Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Дүйнө коронавирус менен алышууда


Австрия-Венгрия чек арасы.
Австрия-Венгрия чек арасы.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны рекорддук чекке жеткенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, соңку бир күн ичинде дүйнө жүзүндө дагы 212 326 адамдан вирус аныкталган. Пандемия акыркы учурда Латын Америкасында тездик менен жайылууда. Муну менен катар Түштүк Африкада, Индияда жана Жапониянын айрым аймактарында көбүрөөк катталып жатат. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Орусия жана Индия турат.

Кулачын жайган коронавирус

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны рекорддук чекке жетип, бир күн ичинде дүйнө жүзүндө дагы 212 326 адамдан вирус аныкталганын кабарлады. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 28-июнга туура келген. Анда 189 миңден ашык адамдан вирус аныкталган болчу.

Ошентип, 5-июлга карата COVID-19 илдети менен ооругандардын жалпы саны дүйнөдө 11 миллион 200 миңдей кишиге жетти. Ал эми илдеттен өлгөндөрдүн саны 523 миңден ашты.

Маселен, акыркы суткада Индияда COVID-19 дагы 24 850 адамдан табылып, 600дөн ашык киши көз жумду. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки Индиядагы эң чоң суткалык көрсөткүч. Дүйнөдө илдет жуккандардын саны боюнча төртүнчү орунда болуп жаткан Индияда азыркы маалда 675 миңдей адамдан вирус аныкталса, анын 19 миңи каза тапкан. Оору күчөп жатканына байланыштуу Индияда дүйнөдөгү эң чоң убактылуу оорукана ачылды. Нью-Делиде курулган оорукана 10 миң кишиге ылайыкталган.

Индиядагы мейманкана.
Индиядагы мейманкана.


Илдет тездик менен тарап жатканына карабастан жекшембиден тартып Индия Таж-Махал жана башка тарыхый жайларды беткап кийип, аралыкты сактап кыдырууга уруксат берди.

Туристтик компаниянын башчысы Шамшудин Хан буларга токтолду:

"Бул биздин жетекчилик үчүн абдан жакшы жаңылык болду. Бир канча айдан бери жабык турган ишибиз эми кайра башталат. Бул туристтик тармактын өнүгүшүнө түрткү болот".

Ирандык аялдар
Ирандык аялдар


Иранда да коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир күндө өлгөн адамдардын эң чоң көрсөткүчү катталды. 5-июлдагы маалыматка караганда, акыркы бир суткада 162 адам көз жумган. Буга чейин 29-июнь күнү 162 адам каза тапкан көрсөткүч эң жогорку деп катталган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир суткада илдетти жуктуруп алган 2560 учур аныкталганын маалымдады.

Иранда COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 240 438ге жетти, анын ичинен 11 571 адам көз жумду.

Иран коронавирус пандемиясына байланыштуу апрелде киргизилген чектөөлөрдү жумшарткандан бери илдетке кабылгандардын саны өсүүдө. 4-июлда президент Хасан Роухани беткап тагынбагандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүлбөй турганын эскертти.

Соодагер Самад Рустами Иранда илдет күчөп баратканына бушайман:

"Эгер ушул бойдон улана турган болсо, биздин ооруканалар толуп, ал эми бейтаптар көчөдө жатып калат. Биз катастрофага жакындап келе жатабыз".


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматына караганда, илдет жуккандардын жарымы, атап айтканда 5,5 миллиондон ашык киши дүйнө мамлекеттеринин ичинен бул вирустан көбүрөөк жабыркаган аймак - Түндүк жана Түштүк Америкага туура келет. Кошмо Штаттарда ооругандардын саны 2,8 миллиондон ашса, өлгөндөр 130 миңге жакындаган. Бразилияда 1,49 миллион ооруп, анын 64 миңи көз жумду. Ал эми Орусияда расмий 680 миңдей кишиге илдет жугуп, 5-июлга карата каза болгондордун саны 10 161ге жетти. Европада илдеттен 2,7 миллион адам жабыркаган.

Ал арада эпидемиологиялык абал турукташкан Британияда ишембиден тарта чач тарач, музей, ресторан, кинотеатрлар ишин жанданта баштады. Үч айдан ашык убакыттан бери карантинде отурган англиялыктар чач тарачта узун кезекте турганын көрүүгө болот.

Германия
Германия


Карантинден чыккан Европа мамлекеттери экономиканын ыргагын калыбына келтирүү аракеттерин көрүүдө. Туризмди жандандыруу максатында эл аралык аба каттамдарын калыбына келтирип жаткан Германия айрым аба бекеттерде ыкчам тест жүргүзүүнү баштады. Тесттин баасы бир адам үчүн 190 евро жана анын жыйынтыгы 3-4 саатта белгилүү болот.

Ал эми Жапонияда акыркы бир суткада 114 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул төртүнчү күн катары менен илдет жуктуруп алгандардын саны 100дөн көп болуп жатат дегенди билдирет.

Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан менен Кыргызстанда май айында карантин алынгандан тартып коронавирус күчөп кетти. Эки өлкөдө тең июнь айынын башынан бери эле COVID-19га чалдыккандардын расмий саны кеминде төрт эсе көбөйдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG