Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Өзбекстанда суук менен отун-кубат каатчылыгы күчөдү


Өзбекстандык коомдук түйүндөрдөн алынган сүрөт. 2020-жылдын декабры. 
Өзбекстандык коомдук түйүндөрдөн алынган сүрөт. 2020-жылдын декабры. 

Өзбекстандын айрым аймактарында аяздуу кыштагы отун-кубат таңкыстыгы менен байланыштуу социалдык көйгөйлөр калайыктын бийликке карата нааразылыгын күчөттү. Бийликтер бул таңкыстык мурдагы доордун калдыгы деп билдирүүдө.

Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун Музрабат районунун тургундары өткөн жекшембиде электр жарыгынын өчүрүлүшүнө каршы нааразылык билдирип чыгышты.

«Эхо Узбекистана» жана «MILITSIYA UZB» деген телеграм-каналдарда таркаган видеолордо ондогон кишилер чоң жолду тороп, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышканын көрүүгө болот.

Бул видеолор интернеттеги коомдук түйүндөргө таркаар замат облус жетекчилиги расмий билдирүү жасаган. Алар дээрлик эки күнгө электр жарыгынын өчүрүлүшүн бир чоң трансформатордун иштен чыгышы менен түшүндүрүшкөн.

Жергиликтүү администрация 400 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулганын, бирок, ал жогорку чыңалууну көтөрө албай жараксыз болуп калганын кошумчалаган.

Расмий маалыматка ылайык, өткөн дем алыш күндөрү Сурхан-Дарыя облусунда 545 үй жана 165 батир жарыксыз калган.

Өзбекстанда ноябрдан бери аба ырайы кескин муздап, кар жаап,отун-кубат менен камсыздоо жаатында каатчылык өкүм сүрүп турат. Суукта жылдагыдай эле көгүлтүр от менен электр кубатынын өчүрүлүшү жергиликтүү калайыктын кескин наарызылыгын жаратып жатат.

Буга чейин Бухара облусунун Каракөл районунун тургундары жол тороп, газ берүүнү талап кылышкан. Мындай нааразылык иш-чаралары мурдатан башка аймактарда, ошондой эле Анжыян сыяктуу ири шаарларда да өткөн.

Өзбек аткаминерлери отун-кубат жаатындагы кризисти кыштын катуу түшкөнүнө, электр кубаты менен газды керектөөнүн кескин жогорулашына байланыштырышат.

Дүйшөмбүдө Өзбекстандын «Аймактардагы электр тармактары» компаниясынын жетекчисинин орун басары Жахонгир Обиджанов өлкөдө быйыл он айда эле электр жарыгы үчүн төлөнбөгөн акы 335 миллион долларга жетээрин, карыздардын 70 пайыздан ашууну физикалык тараптарга, тагыраак айтканда, калайыкка туура келээрин белгиледи.

Бирок, эл арасында бир нече жылдан бери ушул эле көйгөй кайталанып келатканына нааразылык күч.

Аймактарга газ жеткирип, үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылуу – президент Шавкат Мирзиёевдин мындан төрт жыл мурун бул кызматка келгендеги башкы убадаларынын бири болчу.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

16-декабрда Мирзиёев "бул - 30 жылдан бери топтолгон көйгөй" деп түшүндүрүүгө аракет кылып, өкмөткө көгүлтүр оттун экспортун кыскартып, калктын керектөөсүнө көбүрөөк жумшоону тапшырганын айткан.

«Мен газдын экспортун азайтуу боюнча көрсөтмө бердим. Буга байланыштуу күнүнө 7-8 миллион кубометр газ калктын муктаждыгына жумшалат. Мындан кийин «газ жетишпей жатат» деген сөз болсо таарынбаңыздар. Баарыңар мыйзам алдында жооп берип каласыңар», - деген Мирзиёев.

Анткен менен буга чейин июлда пандемияга байланыштуу Өзбекстандын газды сыртка экспорттоосу дээрлик үч эсеге кыскарганын ал өзү эле белгилеген болчу.

Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитети быйыл 10 айда өлкөдө газ өндүрүү мурунку жылга салыштырмалуу 50 миллиард кубометрден 40,4 миллиард кубометрге азайганын маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG