Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

COVID-19: Вакцина жана Германиядагы «экинчи толкун»


Коронавируска тест алып жаткан медкызматкер. Потсдам, Германия. 2020-жылдын 16-ноябры.
Коронавируска тест алып жаткан медкызматкер. Потсдам, Германия. 2020-жылдын 16-ноябры.

Германияда коронавирус илдетинин «экинчи толкуну» күч алганына байланыштуу карантин чаралары күчөтүлдү. 16-декабрдан тартып 10-январга чейин өлкөдө азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары, мектептер да жабылат.

Немис жергесинде карантин чаралары күчөтүлөт

Германияда дарыканаларга, банктарга жана башка бир катар калкты тейлөөчү мекемелерге гана иштегенге уруксат берилет.

Инес Фон Витцблен - Германиянын баш калаасы Берлин шаарынын тургуну. Ал коронавирустун жайылышын ооздуктоо аракеттеринин катаалдашын туура эле кабыл алат.

«Быйыл биз Ыйсанын туулган күнүн чоң үй-бүлөбүз менен баарыбыз бир дасторкондо чогулуп майрамдай албай калдык. Бирок бул - кадыресе эле көрүнүш, анткени кырдаал ошондой болуп турат. Эң негизгиси - ден соолукта болсок болду», - деди ал.

Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкөдө карантин чаралары 16-декабрдан тартып 2021-жылдын 10-январына чейин күчөтүлөрүн жекшемби күнү (13-декабрда) билдирди. Ал мунун алдында өлкөнүн бардык аймактарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрүп, карантин чараларын жергиликтүү (аймактык) бийлик органдары менен макулдашкан.

Чогуу кабыл алынган чечимге ылайык, Германияда бардык мектептер, кийим-кече жана башка өтө зарыл эмес буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр жана башка мекемелер жабылат. Болгону азык-түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар жана банк, почто сыяктуу мекемелер гана иштей берет.

«Бул чаралар өтө зарыл, анткени 2-ноябрда киргизилген чектөөлөр жетиштүү болгон жок. Биз канча бир убакытка гана инфекция жуккандардын көбөйүшүн ооздуктап, туруктуу катышты камсыз кыла алдык. Бирок соңку бир нече күндөн бери коронавируска кабылгандар кайрадан кескин көбөйүүдө. Саламаттык сактоо системасына да чоң күч келип жатат», - деди Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел. 9-декабрь, 2020-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел. 9-декабрь, 2020-жыл.

Өлкөдө ресторандар менен барлардын жабылганына алты апта болду. Айрым райондордун бийлик органдары өздөрү да кошумча карантин эрежелерин киргизишкен. Бул жолу чектөөлөргө чач тарачтар да илинди.

Жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жана фейерверктерди сатууга да тыюу салынды. Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык, коомдук жайларда алкоголдук ичимдик ичүүгө болбойт. Ал эми компанияларга кызматкерлерин колдон келишинче үйдөн иштөөгө уруксат берүү сунушталды.

Германиянын финансы министри Олаф Шольцтун айтымында, пандемиядан жабыркаган ишканаларга мамлекеттик колдоо катары 500 миң евродон бөлүнөт.

Шольц мырза 12-декабрда «​Фейсбуктагы» барагында: «​Биз, социал-демократтар, өлкөнү кризистен алып чыгып жаткандарга тек гана кол чаап тим болбойбуз. Биз бул кишилердин келечеги алда канча коопсуз болушуна жетишебиз!» деп жазды.

Роберт Кох атындагы институт билдиргендей, соңку бир суткада коронавирус жуккандар 20 миңден ашып, 300дөн көп киши бул илдеттен көз жумган.

Чехияда болсо жаңы 3,6 миңдей киши коронавирус илдетин жугузуп алды; жалпысынан марттан бери бул илдетке 579,079 киши чалдыкты. 13-декабрга карата өлгөндөрдүн саны 9,535 киши болду.

Чех парламентинин төмөнкү палатасы илдетке байланыштуу чукул кырдаалды 23-декабрга чейин гана узартты. Чех ресторандары өтө аз кардарды кабыл алуу шарты менен өз ишин уланта бермекчи.

Кыргызстанда соңку күн-түн ичинде COVID-19 илдети дагы 297 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталганы жекшембиде маалым болду. Илдеттен көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Коронавируска каршы ыкчам штабы 13-декабрда кабарлады.

Дүйнөдө эмдөө иш-аракети башталууда

Кошмо Штаттардын дары-дармектерди тескеген мекемеси «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары чыгарган вакцинаны өлкө аймагында колдонууга уруксат берди. Бийлик жакынкы айларда он миллиондогон америкалыктарды коронавирустан эмдеш үчүн вакцинаны атайын бөлүштүрүүчү жайларга жеткирүү ишин баштады. АКШда бул вакцина менен эмдөө 14-декабрда башталууда.

«Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары ойлоп тапкан вакцина Целсий өлчөмү боюнча бери дегенде 70 градус суукта гана сакталат. Ошондуктан аны ар кайсы мамлекеттердеги ооруканаларга жана медициналык борборлорго жеткирүү опол тоодой техникалык түйшүктү талап кылат.

Ушул эле вакцинаны колдонууга Улуу Британияда уруксат берилген. Ушул тапта (8-декабрдан тартып) ал жакта улгайган адамдарга жана медициналык кызматкерлерге вакцинанын алгачкы дозасы сайылып жатат.

Ал эми Евробиримдиктин дары-дармектерди тескеген мекемеси «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен бул биримдиктин аймагында эмдөөгө 27-декабрда уруксат бериши күтүлүүдө.

Кытай менен Орусия өздөрү ойлоп тапкан вакцина менен жарандарын жапырт эмдөө чараларын баштагандыгы да кабарланган.

Ал эми өз вакцинасын ойлоп тапкан Индиядагы "Bharat Biotech" компаниясы өкмөттөн эмдөөгө уруксат сурап кайрылып, бир эле учурда өз өнүмүн сатуу боюнча Түштүк Америка, Азия жана Чыгыш Европадагы ондогон мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG