Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Вируска каршы таратылган кытай дарысынын чуусу


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда коронавирус күчөп турган маалда Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын ачыкка чыгарды. Өкмөт өкүлү препараттар сыноодон өтпөгөнүн кабарлап, ага жооптууларды айыптады.

Саламаттык сактоо министрлиги кеп болгон каражаттар гуманитардык жардам катары келгени үчүн бейтаптарга кошумча берилгенин билдирүүдө. Бул жагдай аталган тармактагы саясатты кайрадан талкууга чыгарды.

Кытай дарысынан чыккан сөз

Дарыга байланыштуу маселени вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында көтөрдү.

Ал быйыл жай мезгилиндеги пандемия күч алган учурда айрым бейтапканалар алдын-ала текшерилбеген дарыларды вируска каршы таратышканын билдирди:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери жайында вируска каршы кытай дарыларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дармектер медициналык мекемелерге багытталган? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине тартиптик мүнөздөгү чаралар колдонулат», - деген анда өкмөт өкүлү.

Сурабалдиеванын белгилешинче, отчетто канча дары каражаты түшкөнү жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес.

Бул жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин жана ага караштуу Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын өкүлдөрү эмне деп жооп бергени маалымдалган жок.

Башкармалыктын башкы адиси Айгүл Жакубекова бул жөнүндө «Азаттыкка» мындайча түшүндүрмө берди:

Айгүл Жакубекова.
Айгүл Жакубекова.

«Негизи «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» мыйзамы гуманитардык линия аркылуу келген медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди каттоого алууну карабайт. Биз сапатына баа берүү жана сертификация иш-чараларын жүргүзбөйбүз. Процедуралар болбойт, каттоого алынбайт. Ал факт жүзүндө гана кабыл алынат. Ар бир өлкө берилип жаткан жардамдын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган документтер пакетин кошо берет. Дары каражаттарына каттоо күбөлүгүн жардамды жиберген мамлекеттин компетентүү органдары берет. Ал эми саламаттык сактоо тармагындагы тиешелүү орган медициналык багыттагы гуманитардык жардамдардын бардыгын таратып берүүгө милдеттүү. 2016-жылы кабыл алынган өкмөттүн №43 токтомуна ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги гуманитардык дарыларды кабыл алууну жана максаттуу пайдаланууну жүргүзүүнү камсыздашы керек. Мындан сырткары өзгөчө абал жана кризистик кырдаал учурунда бардык органдар гумжардамга коштоп жүрүү документтерин гана бере алат. Демек, сырттан келген бардык нерсе бул министрликтин баш оорусуна айланган», - деди ал.

Жакубекова андан ары Кытай Эл Республикасы жардам катары берди деп айтылган дарылардын аталыштарын келтирди. Алар: «Ляньхуа Цинвень Цзяонан» (Lianhua Qingwen Jiaonang), «Фуфан Йижихао» (Fufang Yizhihao) жана «Зукаму» (Zukamu). Мунун биринчисинен 1256, экинчисинен 838, үчүнчүсүнөн 1399 таңгак көмөк катары берилген.

«Ляньхуа Цинвень Цзяонан» (Lianhua Qingwen Jiaonang) дарысы.
«Ляньхуа Цинвень Цзяонан» (Lianhua Qingwen Jiaonang) дарысы.

«Бул дарылар фитопрепарат болуп саналат. Башкача айтканда, өсүмдүктөн жасалган, курамында биз күнүмдүк турмушта пайдаланып жаткан өсүмдүктөрдүн компоненттери бар. Маселен, биз ичип жүргөн «Линкас», «Бронхолитин», «Трависил» деген дарылардын ичинде чекенде (эффедра), жалбыз (мята), ит мурун (шиповник), ышкын (ревень), кызыл мыя (солодка) сыяктуу өсүмдүктөр бар. Кытайдан келген препараттарда деле ушулардын эле компоненттери бар. Аларды биз амбулатордук деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүп бергенибизден эч кандай зыяны болбойт. Албетте аны менен эксперт катары мен жана Дары-дармек департаментинин эксперттери чогуу талкуулап, алектенгенбиз. Биз ал препараттарды COVID-19 вирусуна каршы дары катары эмес, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) дары катары бергенбиз. Анткени алардын колдонмосунда бул препараттар мурун бүтүүнү, тамак ооруганды, жөтөлдү кетирет деп жазылган. Биз бул дарыларды жөн эле кампада кармап отура алмак эмеспиз, кийин ыргытып да жибере албайт элек. Антсек бизди максатсыз пайдалануу үчүн айыптап, чыгымдарды эсептеп, менин мойнума илип коюшмак. Дарыны кабыл алган учурда менден сурашкан эмес да, жардам катары ала беришкен», - деди Айгүл Жакубекова.

Министрликтин өкүлү кытайлык дарылар далилдөөчү медицинада сасык тумоого каршы препарат катары белгилүү экенин маалымдап, алар дарыгердин рецепти жок эле пайдаланууга берилерин кошумчалады. Анын белгилешинче, ошентсе да алар кытайлык өндүрүүчү компаниялардын сайтынан дарылардын орус тилиндеги көрсөтмөсүн алып, кошо таратышканын кабарлады.

«Бирине таасир этип, бири боорун жеп алышы мүмкүн»…

Бирок ошол эле кезде медицина тармагында айрым адистер атайын текшерүүдөн өтпөгөн дарыларды таратканы үчүн Саламаттык сактоо министрлигин айыптап жатышат. Эксперт Бермет Барыктабасова мындай деди:

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

«Биринчи кезекте гуманитардык жардам катары келген дарылар толук эсептелип чыгып, ал пайдаланууга жатабы же жатпайбы деген маселе чечилиши керек эле. Курамында эмне бар экени, кимге таратылары такталышы шарт болчу. Дары менен камсыздоо департаменти ал дарылардын көрсөтмөсүн кыргызчага жана орусчага которуп, колдонмосу менен таратышы керек болчу. Кандай каршы көрсөтмөлөрү бар, кандай эффект болот, кимдер ичсе болбойт дегендери колдонуучулар билиш керек. Булар Кытайда биологиялык активдүү кошулма же БАД катары катталган, дары чөптөр кытайдын эски колдонмолорунда айтылган, кытай медицинасында колдонулат. Бирок алар дүйнөнүн эч бир жеринде далилденген эмес. Бизде болсо бул биологиялык активдүү кошулмалар дары катары кирип жатат. Аны кандай кабыл алышса, ошол боюнча таратып салышкан. Алардын курамында биринчи кезекте уулуу, токсиндик, тыюу салынган заттар барбы же жокпу деп текшерилген эмес. Гормонго, психотроптук таасир этүү жактары да каралган эмес. Маселен, ошол эле эффедра же чекенде уулуу чөп деп эсептелет. Аны жөн эле дары катары бергенге болбойт. Биз бир тараптан үйдө, өз алдынча дарыланган болбойт деп жатабыз, экинчи жагынан өзүбүз ушундай нерселерди элдин колуна берип жатабыз. Мунун кесепети кандай болот? Гуманитардык дарыны биз өзүбүз жон терибиз менен сынап көрүшүбүз керекпи? Бул жерде коопсуздук мыйзамдары бузулган. Гуманитардык дарыларды мурда алар бизде катталып, бирок азыр калбай калган болсо гана кабыл алыш керек болчу», - деди ал.

Арийне, «Азаттыкка» жеткен маалыматтарга ылайык, Кытайдын кеп болгон үч дарысы «Дордой» жана «Жунхай» базарларында кадимкидей сатылып келет. "Фейсбук" жана "Инстаграм" социалдык түйүндөрүнүн кыргыз сегментинде да атайын баракчаларда сатылып жатканын көрө алдык.

Кеп болуп жаткан кытай дарылары. Бермет Барыктабасованын сүрөтү.
Кеп болуп жаткан кытай дарылары. Бермет Барыктабасованын сүрөтү.

Дарылардын түрлөрүнө карап 200-300 сомдон, кээде 400-500 сомдон жогору турат. Адистер белгилегендей, бир дары капсула түрүндө, экөө чай түрүндө болот.

Бул дарыларды сатып алып, айыгып чыкканын айткандар да бар. Коронавирустан улам жакындарын жоготкондордун бири, Бишкектин тургуну Ырыс «Азаттыкка» мындай ойлору менен бөлүштү:

«Жайда, илдет күчөп турганда, ушул дарыларды курамы «Арбидолго» окшош деп айтып, сунушташкан. Алар кытай жана жапон чөптөрүнүн негизинде жасалганын уккам, мен да ошентип окудум. Өзүм да ошол пикирлерди окуп, дарыны ичкем. Тумоолоп калганымда күнүнө эки таблеткадан үч жолу ичип жаттым. Жакшы эле болгондой болду. Курбум ал тургай бир капсуланы төрткө бөлүп, бир бөлүктү бир күнгө өзүнүн баласына берип жатты. Азыр бул дарылар ачык эле сатылат, мен "Жунхайдан" алгам. 200 же 250 сомдон болсо керек, бирок жайында 700 сомго чейин чыккан. Интернеттен, "Lalafo" сайтынан да таап жатышат. Көбү жардам берди деп жазып жатышат, жаман пикирлерди окугандай болбодум. Бирок дарынын өзүнөн кыргызча же орусча аннотация көргөн эмесмин, баары кытайча болчу. Азыр кээ бир дарыканаларда деле котормосу жок эле сатып жатканын көрдүм», - деди ал.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптар алгач март айында катталган. Илдеттен каза болгондордун эң көп учурлары июнь, июль, август айларына туура келет. Бул тушта ооруканаларда орундар жетишпей, дары-дармек тартыштыгы пайда болгон. Натыйжада дарылардын айрым түрлөрү жең ичинен, же онлайн сатыкка чыгып, баасы асмандап кеткен.

Ал учурларда көпчүлүк аман калуу үчүн тапкан дарысын пайдаланганы маалым. Анын ичинде ошол эле кытай дарылары да бар. Ошол эле кезде адистер бул дарылар өз жемишин берди дегенди түшүндүрбөй турганын белгилешет.

Медициналык эксперт Бермет Барыктабасова кайрадан кепке кошулду:

Кытайдын Кыргызстанга жөнөткөн гуманитардык жардамы. 26-март, 2020-жыл.
Кытайдын Кыргызстанга жөнөткөн гуманитардык жардамы. 26-март, 2020-жыл.

«Мына ушул нерсе такталбаган боюнча калып калды. Ал эмнеден айыкты? Балким илдетти иммунитети жеңип чыкты, балким анда коронавирус таптакыр болгон эмес. Мүмкүн ага бул кытай дарылары таптакыр таасир эткен жок, же тескерисинче айрымдарына таасир этип кетти. Кээ бирлери бул дарыны ичип алып, бөйрөк, боору жабыр тарткандыр. Кайсы препарат болбосун ал алдын ала текшерилгенде гана анын таасирин аныктай алабыз. Маселен, сиз дарыны Жунхайдан сатып алдыңыз дейли, бул учурда оорулуу өзү гана жоопкерчилик алат. Ал кытай тилинде жазылган дарыны кантип билет? Сатуучуга гана ишенди да, ичип кете берди да. Чачтын түшкөнүнө, же буттун жытына каршы дары алып жатса мейли, бул жерде киши дарыны ичип жатпайбы. Бул коркунучтуу. Эгер бейтап аны Үй-бүлөлүк медициналык борбордон алса, бул дарыгердин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкерчилиги. Бул жерде мамлекет канча дары келгенин, ал берилсе, канча кишиге берилгенин, алар кандай таасир эткенин эсептеп чыгып, ачык маалымдашы керек. Эгер тескери эффект болсо, аны да тактап, санагын чыгарышы керек. Азыр эч кимге эч нерсе белгисиз. Ошондуктан бул жерде министрликтин буйругун таап, муну ким берди, ким таратты такташ керек, тиешелүү жетекчилерди сурак кылуу керек. Буга фискалдык органдар да аралашуусу кажет, иликтөө иштери да жүрүшү керек», - деди Барыктабасова.

Расмий маалыматтарга ылайык, коронавирус илдети менен күрөшүүгө байланыштуу Кытайдын бийлиги Кыргызстанга бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөткөн. Мындан сырткары Кыргызстандагы кытайлык компаниялар да Бишкекке көмөк кылган. Ал жардамдардын ичинде дары-дармектерден сырткары медициналык коргонуучу каражаттар, тесттер, жасалма дем алдыруучу аппараттар жана башка нерселер бар болчу.

3-декабрдагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 73 933 кишиге жукту, алардын 1281 каза болуп, 65 589у айыкты.

"Азаттыктын" архиви: Коронавирустан үзүлгөн өмүрлөр

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG