Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Сырты жалтырак, ичи калтырак Конституцияны кабыл алып албайлык


"Бир кылым артка кеттик, саатым!" Т.Карыкеевдин азили. 02.6.2011.
"Бир кылым артка кеттик, саатым!" Т.Карыкеевдин азили. 02.6.2011.

Башмыйзамга карата пост-советтик доордогу кыргызстандыктардын туруму кандайча өзгөрүп келди? Жаңы багыт каякка кетээр экен? Конституциянын маңызы жана ага карата мамиле жөнүндө укук жана саясат таануу адиси, докторант Медербек Айтмырзаевдин блогу.

Алгы сөз

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери конституциянын тегерегинде талаш-тартыштар токтобой келет. Өлкөбүздө конституция боюнча абдан кызуу талкуулар азыр өзүнүн апогейине жетти. Адатка айлангандай, бир бийлик кеткенден кийин (революция же төңкөрүш деп атоодон азырынча алысмын) кийинки бийлик келип, конституциялык реформа шылтоосу менен өз бийлигин бекемдөөнү көздөп жаткандай.

Бул далаалат менен кошо коомдун айрым бир бөлүгүндө “конституция өзгөрмөйүнчө мамлекет оңолбойт”, “Текебаевдин конституциясы ушундай абалга алып келди”, “конституция менен депутаттардын санын кыскартуу керек” ж.б. ушул сыяктуу үстүртөн болгон чакырыктар байма-бай угулуп жатат. Муну менен биргеликте, саясий элита менен коомубузда конституция жөнүндө илимий түшүнүк жетиштүү түрдө таркалган эмес экендиги да байкалып турат.

Бул жагдай мага “Конституция” өзү эмне деген жана анын тегерегиндеги суроолорго жооп издеп, окуучу менен бөлүшүүгө түрткү болду. Ошондой эле бул макалада конституциянын эмне себептерден улам пайда болушу, ал инсандын жашоосунда кандай мааниге ээ экендиги, эмне жыргалчылыктарды тартуулай алаары тууралуу ж.б. маселелер дагы каралат.

Кыргызстандын Конституциясы. 2020-жылдын 16-октябры.
Кыргызстандын Конституциясы. 2020-жылдын 16-октябры.

Конституция түшүнүгүнүн келип чыгышы

Эң эзелки доордо кишилер төрөлгөндөн баштап акыл-эске жеткенге чейин табигый жашоонун жалпы түзүлүшүнө (мыйзамдарына) баш ийип келчү. Бирок кийин адамдардын көбү бул “табигый” абалда калбастан, акылдын жетекчилиги астында өздөрүнүн укуктарын белгилешип, коомдук келишимге (social contract) барышкан.

Адамзаттын бул акылдуу бөлүгү кайсы мыйзамдар менен жашайт? деген суроого жооп издеп, ойчул Спиноза жаратылыш чөйрөсүн бирдей эмес эки бөлүккө бөлөт. Биринчисинде – ааламдык жаратылыш бөлүгү, анда бардыгы жаратылыштын жогорку мыйзамына ылайык жана анын жалпы күчүнүн негизинде жашашат. Экинчисинде – кишилердин жамааттары адамдык акыл принциптеринин негизинде куралган кызыкчылыктар (мыйзамдар, нормалар) астында жашашат.

Биринчи категория боюнча, жаратылыш мыйзамынын шарттарында эң байыркы кишилер “канчалык күчтүү болсо, ошончолук укуктуу” болуп, табигый жөндөмдөрдүн негизинде бири-биринен айырмаланышкан. Табигый абалда адамдар, белгилүү болгондой, акылга ылайык жашай алышпайт жана аффект абалына кирип кетиши ыктымал.

Алардын мүнөзүнүн ыксыз жана алсыздыгы, бири-бирин кысымга алуусу эң көөнө кишилердин арасында коркуу сезимин жараткан. Томас Гоббс “Левиафан” эмгегинде (XVII к.) адамзат тарыхындагы бул доорду "баарынын баарына каршы согушу" деп атаган. Бул тезиске кошумча эле айрым укук жана саясат таануу ойчулдарынын арасында адам жаратылыштагы жаныбардын бир түрү, ал ар дайым атаандашуу, бирөөгө кол салуу абалында жашайт деген кеңири ойлор дагы арбын айтылган (Никколо Макиавелли, Томас Гоббс). Ошондуктан мындай башаламандыкты жөнгө салуу үчүн байыркы доордо жазуу иретинде укук жана милдеттер топтомун (мыйзамдар) кабыл алуу тажрыйбасы киргизиле баштаган, дешет алар.

Позитивисттик теорияга карата, душмандардан коргонуу жана алардын өздөрүнүн кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн адамдар өз ара топторго бириге башташат. Ушул негизде алгачкы мамлекет пайда болуп, адамдардын табигый укуктары менен биргеликте жарандык укуктары да атайын укуктук ченемдерге бекитилет. Буга ылайык социалдык адам пайда болуп, ал жарандык статуска (status civilis) ээ болот. Дал ушул жерде адамдын интеллектуалдык эмгегинин жыйынтыгында моралдык жана укуктук түшүнүктөр калыптанып жүрүп отурат.

Бирок, ушундай укуктук-ченемдерди кабыл алса эле баары жоктун баары укмуш болобу? деген маселе боюнча укук илиминде кайчы пикирлер дагы бар.

Бул пикирлер негативист укукчулар (алар табигый укуктарга басым жасашат, жазылган мыйзамдар адам эркиндигин чектейт дешет) менен позитивист укукчулар (алар адамдар арасындагы мамилелерди бир гана жазылган мыйзамдар жөнгө сала алат, адамдын коопсуздугун сактайт дешет) арасында талаш-тартыштар бүгүн дагы токтобой келет.

Бул талаштардын себебин мамлекет башындагы саясий топтор өзүнүн тар кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды кабыл алууда адам укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө баргандыгынын факттары менен түшүндүрүүгө болот. Мындай аракеттер көп эле өлкөлөрдүн коомдук тажрыйбасында байкалат.

1215-жылы Англияда жарыяланган “Эркиндиктердин улуу хартиясынын” 800 жылдык мааракеси маалында. Солдо - Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон, жанында - каныша Элизабет Экинчи. 2015-жылдын 15-июну.
1215-жылы Англияда жарыяланган “Эркиндиктердин улуу хартиясынын” 800 жылдык мааракеси маалында. Солдо - Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон, жанында - каныша Элизабет Экинчи. 2015-жылдын 15-июну.

Орто кылымдарда адам укуктары менен эркиндиктеринин жазылган топтому 1215-жылы Англия падышалыгында жарыяланган “Эркиндиктердин улуу хартиясында” (Magna Carta Libertatum) алгач камтылган деп эсептей алабыз. Аталган Хартия 63 беренеден түзүлүп, салыктар жана феодалдык милдеттер, сот тутуму жана сот өндүрүшү, шаарлардын жана соодагерлердин укуктары, мурастык мыйзам, адамдар арасындагы жана үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуучу укуктук документ болуп саналат.

Падышалыктын жалпы кеңешин жана жыйырма беш барондан турган комитетти киргизүү аркылуу падышанын бийлигин чектөө максатында эрежелер камтылган, алар падышаны бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө мажбурлоо боюнча иш-аракеттерди көрүүгө укуктуу болушкан. Ошондон улам, бул беренелер конституциялык деп аталып калган. Ал убакыттын өтүшү менен ар кандай мааниге ээ болуп, өзүнүн жандуулугун сактап, англосаксон дүйнөсү үчүн гана эмес, жалпы укуктук дүйнө үчүн баалуу документ болуп калган. Хартия кийин башка өлкөлөрдө дагы адам укуктары менен эркиндиктерин камтыган, саясий-укуктук институттарды аныктаган документтин жаралышына түрткү болгон десек болот.

