Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Байлыгын байбичелерине байлаган депутаттар


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.
15-апрель, 2020-жыл.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. 15-апрель, 2020-жыл.

Издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштырган деп шек саналууда. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергей турган болду.

Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырды деп айыпталып жаткан Асел Шадиева азыр Кыргызстанда эмес. Соңку эки жылдан бери чет өлкөдө жашап жатканын ал 21-майда жарыяланган кайрылуусунда билдирген.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Шадиева өзүнүн актыгын далилдей турган түшүндүрмөлөрүн бергени туура болорун эскертти:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«2010-2017-жылдары Шадиев мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон. Экөөнө тийиштүү активдер жана алардан көргөн кирешеси ошол кездеги бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан кыйла көп. Иш боюнча чогулган материалдар Асел Шадиева кылмышка катышканын айгинелеп турат. Тергөө ага тийиштүү юридикалык баасын берди».

Бар байлыгын байбичесине байлаган аткаминерлердин арасында Аскарбек Шадиев жалгыз эмес. «Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен биргелешип жүргүзгөн «Дубайдагы өнөктөштүк» аттуу иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Бириккен Араб Эмираттарынан жер тилкесин 2015-жылы жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алганы ачыкка чыккан.

«Factcheck.kg» порталы 1997-2017-жылдар аралыгында бажы кызматында эмгектенген Райымбек Матраимовдун жубайы Тургунованын үстүндөгү кийими, тагынган сааты эле Матраимовдор декларацияда көрсөткөн кирешесинен алда канча ашып түшөрүн эсептеген.

Порталдын жетекчиси Болот Темировдун айтымында, кысым иликтөөлөрдүн каармандарына эмес, журналисттерге карата болуп жатыптыр.

«Биз текшерген депутаттардын көпчүлүгү ишканаларын, мүлкүн, фирмаларын декларацияда көрсөтпөйт экен, - деди ал. - Алар унутуп калышабы же калаабайбы, билбейбиз. Негизи депутаттардын жакындарынын байлыгы боюнча көп иликтөөлөрдү жасадык. Бир да жолу тергөө органдары бизге кайрылган жок. Башка өлкөлөрдө журналисттер жарыялаган маалыматтар коррупция боюнча козголгон кылмыш иштерине негиз болуп берип жатат. Бизде болсо бүт тескери. Биздин сайтты жабуу максатында хаккердик чабуул болду, өзүмдү да сабап кетишти».

Болот Темировдун сабалгандан кийинки сүрөтү. 9-январь, 2020-жыл.
Болот Темировдун сабалгандан кийинки сүрөтү. 9-январь, 2020-жыл.

Журналисттер Жогорку Кеңештин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин жубайы Гүлсара Сулайманованын байлыгын да изилдешти. Анын курулуш, туризм, логистика, тоо-кен тармагында иш алып барган 17 компанияда үлүшү бар экенин жазышты. Мындан тышкары депутаттын баласы Темирлан Токобеков 13 компанияга ээлик кылат. Аларга салыштырмалуу Алиярбек Ажалиевдин капчыгы алда канча жука. Декларациясы боюнча депутаттын төрт түлүк малы жана машинеси эле бар.

Абжалиев Гүлсара Сулайманова менен мыйзамдуу түрдө ажырашканын жана журналисттер тизмектеген байлыкка тиешеси жок экендигин айтып жатат:

Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

«Журналисттер жоюлуп кеткен компанияларды жазып салышыптыр. Мен билгенден айтылып жаткан компаниялардын эки-үчөө эле иштейт экен. Калганы ишин токтоткон. Анын үстүнө мамлекеттик кызматта же майлуу-сүттүү жерде иштеген эмес. Өмүр бою «Дордой» базарында ишкерлик менен алектенип келет. Маалыматым боюнча юристтер менен кеңешип жатышат. Мындай маалыматтарды жазып чыккандар жооп берет».

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 73% ишкерлик менен алектенери белгилүү. Эл өкүлү Дастан Бекешев кызматташтары менен мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү мыйзамсыз жол менен байыгандыктан мал-мүлкүн башка бирөөлөргө каттатып жатат деген ойдо.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

«Жалаң эле депутаттар эмес, мамлекеттик жогорку кызматта иштегендердин көпчүлүгү бизнестен келген, - деди ал. - Кыргызстандагы ишкерликти текшере келгенде таза чыкпайт. Көпчүлүгү салыктан качкан же болбосо бажы төлөмдөрүн төккөн эмес. Ири өлчөмдө пара алып же мамлекеттин мүлкүн менчиктеп байып кеткендер да бар. Эгер чындап изилдей турган болсок бүтүндөй саясий элита түрмөгө түшүп калат».

Мыйзам мамлекеттик кызматкерлерге ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салат. Кызматтагы адамдар бар байлыгын декларацияда көрсөтүшү керек. Юридика илимдеринин доктору, саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев капчыктуулардын саясатка келиши бийлик үчүн пайдалуу деп эсептейт. Мунун себебин ал «башкарууга оңой» деп түшүндүрдү:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Биздин президент үч жылдан бери «коррупция менен күрөшөбүз» дейт. Бирок иш алдыга жылбай жатат. Ачыгын айтканда биздин мыйзамдар бийликтин куралы болуп калды. Керектүү убакта пайдаланат. Эгерде күнөөлөнүп жаткан адам тууганы же өз кишиси болсо «бармак басты, көз кысты» болуп калат. Андай болбосо «жеди, ичти» деп баса калабыз, камайбыз. Чындыгында жогорку бийликте жүргөндөрдүн көпчүлүгү мыйзамсыз байыган да».

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жубайы Роза Аманованын 50гө жакын фирмада үлүшү бар экенин журналисттер жазып чыгышкан. Жарандык активисттер да Жумалиевдин байлыгы шектүү жолдор менен топтолгонун жар салышкан эле. Жыйынтыгында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады.

Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жылына мал-мүлкү тууралуу декларация толтурган учурда коомчулукта нааразы пикирлер жаралат. Саясатчылардын бизнесин жакшы билгендер декларация бетиндеги байлык менен иш жүзүндөгү мал-мүлктүн айырмасы абдан чоң экенин айтып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG