Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Кырым – түркүн түстүү гүлдөр сымал этностордун мекени


Номан Челеби-Жихан (1885 -- 1918)
Номан Челеби-Жихан (1885 -- 1918)

XX кылымдын башында эгемендик үчүн күрөшкөн Кырым татар элинин көсөмү Номан Челеби-Жихан Кырым жарым аралындагы бардык этносторду баш коштуруу жана жарым аралды чыныгы Швейцарияга айлантуу идеясын көтөргөн жана кырым татарларынын гимнинин текстин жазган. Тарыхчынын блогу.

Алгы сөз

2014-жылы жазында В.Путиндин бийлиги Кырым жарым аралын Украинадан күч менен убактылуу каратып алгандан бери бул аймактагы түпкү калктын тарыхына өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

Айрым орусиялык шовинисттер Кырым жарым аралы атам замандан бери Орусияга таандык болуп келчү, деп айтып келишкенине карабастан, бул жарым арал Орусияга да, Украинага да эч багынбаган, тескерисинче, алардын коопсуздугу үчүн коркунуч түзүп турган кубаттуу мамлекетке да ээ болгон тарыхый барактарга ээ.

Бул жарым арал байыркы жана орто кылымдарда Жер Ортолук деңизи менен Кара деңиздин чөлкөмдөрүндөгү, Европадагы жана Азиядагы маданий очоктор үчүн маданий жана соода-экономикалык көпүрө кызматын аркалап келген.

Дал ушул жарым аралда “кыргыз” этноними камтылган нечендеген жер-суу аталыштары да катталган.

Бул маалымат, албетте, этнологиялык жүйөөгө ээ. Ногойлордун, анын ичинде кырым татарларынын курамына кирген көчмөн ногойлордун (орто кылымдардагы кыпчактардын бир бутагынын) ичинде кыргыздардын Эдилге жана Кырымга чейин жеткен уруктары да болгон.

Илимпоздор кырым татарларынын XV кылымдын ортосунан берки мамлекеттик жана этностук тарыхын мындайча баскычтарга бөлүшөт:

1. Кырым хандыгы (1441–1783);

2. Кырымдын Орусия падышалыгы тарабынан каратылып алынышы жана падышалык оторчулук доору (1783–1917);

3. Падышалык режим кулагандан кийинки Кырым Эл Жумуриятынын түзүлүшү (1917–1918);

4) Советтик Орусиянын Кырымды каратып алуусу жана мындагы советтик автономиялык түзүлүш (1918–1944);

5. Кырым татарларынын жапырт сүргүнгө айдалышы (депортацияланышы) жана бозгундагы кезең (1944–1987);

6. Кырым татарларынын өз тарыхый атажуртуна өз демилгелүү кайта башташы (1987–1991);

7. Эгемен Украинанын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана демократиялуу түзүлүшүн колдоо жана анын курамында Кырым автономиясын чыңдоо күрөшү (1991–2014);

8) Орусиялык режимдин убактылуу каратып алуусуна каршы күрөш (улантылууда).

Номан Челеби-Жихандын өмүр жолунун орчун барактары

Эми ушул баскычтардын ичинен үчүнчү баскычта көрүнүктүү ишмердиги менен эл эсинде калган даңазалуу тарыхый инсанга кайрылалы.

Ал – Номан Челеби-Жихан (кырым татарча: Noman Ibraim оğlu Çelebicihan, орусча: Номан Челебиджихан, Челеби Челебиев; 1885 – 23.02.1918).

Кырым татар элинин бул саясатчысы, укукчу, акын жана публицисти 1917-жылдын 9-декабрында (Юлий жылсанагы боюнча 26-ноябрда) негизделген жана кыска убакыт гана өкүм сүргөн Кырым Эл Жумуриятынын (Республикасынын) туңгуч президенти болгон. Аны ушул жумурияттын бийлигинин жана кийинчерээк кырым татарларынын “Ант бергенмин” (“Ант Эткенмен”) аттуу улуттук гимнинин ырынын текстин жазган акын катары да дурус билишет.

Номан Челеби-Жихан падышалык оторчулук доорунда, 1885-жылы, Кырымдын түндүгүндөгү Оркапы жергесинде Бүйүк Сунак (Büyük Sunaq) кыштагында туулган. Кийин украинче Чирки деп аталып калган кыштак совет доорунда (1968–1977-жылдардын ортосунда) жоюлуп кеткен.

Номан Челеби-Жихандын атасы – Ибрайим Челеби, энеси – Жиханшах айым. Демек, анын атындагы Челеби-Жихан бир учурда атасынын жана энесинин ысымдарын камтыйт. “Челеби” сөзү сопулук ой-мураста “сүйүктүү”, “Жараткан сүйгөн” дегендей терең маани берсе, “жихан” сөзү “дүйнө” маанисин берген сөз. (Салыштырсак, кыргызча Жаханшах, Жиханшах ысымдары кээде “Жаанша” деп кыскартылып да келет жана “дүйнөнүн шаасы”, “дүйнөнүн өкүмдары” маанисин берет).

Маалыматтарга караганда, Ибрайим Челеби ичкиликке ык коюп, карызга белчесинен батып, айтор, өз бүлөсүнө жокчулуктун зардабын тарттырган экен.

Бакчасарай шаарындагы мурдагы Кырым хандыгы доорундагы аксарай. 22.10.2021.
Бакчасарай шаарындагы мурдагы Кырым хандыгы доорундагы аксарай. 22.10.2021.

Оболу Челеби-Жихан өз кыштагында башталгыч мектептен, андан соң Жанкөйдүн атырабындагы Акчора медресесинен таалим алган. Андан соң ал Бакчасарай (кырым татарча “Бағчасарай; Bağçasaray; украинче жана орусча Бахчисарай) шаарындагы Зынжырлы медресесинде да окуусун улантат.

Айтмакчы, Бакчасарай бир кездери Кырым хандыгынын, ал эми 1917–18-жылдары Кырым Элдик Жумуриятынын борбор шаары болгон. Бул шаарда Челеби-Жихан арапча жана осмон түркчө гана эмес, орусча адабият менен да таанышкан.

1905-жылдагы Орусиядагы ыңкылап окуялары, түрк мусулман жадитчилердин жана орусиялык демократтардын үгүттөрү ага чоң таасир тийгизет. Ал өзү дагы коомдун сабаттуу өкүлдөрү менен кошо жекече изденүүгө далаалат жасайт.

Стамбул шаарындагы айтылуу Топкапы сарайы
Стамбул шаарындагы айтылуу Топкапы сарайы

Стамбул сабактары

1906-жылы ал Осмон султандыгынын борбору Стамбул шаарына келет. Башка маалыматта ал 1908-жылы бул шаарга келген деп айтылат, бирок ал 1906-жылы Стамбулдагы Мержан лицейинде (Mercan Mülkiye İdâdîsi) окугандыгы маалым.

Ал 1908-жылы Осмон султандыгындагы жаш түрктөр уюштурган ыңкылапчыл окуяларга (Meşrutiyet inkılâbı) жеринен күбө болот. 23 жашка келген Челеби-Жихан бул окуялардан улам: “Эми биз орустарга каршы боштондук үчүн аракеттенебиз. Буга камылга көрүшүбүз ылаазым”, – деп айткан.

Тарыхчы Кевсер Дегирменжинин жазганына караганда, бул коомдук ишмердин атынын кийинчерээк “Номан” аты менен кошумчаланып калышы анын Стамбулда жашап калышына байланыштуу болгон.

Анын азан чакыргандагы өз аты Челеби Жихан эле болгон. Анын падышалык Орусиядагы расмий тегаты "Челебиев" болчу.

Номан ысымы – ал Стамбулга келгенден кийин кабыл алган жаңы ылакап аты (mahlas). Белгилүү болгондой, Түркияда тегат жазуу жаатындагы жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин кишилердин кимдигин аныктоо үчүн эки ат коюшкан. Алардын бири азан чакыргандагы өз аты, экинчиси – анын ылакап аты эле. Бул адат Кырымда болгон эмес; Кырымда ар кимдин өз аты бар эле жана эгер расмий документте өздүгүн кошумча белгилөө зарыл болсо, анда эркек кишинин өз атынын жанына атасынын аты жазылып, аягында уулу деген сөз кошулуп коюлчу.

Демек, эгерде кайсы бир кырым татары Осмон султандыгына келип жашап калса, ага дароо кошумча ылакап ат коюшкан. Ошентип, Челеби Жихан мырзага Стамбул шаарында ылакап ысым катары “Номан” деген ат ушундайча кошумча жазылып калган.

Бирок ал Орусияга кайтып келгенден кийин деле бул жаңы адабий атын (ылакап атын) колдонуусун уланта берген. Ал түрк тилдериндеги тексттерге дайыма “Челеби Жихан Номан”, кээде “Челеби Жихан” деп эле жазып, анан колун койгон. Бирок, орустар менен болгон кат алышууларында, мисалы, 1917-жылдагы Февралдагы ыңкылаптан кийинки кезеңде ал өз ысымын “Челебиджихан Челебиев” түрүндө жазып, кол коюп келген.

Ал Стамбул университетинде укук жана диниятчылык тармактары боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Осмон султандыгынын борборунда жүргөн чагында ал “Жаш татар жазуучулар жыйыны”, “Кырым татарлардын окуучу жаштарынын коому” деген коомдук уюмдарды жана “Атажурт” (“Ватан”) деген тымызын аракеттенген саясий уюмду негиздөөгө катышкан.

1912-жылы ал Кырымга кайтып келип, кийинки (2013-) жылы падышалык Орусиянын борборундагы Санкт-Петербург психоневрология институтунун укук факультетине окууга өткөн.

Улуттук боштондук кыймылы

1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда ал Кырымга кайтып келип, улуттук боштондук күрөшүнүн стратегиясын Жафер Сейдамет менен бирдикте иштеп чыга баштаган.

1917-жылдын Феврал ыңкылабы буга чейин саясий ишин тымызын жүргүзүп келген жигердүү кырым татар саясатчыларынын боштондук күрөшүнө кыйла жагымдуу шарт жараткан.

1917-жылы март айында Биринчи жалпы кырымдык мусулман курултайы өткөрүлүп, анда Кырым мусулмандарынын Убактылуу аткаруу комитети негизделген жана анын төрагасы болуп Номан Челеби-Жихан шайланган.

Айтмакчы, ошол эле учурда ал курултайдын делегаттары тарабынан Кырымдын алгачкы муфтийи кызматына дайындалган. Ал Стамбул университетинде укук жаатында гана эмес, диниятчы кесибинде да таалим алгандыгы эске алынган.

1917-жылы 23-июнда Номан Челеби-Жихан Севастополдогу орусиялык чептин контрчалгын кызматы тарабынан камакка алынган, бирок Кырымдагы коомчулуктун талабы менен аны кайра боштондукка чыгарышкан.

Ошол жылы жайында ал “Татар партиясын” негиздөөгө уюштуруучулардын бири катары катышат (1919-жылы ал уюм “Улуттук партия” – “Миллий фырка” деп аталып калган жана кийин болшевиктер ал партияга тыюу салган).

Курултайда шайланган жолбашчы

1917-жылы ноябр айынын акырында (Григорий жыл санагы боюнча декабрда) Кырым татар элинин Биринчи курултайы өткөрүлгөн. 1917-жылы 13-декабрда курултай Кырым Элдик Жумурияты (Qırım Halq Cumhuriyeti) түзүлдү деп жар салган.

Номан Челеби-Жихан Кырым Элдик Жумуриятынын улуттук өкмөтүнүн – Директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган (адабиятта шарттуу түрдө “президент” аталып келет). Ал бир эл учурда адилет башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Ал кезде ал 32 жашта болгон.

Болшевиктер Кырым Элдик Жумуриятын тааныбай коюшкан. Алар Кара деңиз аскер флотунун көмөгү менен Кырымды күч менен каратып алышып, Кырым Элдик Жумуриятынын өкмөтүн кулатышкан.

1918-жылы 26-январда Номан Челеби-Жихан болшевиктер баштаган жана анархисттер ого бетер курчуткан жапырт террор маалында камакка алынып, Севастопол абагына жеткирилген.

1918-жылы 23-февралда аны орусиялык деңизчилер (матростор) эч кандай соту жок эле өлтүрүп салышкан жана сөөгүн Кара деңизге таштап салышкан.

Челеби-Жихандын осуяты

Номан Челеби-Жихан ар кыл этностор байырлаган Стамбул жана Санкт-Петербург шаарларында жашап, ар башка элдердин айдыңдары менен баарлашкан инсан болгон.

Ал эгемен Кырым Элдик Жумуриятын сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн мыкты жолу катары Кырым жарым аралындагы бардык этностордун тең укуктуу турмушун камсыз кылууну сунуштаган.

Номан Челеби-Жихан Кырым татар элинин Биринчи курултайынын ирегесиндеги сөздөрүнүн биринде көп этностор ынтымакта орток мамлекетти гүлдөтө алган өрнөктүү өлкө катары Швейцарияны мисал кылып айта кеткен (Кыргызстандын совет доорундагы жолбашчыларынын бири Жусуп Абдыракманов да 1928-жылы өз автоном жумурияты “келечекте Борбордук Азиянын Швейцариясы болсо экен” деген тилегин айткан эмеспи):

“Кырым жарым аралында түркүн түстүү розалар, лилиялар, жоогазындар өсөт. Ал эми бул көрктүү гүлдөрдүн ар биринин өзүнө таандык кооздугу, өзгөчө назик жыты бар. Бул розалар, бул гүлдөр – Кырымда байырлап жаткан элдер: татарлар, орустар, армяндар, жөөттөр, немистер жана башкалар. Курултайдын максаты – аларды бириктирүү, алардын ар биринен көркөм жана жарашыктуу гүлдесте жасоо жана кооз Кырым аралында тим эле чыныгы маданияттуу Швейцарияны негиздөө болуп саналат”.

(“Qırım yarımadasında türlü renklerde bir çoq zarif güller, zanbaqlar, lâleler bardır. Ve bu lâtif ruh-i naz çeçeklerniñ episiniñ kendilerine mahsus bir güzelligi, özlerine mahsus lâtif qoquları bar. Bu güller, bu çeçekler Qırımda yaşağan milletler: tatar, rus, ermeni, yeudiy, nemse ve başqalarıdır. Qurultaynıñ maqsadı olarnı bir yerge toplap episinden bir güzel ve nefis buket yapmaqtır, güzel Qırım adasında aqiqiy medeniy bir İsviçre tesis etmektir.”)

Номан Челеби-Жихан мырзанын оюнча, кырым татарларынын курултайы жарым аралдагы жалпы элдин таламын көздөөгө тийиш:

“Курултай бир гана (кырым) татарларын эле эмес, татарлар менен кылымдар бою бир туугандык карым-катнашта жашап келе жаткан бардык башка элдерди да өз назарында тутат. (Курултай) аларды биргелешип иштөөгө чакырат жана алар менен кол кармашып илгерилейт. (Кырым) татарлары бул иште жетекчи эмес, тескерисинче, демилгечи болуп саналышат жана демилгечилик милдетин жүзөгө ашырышат”.

(“Tatar Qurultayı yalıñız tatarlarnı degil, asırlardan berli tatarlarnen beraber qardaşça yaşap kelgen diger milletlerni de tüşünmekte. Olarnı da işke davet eterek, olarnen qol-qolğa berip ketecektir. Tatar bu işte amir degil, belki bir müteşebbis, yalıñız bir teşebbüsçilik vazifesini icra etecektir.”)

Бул сөздөн улам Номан Челеби-Жихан түпкү калк (кырым татарлары) өз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн күрөштө жарым аралдагы башка этностук топторду да данакерлик менен өзүнө тартууга умтулушу керектигин баса белгилегенин аңдайбыз.

Анын бул ою азыр дагы кырым татарлары жана башка кырымдыктар үчүн осуят болуп кала бермекчи.

Гимн – ант ыры азыр да элге кызмат кылат

“Ант бергенмин” (кырым татарча “Ант эткенмен”) деген ыр кырым татарлары тарабынан өзгөчө кастарланган ыр катары алигиче ырдалып келет.

Ырдын текстин Номан Челеби-Жихан 1917-жылы расмий гимн долбоору катары эмес, жеке өзүнүн коомдук ишмер жана атуул катары сезимдерин ачыктоо үчүн гана жазган.

Номан Челеби-Жихан (1885–1918) сөзүн жазган Кырым татар улуттук гимни. 1917. Арап арибинде кырым татар тилинде.
Номан Челеби-Жихан (1885–1918) сөзүн жазган Кырым татар улуттук гимни. 1917. Арап арибинде кырым татар тилинде.

“Ант бергенмин” ырынын кырым татарча түп нускасы 1917-жылы кырым татарларынын “Миллет” (“Millet”, б.а. “Улут”) гезитинде арап арибинде жарыяланган. Ушул эле текст “Кырым жыйнагы” (“Kırım Mecmuası”) журналынын 1918-жылдагы 8-санына да киргизилген.

Бул ыр автордун көзү тирүүсүндө эле башкалар тарабынан обондуу ырга айланып, жалпы эл тарабынан сүйүктүү гимн катары кеңири ырдалып кеткен.

Маселен, “Ант бергенмин” обондуу ыры 1917-жылы 9-декабрда Бакчасарайда өз ишин баштап жаткан Кырым татар элинин Биринчи курултайында салтанаттуу марш күүлөрүн ойногон оркестр тарабынан делегаттар үчүн да аткарылган.

1991-жылдын 30-июнунан тартып бул ыр эрки кажыбас кырым татарларынын улуттук гимни катары расмий ырдалып келет.

Ыр текстиндеги айрым өзгөрүүлөр жана олуттуу маани

1943-жылдан тартып бул ырдын текстине айрым өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, андагы “татарлардын жарасы” сөзү “улутумдун жарасы” (“миллетимниң йарасы”) сөзү менен алмаштырылган жана айрым эски диалектилик сөздөрдүн ордуна жалпы кырым татарлары колдонуп калган сөздөр киргизилген.

Орусиядагы өзүнчө Татарстан АССРи аталган автономиялык жумуриятка мезгилдеш болгон Кырым АССРи (Qırım Muhtar Sotsialist Şuralar Cumhuriyeti) 1921-жылдын 18-октябрынан 1945-жылдын 30-июнуна чейин өкүм сүргөн. Бул шартта ырдын текстиндеги “татар” сөзү кырым татарларга эле эмес, орус адабиятында “татар” деп аталган жалпы түрк тилдүү элдерге да таандык болуп аңдалып калган.

Бул жагдай да эске алынганбы, айтуу кыйын.

Кандай болсо да, бул ыр кырым татарларынын эгемендикке болгон сүйүүсүн, айдыңдыкка умтулуусун чагылдырып, кылымдар карытып, ырдала бермекчи.

Ырдын бир сабы “Ант бергенмин ушул караңгы журтка шоола сепкенге” (“Ant etkemen şu karangı yurtka şavle serpmege”) деген ыр сабы, бир чети, илим-билимге чакырган жадидчилердин идеясын эске салат.

Номан Челеби-Жихан өзү да жадидчилердин баштоочуларынын бири Ысмайыл Гаспыралынын (1851–1914) “Тержүмен” басылмасын ырааттуу окуган жана анын агартуучулук ишмердигине жылуу баа берген.

Дал ушул ыр саптарынын ой чабыты айтылуу түрк акыны Назым Хикметтин кийинчерээк жазган төмөнкү ырынын идеясына да окшош.

“Эгерде мен күйбөсөм,

Сен күйбөсөм,

Биз күйбөсөк,

Караңгыдан жарыкка кантип жол табылаар?”),

(“Sen yanmazsan,

Ben yanmazsam,

Biz yanmazsak

Nasıl çıkar karanlıklar aydınlığa?”)

Бул сыяктуу айдыңдыкка, илим-билимге үндөөнү Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Эшенаалы Арабай уулу, Тоголок Молдо сыяктуу кыргыз жадитчилери да жар салышкан эмеспи.

Ал эми айтылуу кыргыз “заманачысы” Арстанбек Бойлош (Буйлаш) уулу:

“Кабарың Күнгө кетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү

Бүт колуңа өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксаң кийиксиң!” деп ырдагандай, Номан Челеби-Жихан өз ырында аткаминер жана мамлекет башчы акыры карапайым кишилердей эле кара топурак жамынаарын эскерте кетет:

“Ант бергенмин, сөз бергенмин билүү үчүн өлгүчө,

Билип-көрүп улутумдун көз жаштарын сүрүүгө.

Билбей-көрбөй миң (жыл) жашап, курултайлуу хан болсом

Деле бир күн бейитчилер келээр мени көмүүгө”.

(“Ant etkemen, söz bergemen bilmek içün ölmege,

Bilüp körüp milletimnin köz yaşını silmege.

Bilmi, körmi bin yaşasam. Kurultaylı han bolsam,

Kene bir kün mezarcılar kelir meni kömmege”).

Төмөндөгү тасмада бул ырдын 1991-жылы кырым татар элинин курултайында расмий гимн катары кабыл алынган оңдолгон варианты аткарылган.

Аттиң ай, болшевик деңизчилер өз элинин кулуну Номан Челеби-Жихандын сөөгүн деңизге ыргытышып, бейит да калтырышпады. Соту жок бул киши өлтүрүү Кырымда кызыл террордун айынан күнөөсүз набыт кеткен миңдей кишинин биринин гана эмес, кырым татарлардын жашы 33тө гана болгон даңазалуу мамлекеттик ишмеринин өмүрүнө балта чапты, аны менен кошо көз каранды эмес көп этностуу мамлекетти куруу мүдөөсүнө да шовинисттик сокку урган.

Элеси эл жүрөгүндө

Арийне, Номан Челеби-Жихандын жалындуу ыр саптары бейиттен мыкты жана көөнөргүс эстеликке айланды.

Азыркы тапта Номан Челеби-Жихандын элесин жалаң гана кырым татарлары эмес, Кырым жарым аралын болочокку демократиялуу жана ар кыл этностор ынтымакта жашаган автономиялуу украин аймагы катары көргүсү келген бардык мекендештери аздектеп эскеришет.

2018-жылдын 22-февралында Украинанын Ичня (Ічня) шаарындагы темир жол бекетинин имаратына Номан Челеби-Жихандын элесине арналган эскерүү тактасы орнотулду.

Абибулла Сейит-Желилдин «Крым татар тили: Үйрөтүү китеби» аттуу окуу куралы Харьков шаарында латын алфавитинде жарыяланды. 2020-жыл. Мында Номан Челеби-Жихан тууралуу да кыска маалымат бар.
Абибулла Сейит-Желилдин «Крым татар тили: Үйрөтүү китеби» аттуу окуу куралы Харьков шаарында латын алфавитинде жарыяланды. 2020-жыл. Мында Номан Челеби-Жихан тууралуу да кыска маалымат бар.

Сөз акырында

Иосиф Сталин 1945-жылы тек гана Кырым облусу деп өзгөртүп салган бул жарым рал аймагы 1954-жылдын 26-апрелинен тартып Украин ССРинин карамагына өткөн. 1991-жылы 12-февралда жарым аралда Кырым АССРи кайра калыбына келтирилген. Ошол жылдын 24-августунан тартып бул түзүлүш эгемен Украинанын курамында калган.

1992-жылы 26-февралда бул автономия Кырым Жумурияты (Республика Крым) деп аталган. 1994-жылдын 21-сентябрынан Украинанын курамындагы Кырым Автонгомиялуу Жумурияты болуп калган.

2014-жылы Путиндин Орусиядагы режими жарым аралга аскердик чини жазылбаган “жашыл кийимчен” жоокерлерин күргүштөтүп киргизип, дүйнө өлкөлөрү тааныбаган жалган “референдумду” уюштуруп, Кырымды убактылуу каратып алды.

Ал эми кырым татарларынын бул жарым аралдан 2014-жылдан кийин Украинанын башка аймактарына чыгып кетүүгө аргасыз болгон негизги саясий лидерлери жана карапайым өкүлдөрү Украинанын баскынчыл Орусияга каршы жалпы боштондук күрөшүн ырааттуу колдоого алып келишет.

Ушул тапта Украинанын баскынчылардан эркин аймактарында кырым татарлары өз эне тилиндеги адабиятты латын алфавитинде жарыялап келишет. (Ал эми Татарстан XXI кылымдын башында латын алфавитин татар тили үчүн кайрадан расмий киргизгенде, Кремлдегилер ага бөгөт коюп салышкандыгы эстен чыга элек).

Азыркы согушта кырым татарларынын басымдуу көпчүлүгү эмне үчүн расмий Киевди колдоп жатышкандыгы да түшүнүктүү. Анын башкы себептеринин бири – демократиялуу жана либерал Украина бийлиги жарым аралдагы саны кыйла азайган бул түпкү калктын жана башка чакан элдердин өкүлдөрүнүн этностук жана маданий кызыкчылыктарын авторитардык Кремлге караганда алда канча алгылыктуу колдоого алып келгендиги.

(P.S. Макалада “Крым” эмес, “Кырым” деп жазганыбыздын себеби – боордош кырым татарлары бул топонимди ырааттуу түрдө “Кырым” деп айтышат жана жазышат. Кыргыз улутунун “Манас” эпосунда жана башка фолклорлук мурасында да бул топоним “Кырым” деп эле берилет.

Башка замандаштарды да кыргыз тилиндеги тексттерде төмөндөгү жана башка топонимдерди орус орфографиясына ылайык эмес, “Кырым”, “Бакчасарай”, “Бээжин”, “Грекия”, “Дүйшөмбү”, “Орусия”, “Түркия”, “Шибер”, “Энесай” ж.у.с. түрдө колдонууга чакыргыбыз келет).

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG