Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Президент зекиген Райымкулов


Бактыбек Райымкулов
Бактыбек Райымкулов

Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясы Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Өткөн аптада депутат өлкөдө сабиз болуп көрбөгөндөй кымбаттап кеткенине жана сугат суунун калыс бөлүштүрүлбөй жатканына байланыштуу дунган тектүү жарандарды сындаган. Жапаров мындан улам аны улут аралык ынтымакка доо кетирген сөздөрдөн карманууга чакырды.

Соңку учурда Райымкуловдун парламенттеги демилгелери, билдирүүлөрү жана ишмердиги талкуу жаратып келет.

Сабиз баасынан улам жаралган жагдай

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов дунган тектүү жарандар тууралуу тармактык комитетте өлкөдөгү каатчылык, азык-түлүк, жер-жемиштин кымбатташы тууралуу маселе талкууланып жатканда сөз кылган. Аларды сабиздин кымбаттап кеткенине, Чүйдө айрым бир жерлерге сугат суусу жетпей жатканына байланыштуу айыптаган.


Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясы буга нааразы болуп президент Садыр Жапаровго кайрылганы белгилүү болду. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы улут аралык ынтымакка доо кетирген, кесепетин тийгизген билдирүүлөрдөн карманууга чакырганын айтты:

Эрбол Султанбаев
Эрбол Султанбаев

"Президент Садыр Жапаровдун атына "Кыргызстандагы дунгандардын этникалык коомчулугу ассоциациясынан" Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун ачык сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келди. Депутат Райымкулов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында "дунгандар сабиздин баасын жасалма көтөрүп жатат" деп айтып, айыптаган экен. Буга байланыштуу Садыр Жапаров улут аралык ынтымакка байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүндүгүн эскертет. Мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын элдин биримдигине, улут аралык ынтымакка доо кетирип, терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн абайлап, сак болууга чакырды. Жогорку Кеңештин депутаттарын бул темада чайкоочулук кылбоого үндөдү".

"Азаттык" Райымкулов менен байланышып, соңку билдирүүсү тууралуу комментарий сурады. Депутат эмоцияга алдырганын моюнуна алып, дунган коомчулугун капа кылгысы келбегенин билдирди. Деген менен соңку сөздөрүн элдин көйгөйүн көтөргөнү менен негиздеди.

"Бүгүнкү күндө ачык айтканда, суу тартыш болуп жатпайбы. Суу жетпей жатса, кризис болуп жатса каяктан азык-түлүк арзандайт? Суу тартыш болуп жатканда премьерге бир аз эмоция менен айтып койдум. Элдин айткан сөзү менин өзүмдүн сөзүмдөй болуп калса керек. Мына бүгүн эле дагы 50дөн ашык дыйкан келди. Алар мага факты менен суу кайда, кимдерге кетип жатканын видеого тартып келишти. Ачык айтканда, бизде айтса эле туура эмес болуп калып жатат. Бирок дунгандарга же башкаларга жаман айта турган нерсе жок. Кептин баары ошол жерден өкмөттүн өкүлдөрү сууну туура эмес бөлүштүрүп, ортодон тескери иштерди кылып жатканында, ылдый жактагылардын кайрылуулары өйдөгө жетпей жатканында. Биз ошону жеткирели деп ачык айттык да. Биз эл арасында айтылган сөздөрдү жеткирип жатабыз. Өкмөт иштей албай жатса анан эмоцияга алдырасың да".

Кадр дайындоо тууралуу талаш

Өкмөт демекчи, өткөн аптада парламент жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен Бактыбек Райымкулов кадр маселеси тууралуу талашып-тартышкан. Марипов анда кадр дайындоого айрым депуттар кийлигишип жатканын айтып, Райымкуловду мисал кылган.

“Бардык маселеге Министрлер кабинети күнөөлүү. Бирок кадр маселесине келгенде кийлигишпегиле. Таарынычтар ушундан чыгып жатат. Мына, депутат Бактыбек Райымкулов бир кишисин "Чүйдүн Панфилов районунун акиминин биринчи орун басары кылып дайындап бер" деди. Бирок колуман келген жок”.

Ага чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы кадр дайындоого кийлигишкен учурлар тууралуу сөз кылып, Райымкуловдун атын атаган.

Бактыбек Райымкулов 44 жашта, Чүйдүн Кара-Балта шаарында туулган. Ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин "Юриспруденция", 2013-жылы Орусияда президенттин алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясында "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистигин бүтүргөн.

Райымкулов 2002-2012-жылдар аралыгында "Киров суу", "Алымбай Ата", "БишкекЭтКонсерваКомбинаты" ишканаларында жетекчилик кызматтарда иштеген. 2012-2015-жылдары Панфилов районунун акими болгон.

Райымкулов чоң саясатка 2015-жылдан тартып аралаша баштаган. Анда Жогорку Кеңешке "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен шайланган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенамановдун мурдагы күйөө баласы. Убагында Райымкуловдун иштеги, саясаттагы ийгилигин кайын- журту менен байланыштыргандар да болгон.

Бактыбек Райымкулов депутат болгон алгачкы жылдары коомчулуктун калың катмарына мыйзам чыгаруу ишмердиги, демилгелери менен таанылган эмес.

2016-жылдын аягында ошол кездеги парламенттин вице-спикери Нурбек Алимбековдун Тайвандагы жеке сапарынан улам чуу чыгып, ал кызматын тапшырган. Аны менен кошо Тайванга барган төрт парламент өкүлүнүн арасында Райымкулов дагы болгон.

2017-жылы Райымкулов "Көк бөрү" федерациясынын башчысын шайлоого катышып, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго атаандаш катары чыккан. Шайлоодо Илмиянов уткан.

Райымкулов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду кызуу колдогон. Үгүт өнөктүгү учурунда ошол кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековду сындап, анын тууган-уругу көп экенин, бир тобу жогорку кызматтарда отурганын, бийликке келсе, коррупцияга жол бериши мүмкүндүгүн айткан.

Деген менен Райымкулов Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда бийликке сын айткан депутат катары таанылган эмес. Бирок 2019-жылы июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, жоопко тартууга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына кирген. Андан кийин августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2019-жылы ошол кездеги саясатчы Камчыбек Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына аны сындап чыккан. Буга депутаттын "Азия ньюс" гезитиндеги шайлоо тууралуу пикири негиз болгон. Райымкулов алдыдагы шайлоодо “Республикада” бир аз мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе “айта албасын” билдирген. Бул сөзү Ташиевди нааразы кылган.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Урматтуу депутат Райымкулов! Сиздин "Ата Журт" партиясы боюнча берген интервьюңузга жооп жазып коеюн."Республика-Ата Журт" партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүңүзчө боло элексиз, болушуңузга дагы күмөн санайм. Биздин "Ата Журт" партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурдуңуз. Ал эми "бирөөлөргө бир аз кошоматчылык кылсам эле дагы депутат болом" деп жүрөсүзбү. Саткындарды, эки жүздүүлөрдү, бийлик үчүн жанын сатканга даяр болгондорду элибиз да билип, түшүнүп турат. Ошондуктан сиздин да депутат болушуңузга чоң күмөнүм бар. Сизди кайсыл партия катарына кошсо да өтө чоң жаңылышат жана менин саясий каршылашым болот. Ошондуктан кыргыз элимде айтылган сөз бар "ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө" деген. Мындан ары күтө бериңиз, мен саясаттан кеткен жокмун, эми сазайыңарды берем!",- деп жазган Ташиев.

Райымкулов болсо Ташиев жообун түшүнбөй калганын айтып, аны теледебатка чакырган.

Бактыбек Райымкулов соңку парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 25-орунда барган. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду ачык колдогону, анын тарапташтарынын Оштогу митингине катышканы белгилүү. Буга байланыштуу аны парламентте депутат Дастан Бекешев сындап чыккан.

"Коррупция менен күрөшкө түшүнбөй калдым. Акчасы барлар үйүндө же менчик клиникаларда жатат. Тескерисинче, бийликке каршы митингди уюштуруп, ошол жерде биздин кесиптештер жүрүшөт. Президенттин саясатын мактап, элге барып башка маалыматты берип атышат. Киши өзү мен коррупционермин деп айтып атса, булар бийликке каршы чыгып отурушат. Таптакыр түшүнбөй калдым. Бийлик менен мамилеси жакшы. Ошол эле кезде элге коррупционерди коргоп маалымат берип атышат. Бул туура эмес. Коррупционерлерге карата теңсиздик мамиле".

Райымкулов ошондо Бекешев менен кайым айтышып, одоно сөздөрдү айткан.

Кыргызстандагы конституциялык реформа маалында Райымкулов Садыр Жапаровдун президентик башкарууга өтүү демилгесин өтө активдүү, ачык колдогон депутаттардын бири болгон.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Райымкулов демилгечилердин бири болгон коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган долбоор үчүнчү окууда колдоо тапты.

Бул талаш-тартыштуу долбоор мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда даярдалган, бирок кабыл алынбай калган. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирген жобо каралган.

Райымкулов бул долбоорду коргоп жатып, өкмөттүк эмес уюмдарды ар кандай митингдерди уюштурат деп күнөөлөгөн.

"Бүгүнкү күнү Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар арасында батыштын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдерди уюштуруп жатышат. Ошолор ар бир кылган иши үчүн жооп бериши керек. Биз ал жерде НПОлор бир жылдагы иши боюнча маалымат берсин дегенбиз".

Бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул мыйзамга кол койбоого чакырышты. Алардын жүйөсүндө мындай мыйзам демократияга сокку урат.


Былтыр "Клооп" сайты Райымкуловдун 2015-2018-жылдардагы декларациясын талдап чыккан. Ага ылайык, депутат 72 чарчы метрлик батирин, 1989-жылкы "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү машинесин көрсөткөн. Басылма депутат 2020-жылы "Лексус" үлгүсүндөгү, 2011-жылкы автоунаа сатып алганын, баасы 30-40 миң доллардын тегерегинде экенин белгилеген.

Анын 2015-жылдагы кирешеси 72 миң сом болгон. Ал эми 2016-жылы кыйла көбөйүп 641 миң сомду түзгөн. Райымкулов 2017-жылы декларациясына 685 миң сом, 2018-жылы бир миллион 391 миң сом тапканын жазган.

Райымкулов кирешеси тууралуу документке 2017-жылы баасы бир миллион сомго бааланган жылкылары, 800 миң сомдук бодо малы бар экенин көрсөткөн. Кийинки жылдагы декларациясында мал-кели азайган.

Ал Чүй облустук "Көк бөрү" федерациясынын башчысы жана байге фонду кымбат мелдештерди өткөрүп келгени белгилүү. Панфилов районунда жыл сайын "Жаштар ынтымагы" жана "Жаштар ынтымагы. Көк-Бөрү" деген спорттук таймаштарда такай демөөрчүлүк кылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG