Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары


Нурбек Алимбеков Тайванда үч жолу болгонун айтты.
Нурбек Алимбеков Тайванда үч жолу болгонун айтты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков Тайвандагы жеке сапарынан чыккан чуудан улам кызматын тапшырды.

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттардын бул сапары Кыргызстандын Тайван боюнча позициясына каршы келерин билдирди. Алимбеков дагы күнөөнү моюнга алды.

Анткен менен айрым парламент өкүлдөрү Алимбеков Конституцияны өзгөртүүгө каршы добуш бергенин, мындан улам аны жолун таап, бул кызматтан кетиришкенин айтып жатышат.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков баштаган төрт депутат: "Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Дастан Жумабеков, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакиров, "Республика-Ата Журттан" Бактыбек Райымкулов Тайванда 16-22-декабрь күндөрү болгон. Депутаттар барып-келген чыгымын чакырган тарап көтөргөнүн айтууда.

"Тышкы саясатты да биле жүрсөк"

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков 28-декабрда жалпы сессияда бул сапарды сынга алды. Парламент төрагасынын орун басарынын сапары расмий Бишкектин “Тайван маселеси” боюнча позициясына каршы келерин, ”Кыргызстан менен Кытайдын алака-катышына көлөкө түшүрүшү мүмкүндүгүн эскертти:

- Депутаттардын чет өлкөгө сапары боюнча парламентте, коомчулукта нааразылык айтылып келсе, соңку учурларда эл аралык мамилелерге да көлөкө түшүргөн, нааразылык туудурган кырдаалдар пайда болуп жатат. Биздин айрым депутаттардын Тайванга барып келгени боюнча маселе чыгып жатат. Жакын, стратегиялык мамилелеш кошунабыз Кытай Эл Республикасынын бул өлкө боюнча позициясын жакшы билесиздер. Бирок ошондой позициялар бар экенин эске албаган учурлар мамлекеттер ортосундагы мамилеге да көлөкө түшүп жатат. Чакырган тараптын эсебинен экен деп эле бара бербей, сөзсүз түрдө бардык позицияларды эске алып сапарга чыгып жүрсөңүздөр.

Баарыбыз бизнестен, айылдан келдик, эл аралык саясаттын ичке кылдарын билбейбиз. Кээде бир сөз же туура эмес бир сапар эки өлкөнүн ортосуна көлөкө түшүрүп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн ТИМ ошол көрсөтмөнү ар бир депутатка тааныштырса жакшы болот эле.
Каныбек Иманалиев

Кыргыз депутаттарынын Тайвандагы сапары боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен маалымат келген. Анда Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков баштаган эл өкүлдөрү быйыл 21-декабрда Тайвандын Мыйзам чыгаруу органынын төрагасы Су Цзячуан менен жолукканы, анда парламенттик ишмердүүлүк, Тайвандагы демократиялык процесстердин өнүгүшү, эки тараптуу кызматташуу өңдүү темаларда пикир алышканы айтылган.

Нурбек Алимбеков вице-спикерлик кызматты тапшырар алдында актанууга аракет кылды. Бул анын жеке, саясатка тиешеси жок сапары болгонун, чыгымдардын баарын чакырган тарап көтөргөнүн билдирди:

- Чын эле биз өткөн жумада жеке чакыруу менен Тайванга барып келгенбиз. Саясий-экономикалык маселелер көтөрүлгөн эмес. Документтерге кол да коюлган жок. Токмокто алты миң балага, ооруканаларга жардам берген ишканалар бар экен. Алар менен таанышуу максатында барганбыз.

Нурбек Алимбековдун баш-аягы Тайванга үч жолу барганы белгилүү болду.

Тайванга барган дагы бир депутат “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин депутаттары Тайванга барып эле жүргөнүн эстеди:

- Мындай таанышуу максатындагы сапар 5-чакырылыштагы депутаттарда деле болгон. Балдар фондуна жардам берүү, госпиталын көрүү, медициналык мамилелер, бул жерде ишкерлер менен иштешкен компания бар экен, аны менен таанышуу максатында уюштурулган сапар болду. Расмий документтерге кол коюу, кандайдыр бир ой-пикирди билдирүү болгон жок.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Жогорку Кеңештеги Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев дипломаттар эл аралык мамилелер боюнча депутаттарга атайын көрсөтмө бериши керек деп эсептейт:

- Тышкы иштер министрлигинин тигил же бул мамлекет же дүйнөлүк окуяларга Кыргызстандын позициясы боюнча көрсөтмө бар. Бул жашыруун документ. Ошону ТИМ ар бир депутатка кол койдуруп тааныштырып койсо баары белгилүү болуп калат. Баарыбыз бизнестен, айылдан келдик, эл аралык саясаттын ичке кылдарын биле бербейбиз. Кээде бир сөз же туура эмес бир сапар эки өлкөнүн ортосуна көлөкө түшүрүп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн ТИМ ошол көрсөтмөнү ар бир депутатка тааныштырса жакшы болмок.

"Тайван тарап күнөөлүү"

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат, мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул чуулуу окуя боюнча Тайван тарапты айыптады:

- Мен Нурбек Алимбеков мырзаны жакшы тааныйм. Бул анын жеке сапары болсо керек. Тайванда жалпыга маалымдоо каражаттары эмне үчүн бул сапарды расмий деп беришкенин билбейм. Саясий жактан алганда тайвандыктар тарабынан этикага жатпаган иш болду.

Кандай болсо да, кыргыз депутаттардын Тайван сапары коомчулукта эл өкүлдөрүнүн сабаты, деңгээли боюнча талкууга жем таштады.

Тайван маселеси Кытай үчүн өтө орчундуу, маанилүү. Тайван менен ким кандай алака кылып жатат, кандай кадамдар жасалып жатат, баарын тыкыр карап турат. Мунун баары Кыргызстандын аброюна шек келтирет. Кыргызстандын эл аралык саясатына ишенбестикти жаратат.
Аликбек Жекшенкулов

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов муну тышкы саясаттагы алешемдик деп атады жана бул окуя кыргыз парламентине сабак болушу керектигин эскертти:

- Жогорку Кеңештин вице-спикери деген бул саясий фигура. Саясий фигура сыртка чыгып жатканда ТИМ менен, дагы башка атайын кызматтар менен кеңешип чыгышы керек. Тайван маселеси Кытай үчүн өтө орчундуу, маанилүү. Тайван менен ким кандай алака кылып жатат, кандай кадамдар жасалып жатат, баарын тыкыр карап турат. Кыргызстан эле эмес, жакында АКШ президенти Дональд Трамп Тайвандын жетекчилери менен сүйлөшкөндө Кытай катуу реакция кылды. Депутат Нурбек Алимбеков өзүнүн сабатсыздыгын, саясатта быша электигин көрсөттү. Мунун баары Кыргызстандын аброюна шек келтирет. Кыргызстандын эл аралык саясатына ишенбестик жаратат.

Кыргызстан менен Кытай Достук жана кызматташтык келишимине 2002-жылы кол койгон. Расмий Бишкек дүйнөдө бир эле Кытай мамлекети бар экенин, Тайван анын ажырагыс бөлүгү деп тааный турганын айткан. Тайван болсо өзүн Бээжинден көз карандысыз өлкө деп эсептейт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG