Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Украина: Орусия аткылоону улантты, "дан келишими" жанданды


Украинадан дан ташып бараткан кеме.
Украинадан дан ташып бараткан кеме.

Орусия Украинанын шаарларын жапырт аткылоону улантууда. "Жанкечти" дрондор турак жайларга чабуул жасап жатса, ракеталык соккулар энергетикалык объектилерге урулууда. Украина абадан коргонуу системалары менен чабуулдун мизин кайтарганды өздөштүрдү. Бул арада Орусия Кара деңиз аркылуу украин дан азыктарын чыгарууга кайрадан уруксат берди.

Шаарларга уланган соккулар

Орус күчтөрү 2-ноябрга караган түнү да Украинанын ири шаарларына кайрадан Иранда жасалган "жанкечти" Shahed-136 дрондору менен сокку урду. Алар жөнөткөн 13 учкучсуз учактын 12син украин армиясы атып түшүрдү. Соңку суткада мындан башка чабуулдар да уланды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Илья Евлаш соңку баяндамасында буларды кабарлады:

“Соңку суткада каршылаштар 7 ирет ракеталык жана 47 ирет авиациялык сокку жасады. Реактивдүү жапырт аткылоочу системалар менен 90 жолу аткылады. Кеминде 25 калктуу түйүндөргө душмандын соккусу тийди. Анын ичинде Запорожье облусунун Краматорск, Николаев, Полтава шаарлары жана Донецк облусунун Павловка шаары да бар”.

Украинанын талкаланган энерго объектиси.
Украинанын талкаланган энерго объектиси.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт чабуулун Крым көпүрөсүнө сокку урулган октябрдын биринчи жарымынан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдарга жана энергетикалык объектилерге сокку урууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 40% талкаланды. Мунун айынан, маселен, Киевдин өзүндө эле 300 миңдей батир жарыксыз калып, борбордун калкынын 40% суусуз отурат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда инфратүзүмдү калыбына келтирүү иштери уланып жатканын маалымдады.

“Ушул убакка чейин биз Украинада дээрлик бардык керектөөчүлөрдү суу менен камсыздоо калыбына келтирилгенин маалымдасак болот. Ошондой эле көпчүлүктү электр менен камсыздоодо техникалык мүмкүнчүлүк да ордуна келтирилүүдө. Украинанын тогуз районунда өчүрүүлөр уланууда. Энергетиктер жана жергиликтүү бийликтер өчүрүүнүн убактысын азайтуу үчүн колунан келгенин жасашууда”.

Владимир Зеленский атып түшүрүлгөн Shahed-136 дронунун жанында. Киев, Украина.
Владимир Зеленский атып түшүрүлгөн Shahed-136 дронунун жанында. Киев, Украина.

Москва менен Тегеран Орусияга Ирандан учкучкуз учактар келип жатканы тууралуу маалыматтарды ырастабай келатат. Украиналык жана эл аралык адистердин жоон тобу орус тарап соңку апталарда колдонуп жаткан "Герань-2" дрону ирандык "Шахид-136" экенин, болгону анын сыртын жасалгалап коюшканын белгилеп жатышат. Ал дрондор Украинанын ири шаарларындагы жарандык объектилерге сокку урууда.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө, Украина аталган "жанкечти" дрондор менен ийгиликтүү күрөшө баштаганын маалымдаган. Алардын ырасташынча, украиндер ирандык өндүрүштөгү дрондордун 85% атып түшүрүп жатат.

Жанданган “дан келишими”

Бул арада Орусия "дан келишимин" улантууга кайрадан макул болду. Москва Крым жарым аралындагы аскердик кемелер талкаланган соң, 29-октябрда бул келишимден чыгып кеткенин жарыялаган. Түркия менен Украина үч күндөн бери украин данын ташыган кемелерди Орусиянын кепилдиги жок чыгарып, 2-ноябрда процессти убактылуу токтоткон эле.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган муну Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп чечкенин кабарлады.

“Кечээ мен Путин менен телефондон сүйлөшкөн соң, Орусиянын коргоо министри Шойгу мырза биздин улуттук коргонуу министрибиз Хулуси Акарга чалып, дан ташуу мурда макулдашылгандай эле уланарын айтыптыр. Иш бүгүн 12:00дөн тартып кайрадан жанданат”.

Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолду.

Келишим жанданганын Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, дан жүктөгөн кемелер курал-жарак ташыбашы керек деген талабын кайталады. Кемелер ушуга чейин эле аталган шарттарды аткарып келаткан.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков соңку брифингде мындай деди:

“Эл аралык уюмдардын, ошондой эле Түркиянын көмөгү менен Украинадан гуманитардык коридорду жана айыл чарба азыктарын ташууга ыңгайлашкан украин портторун Орусия Федерациясына каршы колдонбоо тууралуу жазуу түрүндө кепилдик алдык. Украин тарап, анын ичинде деңиздеги гуманитардык коридор Биргелешкен координациялык борбордун жоболоруна ылайык гана иш алып барарына расмий түрдө ишендирди. Орусия Федерациясы алынган кепилдиктерди жетиштүү деп эсептейт жана Севастополдогу теракттан кийин токтотулган Украинанын портторунан дан жана азык-түлүк азыктарын ташып чыгаруу боюнча макулдашууну жандантат”.

Украинадан дан ташып бараткан кемелер. 2-ноябрь, 2022-жыл.
Украинадан дан ташып бараткан кемелер. 2-ноябрь, 2022-жыл.

Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбор орусиялык, украиналык, түркиялык адистерден жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнөн куралган. Алар дан азыктарын ташып бараткан кемелер курал-жарак, ок-дары жана башка аскердик тармакка тиешелүү нерселер бар-жок экенин текшерет.

Орусия менен Украина дүйнөдө дан азыктарын өндүрүүдө жана экспорттоодо лидер өлкөлөрдүн катарында турат. Согушка байланыштуу быйыл алардын экспорту чектелип, дүйнөдөгү кымбатчылыктарга жана тартыштыкка себеп болууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы Орусия Украинага кол салгандан бери 6430 жайкын тургун каза болгонун, 9865 киши жараат алганын ырастады.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG