Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Өзбекстан айрым өлкөлөрдүн жарандарына чектөө киргизди


Өзбекстан коронавирустун жаңы штаммы катталган сегиз өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди. 22-декабрда жарыялангандай, Австралия, Австрия, Дания, Германия, Италия, Нидерланд, Түштүк Африка жана Улуу Британия мамлекеттеринин жарандары 10-январга чейин Өзбекстанга кире албайт. Бул өлкөлөрдөн кайтып келген өзбек жарандары 14 күндүк карантинге алынат.

«Аталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абал турукташканына жараша бул чектөөлөр бара-бара алынат», деп айтылат Өзбекстандын тиешелүү мекемеси тараткан билдирүүдө.

22-декабрга карата Өзбекстанда коронавирус жугузуп алган 76 180 адам катталса, анын ичинен 612 адам каза болгону расмий көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG