Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Чоң Жыйырмалык саммити коронавирус кырдаалын талкуулоодо


Коронавируска каршы вакцина. Жалпы сүрөт.
Коронавируска каршы вакцина. Жалпы сүрөт.

Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү өнүккөн жана кыйла өнүккөн 20 мамлекеттин жетекчилери Сауд Арапстандын төрагалыгы астында онлайн саммит өткөрүп жатат. Анын күн тартибине COVID-19 пандемиясына каршы күрөш жана бул илдеттин айынан дүйнө кабылган экономикалык көйгөйлөргө карата биргелешкен чараларды талкуулоо маселелери кирген.

Сауд падышасы Салман бин Абдел Азиз 21-ноябрда саммитти ачып жатып, коронавирус илдетине каршы күрөштө, анын ичинде вакциналарды пайдаланууда дүйнө өлкөлөрү бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусуна жетишүү зарыл, деп билдирди.

Евробиримдик 22-ноябрда "Чоң Жыйырмалыктын" мүчө өлкөлөрүнө ар кандай пандемиялар кырдаалында биргелешип аракет кылуу тууралуу келишимге кол коюуну сунуштаары күтүлүүдө.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин айтымында, карызга белчесинен баткан өзгөчө жакыр өлкөлөр "каржылык ойрон болуунун, жакырчылыктын, ачарчылыктын жана айтып жеткис азап чегүүнүн" жарына кептелип калышты.

Дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүү үчүн "Чоң Жыйырмалыктын" мүчө өлкөлөрү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыздарын төлөөсүнө 2021-жылдын ортосуна чейин алты айлык мораторий жарыялашы күтүлүп жатат. Бул мораторий андан ары да узартылышы ажеп эмес. Бул тууралуу коммюникенин долбоору "Рейтер" кабар агенттигине да жеткен.
Германиянын канцлери Ангела Меркел 2021-жылдын акырына чейин 2 миллиард вакцинаны өндүрүп, калайыкка жеткирүү үчүн эл аралык коомчулук биргелешип аракеттенүүсү керектигин белгиледи. Азыркы тапта коронавируска каршы күрөш үчүн дээрлик 5 миллиард доллар (4,2 миллиард евро) акча чогултулду, анын ичинде Германиянын 500 миллион евродой салымы бар экенин "Дойче Велле" кабар агенттиги маалымдады.
Орусиянын президент В.Путин болсо муктаж өлкөлөргө орусиялык вакцина сунуштала тургандыгын билдирген. Анын сөзүнүн кыскача мазмунун ТАСС агенттиги алдын-ала маалымдады.

XS
SM
MD
LG