Эрдогандын мамилесине жана алардын бири бирине ишенимине байланган, - дейт ал. – Биз авторитардык лидерлер жөнүндө сөз кылганда, менимче, алардын мамилесиндеги "жеке химияны" баалабайбыз".

Кылычдароглу Эрдогандай харизмасы жок, жумшак үндө сүйлөгөн технократ катары сүрөттөлөт.

Орусия Украинага басып киргенден бери Эрдоган чыңалган жипте басып келатат: Москванын агрессиясын "кабыл алынгыс" деп баалап, аны менен катар Украинага дрон берип, ошол эле маалда Москва менен ысык ымаласын улантууда. Түркия ошондой эле Батыш мамлекеттери тарабынан санкцияларга кирген товарларды Орусияга жеткирүүнүн негизги каналы бойдон калууда.

Эксперттердин пикиринде, эгер шайлоону Кылычдароглу жеңип алса Түркия Украина менен да, Орусия менен да кызыкчылыктар балансын сактап, аны менен катар Батыштын Москвага киргизе турган санкцияларына каршылыкты тең салмактай бермекчи.

Мунун түпкү себептеринин бири Түркиянын алсыз экономикасы жана анын Орусиянын газ, күйүүчү май сыяктуу энерго ресурстарына, сала турган инвестициясына көз карандылыгы. Бул өлкөнүн экономикасы акыркы он жылда асмандаган инфляцияны баштан кечирип, ал болсо баалардын өсүшүнө алып келүүдө.

Түркия азыр жагып жаткан газдын 45 пайызын, мунай менен көмүрдүн чоң бөлүгүн Орусиядан алат. Анын эми курула баштаган атомдук электр станцияларына колдонула турган отун да Орусиядан келмекчи.

Өткөн жылы Владимир Путин Орусияга каршы ири санкцияларды киргизгенден кийин Евробиримдикке газ берүүнү кескин кыскарткан.

Батыштын санкцияларынын кийин орусиялык туристтер жана компаниялар үчүн Түркия жагымдуу мамлекетке айланды, алар керектүү каражат менен инвестиция алып келүүдө. Санкциялардан кийин эки мамлекеттин ортосундагы сооданын көлөмү кескин өстү.

Эгер Кылычдароглу жеңсе шайлоодон кийин ал дароо Европа менен ишин кызытат, бирок Путинди көпкө чейин көңүл сыртында калтыра албайт дейт Вашингтондогу Брукингс институтунун илимий кызматкери Асли Айдынтасбас.

"Эртеби, кечпи ал Путинге Орусиянын Туркиядагы кызыкчылыктарына коркунуч туудурбай турганын айтат. Эң негизги маселе - ага Путиндин кандай жооп берери", - деди ал.

Айдынтасбастын пикиринде, Кылычдароглунун тушунда Орусия менен байланыштар бекем бойдон калган күндө да, АКШ менен азыркы солгундап кеткен мамилелерди жөндөө үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн калыбына келтирүү маанилүү жараян болуп эсептелет.

"Бул - эки тараптуу мамилелердеги тоскоолдуктарды жоюудагы маанилүү нерсе", - дейт ал.

Муну менен бирге эксперт андай айрым тоскоолдуктардын кала берерин кошумчалады. Анткени өлкөдө АКШга жана НАТОго каршы маанай күч, бул болсо Анкарага жаңы лидер келген күндө да эки тараптуу мамилелердин олуттуу жакшырып кетишин чектеген факторлордун бири бойдон кала бермекчи.

Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин өкүлү Стивен Кук дагы ушундай эле ойдо.

"Мен кимиси утпасын - шайлоодон кийин эле АКШ менен Түркиянын мамилелери көктөп, гүлдөп кетет, деп ойлобойм", - дейт ал.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG