Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

COVID-19: Соңку суткада каза болгондор катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 297 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Илдеттен көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу 13-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү дагы деле Бишкек шаарына (93), Чүй облусуна (66) жана Ысык-Көл облусуна (57) туура келет. Ош шаарында 9, Жалал-Абад облусунда 25, Баткенде 17, Ош облусунда 14, Таласта 9, Нарында беш адам коронавирус жуктурган.

12-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 398 адам.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 77 356 кишиге жукту. Анын ичинен 70 192 адам айыкты. Вирустан 1307 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG