Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Индия вакцина өндүрө баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вакцина өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда турган Индия коронавирус пандемиясын ооздуктоо боюнча глобалдык күрөшкө киришүүгө даярданууда.

Индия дүйнөдө өндүрүлгөн вакцинанын 60% чыгарат. Жергиликтүү ишканалар азыртадан эле COVID-19 илдетине каршы ойлоп табылган, баасы боюнча көптөргө жеткиликтүү болот деп саналган "AstraZenecа" компаниясынын “Ковишилд” деп аталган вакцинасын өндүрүүгө даярданып жатат. Андан тышкары дагы сегиз компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Азыркы күндө Индия вакцинаны өндүрүү боюнча маанилүү өлкөлөрдүн бири. Албетте биздин да атаандашыбыз бар. Ал Кытай. Вакцинаны ири масштабда өндүрүү боюнча Индия эбегейсиз мүмкүнчүлүккө ээ", –деди Индиядагы Серум институтунун аткаруучу директору Суреш Жадхав.

Бул институт вакцина өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири катары эсептелет. Мекеме “АстраЗенека” компаниясынын 50 миллион дозасын даярдап, бөтөлкөлөргө куюп койду. Качан гана бул вакцина менен адамдарды эмдөөгө уруксат берилгенде жайылта баштайт.

Жалпысынан аталган институт эмдиги жылдын июль айына чейин “Ковишилд” вакцинасынын 400 миллион дозасын өндүрүүнү көздөп жатат.

Ошондой эле өндүрүш мүмкүнчүлүгүн жылына 1 миллиард доза препарат өндүрө ала тургандай кылып, кубаттуулугун жогорулатууда.

Ал арада дары-дармектин тышкы кагазын даярдаган "Schott Kaisha" компаниясы вакцина куя турган бөтөлкөлөрдү чыгарууга камданып жатат.

Индияда өндүрүлгөн алгачкы вакциналардын партиясы өлкө ичинде эле колдонулары күтүлүүдө. Анткени коронавируска кабылгандардын саны боюнча Индия АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. 1,3 миллиард калкы бар өлкөдө инфекция жугузгандардын саны 10 миллионго чукулдады.

Азырынча өкмөт башчы Нарендра Моди анын өкмөтү канча доза вакцинага буйрутма берерин так айта элек. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги калкты эмдөөгө жакынкы бир нече аптада уруксат берилерин билдирди.

Индияда коронавируска тест алып жүргөн медкызматкер. 23-июль, 2020-жыл. Мумбай.
Индияда коронавируска тест алып жүргөн медкызматкер. 23-июль, 2020-жыл. Мумбай.

Ал эми өз вакцинасын ойлоп тапкан Индиядагы "Bharat Biotech" компаниясы өкмөттөн эмдөөгө уруксат сурап кайрылып, Түштүк Америка, Азия жана Чыгыш Европадагы ондой мамлекет менен өз продукциясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Орусия "Sputnik V" вакцинасын өндүрүү жана экспорттоо боюнча индиялык компаниялар менен келишим түздү.

Ал эми Индиядагы "Hindustan Syringes" компаниясы кийинки жылдын жарымына чейин өндүрүш кубаттуулугун жогорулатып, 1 миллиард даана шприц чыгарууну көздөп жатат.

Ушул убакка чейин аталган компания 140 миллион даана шприц чыгарган.

XS
SM
MD
LG