Бирок заманбап Башмыйзамдын маанисиндеги биринчи конституция – 1787-жылы гана кабыл алынган айтылуу Америка конституциясы. Анда биринчи жолу бийлик бутактарынын бөлүштүрүү зарылчылыгы (separation of powers), адам жана менчик укуктары, ошондой эле тирандык режимдерге каршы көтөрүлүш укугу жөнүндө жаңы идеялар камтылган.

АКШ конституциясынын жана мамлекетинин түзүлүшүнө либералдык багытты карманган англиялык Жон Локктун идеялары таасир берген. Локк “Өкмөт жөнүндөгү экинчи трактат” (Second Treatise of Government, 1689) деген атактуу китебинде адамдардын эркиндигин жана байлыгын коргоо үчүн кепилдик белгиленген мыйзамдардын негизинде бийлик тарабынан жүзөгө ашырылышы керектигин баса белгилеген. Локктун эң өзгөчө идеясы – мыйзам чыгаруу органы (парламент) менен аткаруу бийликтерин өз алдынча ийлик бутактары катары экиге бөлүү доктринасында жатат. Дал ушул доктрина Америка конституциясынын пайдубалын түзүп келүүдө.

Азыркы конституциялык укукка чоң таасир эткен документтердин дагы бири – 1789-жылы “Улуу француз революциясынын” жүрүшүндө кабыл алынган “Кишилер менен жарандардын укуктарынын Декларациясы” (Déclaration des Droits de l'Homme et du Citoyen) болуп саналат.

1789-жылдагы Улуу Француз революциясынын мааракеси маалындагы салтанаттуу парад. Париж, 2019-жылдын 14-июлу.
1789-жылдагы Улуу Француз революциясынын мааракеси маалындагы салтанаттуу парад. Париж, 2019-жылдын 14-июлу.

Бул Декларациянын идеялары ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык болгон теңдик жана эркиндик түшүнүгүнө негизделген. Анда кишинин жана жарандын табигый укуктары, эркиндик, сөз эркиндиги, ишеним эркиндиги, саясий укуктар жана зулумга каршы туруу укугу камтылган. Декларациянын негизинде 1791-жылы Франциянын биринчи конституциясы кабыл алынган.

Декларациянын 16-беренесинде "Адам укуктарын кепилдикке албаган жана бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшүн аныктабаган коомдун конституциясы жок" деген катуу талап коюлган.

Локктон кийин бийлик бутактарынын бөлүнүш принцибин француз ойчулу Шарль Луи де Монтескье “Мыйзамдар руху” (De l’esprit des lois, 1748) аттуу китебинде толуктап, бүгүнкү маанисин жеткизген. Монтескье парламент, аткаруу бийлиги жана сот бийлиги бутактарын бири-биринен бөлүп, аларга таандык ыйгарым укуктары эч качан бир адамдын колунда топтолбостон, өз алдынча болушу керектигин билдирген. Антпесе, башкача айтканда, бул ыйгарым укуктар бир колго гана топтолоору менен, өлкө деспотизмге кириптер болот, деп Монтескье белгилеген.

Конституциялык маданият кийин акырындап Батыш Европа өлкөлөрүнө жана башка континенттердеги өлкөлөргө тарай баштаган. Өзгөчө XX кылымда оторчул метрополияга каршы боштондук кыймылдар байсалдуу жүргөн соң жана Евразиядагы бир катар коммунистик режимдердин кулашынан кийин, саясий картада жаңы эгемен өлкөлөр пайда болуп, ар кыл өлкөлөрдө конституция кабыл алуу жүрүмдөрү тездеген.

Конституция адамзаттын жеке басар зулум бийликке (тирандыкка) каршы чоң күрөшүнүн жана айдыңдык (интеллектуалдык) эмгегинин жемиши экендигин айтуу керек.

Башмыйзам коомдогу бир гана адам укуктарын кепилдикке албастан, бийликти дагы тизгинге алат, бийликти бөлүштүрөт жана абсолюттук башкарууга жеткирбей тургандай бөгөт коёт. Бул жүрүмдүн туу чокусу катары нагыз демократиялык, укуктук мамлекет жаралат.

Бул контекстте Кыргызстандын конституциялык тажрыйбасы кандай?

Кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында конституция кандай мааниге ээ жана биринчи конституциябыз качан кабыл алынган? Кыргызстандын азыркы конституциялык тажрыйбасын түшүнүү үчүн ал басып өткөн башмыйзам жаратуу тарыхына сереп салуу маанилүү.

Кыргызстандын басып өткөн конституциялык жолу

Кыргызстанда совет доорунда алгачкы конституциянын долбоору дээрлик үч жылдын ичинде даярдалып, 1929-жылы 30-апрелде РСФСРге караштуу Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын (Кыргыз АССРи) мыйзам чыгаруу органынын курултайында кабыл алынган. Бул документ Кыргызстандын биринчи конституциясы болуп калган.

Марксизм-ленинизмге таандык укук теориясына жана анын сталиндик вариантына ылайык, бул конституцияда пролетариат диктатурасына чоң ыйгарым укуктары берилип, коомдун айрым катмарлардагы (маселен, мурдагы “эзүүчү таптардын”) өкүлдөрү болгон жарандар шайлоо укугуна ээ боло алышкан эмес.

“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү дөңсөө. Аламүдүн району, Чүй облусу, Кыргызстан.
“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү дөңсөө. Аламүдүн району, Чүй облусу, Кыргызстан.

Кыргыз АССРи 1936-жылы декабрда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы (Кыргыз ССРи) болуп макамын жогорулатып, СССРдеги аны түзгөн тең укуктуу жумурияттардан болуп калган. Эми ал РСФСРге (азыркы Орусия Федерациясына) караштуу болбостон, анын менен теңата укукта болуп калган.

Советтер Союзунун жаңы союздук макамдагы республикасы катары Кыргызстан 1937-жылы 23-мартта өзүнүн экинчи конституциясын кабыл алган. Бул Башмыйзамда шайлоо мыйзамдарындагы чектөөлөрдү алып салуу менен, жашыруун добуш берүү укугу берилген жана мамлекеттик башкаруу түрү кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн деп айтылат. Бирок бул Башмыйзам сталиндик режимдин 1937–39-жылдар ичинде жүз миңдеген кыргызстандыктардын укуктарынын тепселишине тоскоол боло албагандыгы да маалым. (1938-жылы ноябрда атууга кетип, “Ата-Бейитте” жашыруун көмүлгөн бабаларды эле эстейличи).

Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.

Советтик Кыргызстандын 1937-жылкы конституциясы 40 жылга жакын мезгил бою өзгөрүүсүз калган жана Совет мезгилинде "эң узак жашаган" конституция болуп саналат. 1970-жылдары Леонид Брежнев убагында конституцияны өзгөртүү муктаждыгы сезилип, аны СССРдеги коом “өнүккөн социализм” баскычына көтөрүлдү деген идеологиялык жүйөө менен негиздешкен.

Натыйжада 1978-жылы Кыргыз ССРи үчүнчү конституциясын кабыл алган. Жаңы Конституцияда эмгек жана жарандык укуктар кеңейтилип, коомдук жана жеке турмуштагы мыйзамдар бөлүнүп бекитилген. Бирок мыйзамдык өзгөртүүлөр башка жаңы моделдерди киргизе алган эмес. Анткени ал мезгил –сөз жүзүндө кеңири демократияны убада кылган декларациячыл, иш жүзүндө тоталитардык түзүлүштү чыңдаган КПССтин идеологиясы СССРде дагы эле толук үстөмдүк кылып турган убак болчу.

Кыргызстандын СССР убагындагы конституциялык жүрүмдөрүн көбүнесе тышкы факторлорго туруштук кылуу далаалаттары менен байланыштырууга болот. Албетте, Кыргызстан суверендүү республика катары саясатын өз алдынча толук түрдө жүргүзө алган эмес.

Кыргызстандын эгемендигин талап кылган КДК уюмунун бир мүчөсү. 1991-жылдын 4-июлу. "Ала-Тоо" аянты.
Кыргызстандын эгемендигин талап кылган КДК уюмунун бир мүчөсү. 1991-жылдын 4-июлу. "Ала-Тоо" аянты.

1990-жылы 15-декабрда жана 1991-жылы 31-августта кабыл алынган эгемендик жана мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу декларациялар Кыргызстандын совет доорундагы Башмыйзамын эгемендик идеясына багыттап өзгөртүү киргизүү кадамдарынан болуп калды.

Эгемендик убагы

1993-жылы 5-майда көз карандысыз пост-советтик Кыргыз Республикасынын конституциясы Жогорку Кеңеш (“Легендарлуу парламент”) тарабынан кабыл алынган. Ал 8 бөлүмдөн жана 97 беренеден турган. Конституциянын долбоору атайын комитет тарабынан 1991-жылдан 1993-жылга чейин дээрлик эки жыл даярдалып, жалпы элдик талкуудан өткөн. Ал өз доору үчүн прогрессивдүү документ болуп саналат.

Ошол убакыттан бери Кыргызстанда конституциялык өзгөрүүлөр тез-тезден болуп келет. Конституция алгачкы жолу 1994-жылы референдум жолу менен өзгөртүлүп, эки палаталуу парламент түзүлгөн. Бирок, өзгөрүүнүн негизги өзөгү – президенттик авторитардык бийликти бекемдөөдө болгон.

1996-жылкы конституциялык реформа эки палаталуу парламенттин ыйгарым укуктарын айырмалап чектөөгө, президенттин таасирин андан ары күчөтүүгө багытталган. Президент министрлерди, жергиликтүү администрациялардын башчыларын дайындоо ыйгарым-укуктарына ээ болгон. Парламент президентке каршы импичмент жарыялаганга укуктуу болсо, президент парламенттин эки палатасын тең таркатып салууга укуктуу болгон.

1998-жылкы конституциялык реформада жер жеке менчикте болушу мүмкүн жана мамлекет аны коргоону өз мойнуна алат деп жазылган. Мындан тышкары, мамлекет Кыргызстандын жер казынасын, байлыктарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоону өз мойнуна алган. Сөз эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынуусуна тыюу салынган. Депутаттык кол тийбестик түшүнүгү киргизилген. Мааниси боюнча, бул ченем конституциянын “бардыгы мыйзам алдында жана сот алдында тең укуктуу” деген принцибине карама-каршы келген.

2003-жылкы конституциялык өзгөртүүлөр адам укуктары, президенттик институт, депутаттардын ыйгарым укуктары, прокуратура, сотко байланыштуу болгон. Жарандардын эркин жыйын куруу сыяктуу укуктарына чектөөлөр киргизилген.

Аскар Акаев президент катары эки мөөнөттөн ашык шайлануу үчүн айла-амал издей баштаган (ал 1990-жылдын 27-октябрынан бери президент болуп келген). Бирок анын өзү үчүн кол бала болгондой парламенттик курамды түзүү аракети таш каап, 2005-жылдын март айындагы элдик ыңкылаптан улам бозгунга кеткен.

2006-жылкы конституцияга киргизилген өзгөрүүлөрдө гендердик тең укуктуулукка басым жасалган (негизи, аялдар менен эркектер бирдей укуктарга жана эркиндиктерге ээ деп совет доорунда эле жарыяланып келчү), кош жарандык таанылган, кармалган адамдын 24 сааттын ичинде камалуусунун мыйзам ченемдүүлүгү тууралуу сотко кайрылуу шарты коюлган, өлүм жазасы толугу менен жоюлган. Демократиялык баалуулуктарга негизделген бул өзгөрүүлөрдүн көбү революциядан кийин оппозициялык күчтөр жана эл аралык уюмдардын демилгеси менен киргизилген. Бирок, 2007-жылы 14-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин ою менен болгон Конституциялык сот бул өзгөртүүлөрдү жокко чыгарган.

2007-жылы 23-октябрда референдум аркылуу конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, анда президенттин ыйгарым укуктары 2003-жылкы конституциядагыдай күчөтүлгөн бойдон калган. Депутаттар партиялык тизме менен парламентке келишкен. 2006-жылкы адам укуктарын камтыган өзгөрүүлөр сакталып калган.

Бишкектеги Ак Үйдүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги көрүнүшү.
Бишкектеги Ак Үйдүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги көрүнүшү.

Бирок президенттик авторитардык бийликтин саясатына макул болбогон жарандар 2010-жылы 7-апрелде кайрадан элдик ыңкылапка чыгышкан. К.Бакиев Минск шаарына бозгунга кетүүгө мажбур болгон.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүнүн жетинчи баскычын 2010-жылдын 27-июнунда жүзөгө ашырды. Бул күнү конституциялык референдум аркылуу либералдыгы менен айырмаланган жаңы Башмыйзам кабыл алынды. Бул конституция парламенттик башкаруу системасын киргизүүгө негизделип, парламенттик демократия нугунда масштабдуу өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн.

Адам укуктары тармагында жаңы беренелер кабыл алынып, эл аралык адам укуктары тармагындагы келишимдер түздөн-түз таасир этет жана башка эл аралык келишимдерден жогору турат деген норма киргизилген. Бул конституция Кыргызстанды канчалык бир деңгээлде демократиялык жолго түрттү, бирок мамлекеттик башкаруу формасы мурунку бойдон эле кала берди. Де-юре премьер-министрдин ыйгарым-укуктары көбөйтүлүп парламентке баш ийе турганына, парламент көпчүлүк коалиция аркылуу премьер-министрди дайындап, өкмөт курамыны негиздей алганына карабастан, де-факто аткаруу бийлиги жана парламент президентке көз каранды бойдон калышты.

Ушул убакытка чейинки акыркы конституциялык реформа 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлдү. 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамда анын 2020-жылга чейин эч өзгөртүлбөшү керек деген да жобо бар болчу. Бирок президент А.Атамбаевдин бийлиги бул жобону бузууга барды.

2016-жылдагы конституциялык реформанын алкагында расмий нике катары аял менен эркектин арасындагы баш кошуу нормасы чыңдалды, эл аралык адам укуктары тармагындагы келишимдердин артыкчылыктуу макамы жоюлуп, аларды колдонуу тартиби кыргыз мыйзамдары менен аныкталат деген жаңы өзгөртүүлөр киргизилген. Эл аралык келишимдер тармагындагы өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгы калайыкка ошол кезде өмүр бою абакка кесилип, абакта жаткан өзбек тегиндеги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши менен байланыштуу да улутчулдук маанайда түшүндүрүлдү. Реформанын эң башка максаты – парламенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүүгө негизделген делген менен иш жүзүндө андай болгон жок. Президент мурдагыдай эле авторитардык жетекчиликти улантып, сот бийлиги андан көз каранды бойдон кала берди.

2016-жылкы конституциялык реформа Акаев, Бакиев убакыттарындагы реформалардагыдай эле президенттин таламындагы саясий максаттарды көздөгөн реформа болду деп айтууга негиз бар.

Жогоруда учкай белгиленгендей, 2010-жылкы Конституциянын 114-беренесинде 2020-жылга чейин конституциялык өзгөртүүлөргө тыюу салынган болчу. 2016-жылы 11-октябрда Конституциялык палата алдыда күтүлгөн конституциялык реформанын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени карап, палатанын 10 мүчөсү президент А.Атамбаевдин бийлигинин каалоосун колдоп чыккан, бир гана Эмил Өскөнбаев бул реформага каршы чыгып, өз турумун Башмыйзамдын 114-беренесиндеги талап менен негиздеген.

Демек, 2016-жылдын 11-декабрындагы конституциялык реформа жүзөгө ашырылган референдум конституциялык жана процедуралык чоң бузуулар менен өткөрүлгөн. Ага ЕККУ өз байкоочуларын жибербей да койгон.

Бул чоң эне референдум өтчү күнгө 1 күн калганда өз үйүнөн добуш берди. Беш-Күңгөй айылы, Аламүдүн району, Чүй облусу. 2016-жылдын 10-декабры.
Бул чоң эне референдум өтчү күнгө 1 күн калганда өз үйүнөн добуш берди. Беш-Күңгөй айылы, Аламүдүн району, Чүй облусу. 2016-жылдын 10-декабры.

Айтмакчы, “Демократиялык конституцияны кабыл алыш үчүн анын кабыл алуу жолдору дагы демократиялык баалуулуктарга туура келиш керек” деген формула бар. Кыргызстандагы конституциялык реформалардын көбү президенттик бийлик тизгинин колуна топтогон саясий ишмерлердин улам өскөн дымактарына байланыштуу жүзөгө ашырылып келди.

Өткөндөн тийешелүү сабак албастан, эми дагы ошондой кадамдар жасалып жатканы бизди тынчсыздандырат. Мындай кадамдар, биринчиден, укуктун табиятынын өзүнө каршы келет, экинчиден, жалпы жарандар үчүн жыргалчылык алып келүүнү көздөбөйт.

Тилекке каршы, Кыргызстан “жаман бийлик конституцияны өзүнө жараша ылайыктап чүргөп алат” дегендин ачык өрнөгү болуп келе жатат.

Чет элдик медиа каражаттары Кыргызстанды Борбордук Азиядагы “лабораториялык өлкө” деп айткандан дагы тартынбай калышты. Эл аралык тажрыйбада конституциялык өзгөртүүлөр орточо 15-16 жылда бир болот экен. Американын конституциясынын негизги редакциясы 2 кылымдан ашык жашап келет.

Дүйнө тез өзгөрүп жаткан заманда мыйзамдардын дагы жаңыланып туруусу рационалдуу. Бирок, конституциялык реформага барбай, айрым беренелерге өзгөртүү жана толуктоо киргизүү иретинде мындай мыйзамдарды кабыл алып койсо болот.

Азыр 1993-жылдан кийин сегизинчи жолу конституцияны өзгөрткөнү турабыз. Бул орточо алганда ар бир 3-3,5 жылда мындай ири делген реформа кайталанып турат дегенди билдирет. Бул жагдай – Кыргызстанда конституциялык түшүнүк, укуктук аң-сезим өспөй келгендигинен маалым бергенсийт.

Профессор Алмазбек Акматалиев.
Профессор Алмазбек Акматалиев.

Бул жаатта профессор Алмазбек Акматалиев: “Кыргыз Республикасында демократиялык, укуктук мамлекет, коом курулуп жаткан кезде жаңы юридикалык аң-сезимди, укуктук маданиятты, улуу жоопкерчиликти калыптандыруу өтө маанилүү”, - дейт. Ошол эле учурда ал президенттик башкаруу системасын чыңдаган конституцияны мурдатан эле самап келгенин да жазат.

Кыргызстанда 2020-жылдын 5-октябрь окуясынан кийинки күндөрдү карап көрсөк, мыйзам иштебей, Конституцияны одоно бузуп, ар ким өз билемдик менен кызмат талашып, борбордун аянтында ок атылып, акыры башаламандык жаралды.

Эгерде коомдо конституция, мыйзамдар таптакыр жок болсо, ар дайым ушундай башаламандык абалда жашаганга мажбур болмокбуз. Муну Гоббс мындайча түшүндүргөн: “Жаратылыш мыйзамдары боюнча теңдик адамдын кара күчүндөгү (физикалык) жана психикалык жөндөмдөрүнүн баарын камтыйт. Бирок эки киши бир нерсеге ээ болгусу келгенде, бири-бирине каршы туруп, бири-бирине үстөмдүк кылууга аракет кылышканда, бул сыяктуу теңдик бузулууга дуушарланат” дейт.

Өлкөбүздө конституциянын, укуктун өзөккү элементтери бар; ал көзгө көрүнбөгөнү менен өзүнүн кызматын аткарып жатат. Такыр эле “конституция өлдү”, “түпкүргө баттык”, “жашоо бүттү” деп, жубайы менен урушуп кетсе деле конституцияга шылтай бергенден алыс бололу.

Бул, албетте, конституциябызда баары укмуш деген маанини бербейт. Конституцияда көйгөйлөр арын, маселен, бийлик бутактарынын тең салмактуулугунда, президенттин ыйгарым укуктарында, соттордун калыстыгы менен көз карандысыздыгына жетишүүдө, адилеттүү мыйзамдардын кабыл алынуусунда, мамлекеттик институттардын түзүлүшүндө маселелер көп.

Өзгөчө 30 жылдык пост-советтик жаңы тажрыйбада өз көмөчүнө күл тарткандардын айынан президенттик институт өзүн толугу менен дискредитация кылып буттү. Бул жагдай парламенттик башкаруунун толук түрүнө өтүү зарылчылыгына түртөт.

Мындай маселелер системдүү түрдө мыйзамдарда каралган амалдардын (процедуралардын) алкагында чечилиши керек. Башмыйзамдын жаңы долбоору өлкөдөгү саясий элитанын жемкор катмарынан көз каранды болбогон күчтүү укукчулардын, илимпоздордун, жарандык активисттердин катышуусунда изилденип, анализ жүргүзүлүп, ачык талкууланып, анан коомдун алдына бир аналитикалык ой жүгүртүүлөрдүн, идеялардын бүтүнү катары шашылбастан иштеп чыгарылышы керек.

Мындай жүрүмдөр дүйнөлүк тажрыйбада орточо 1-2 жыл убакытты алат. Мисалы, Улуу Британия (2005), Франция (2008), Түркия (2017) сыяктуу мамлекеттерде жаңы конституциялык долбоорлордун же ага өзгөртүүлөрдүн даярдалышы 2-3 жылдай убакыттарга созулган.

Ал эми Түркиядагы конституциялык жүрүмдөргө магистратурада окуп жүргөн кезимде өзүм көп жолу күбө болгом.

Жаштар: «Биздин үнүбүздү уккула»
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Жыйынтык

Конституция – “коомдук келишим” доктринасы боюнча мамлекет менен адам арасындагы келишимдин юридикалык кагазы болуп эсептелет. Референдумда конституцияга добуш берүү менен жаран өзүнүн табигый (жашоо укугу, сөз эркиндиги, ишеним эркиндиги ж.б.) жана жарандык (шайлоо, билим алуу, иш укуктары ж.б.) укуктарын мамлекетке тапшырат. Мамлекет өз кезегинде укук жана эркиндиктерди камсыздоого милдеттенмелерди алат жана өзүнүн бийлигинин чегин аныктайт. Коомдук келишим доктринасынын маңызы ушунда жатат. Бул доктрина бүгүнкү демократиялык башмыйзамдарды жаратты десек болот.

Учурдагы саясий жана экономикалык кризисти колдонулук жаткан конституциянын өксүктөрүнө шылтай бергендик – бул эскичил стереотиптик көз караштын туундусу.

Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү (Rule of Law) же мыйзамдын бийлик ээлери тарабынан так аткарылышы – өтө төмөнкү деңгээлде.

Бул көрүнүш президенттик аппараттан баштап айыл өкмөтүнүн кеңсесине чейин жайылып кеткен. Мындай абалда кандай гана мыйзам кабыл алынбасын, биринчи кезекте бийлик ээсси жана ар кыл төбөлдөр тарабынан аткарылбай жатса, анда анын эч пайдасы жок.

Өзгөчө ушундай туруксуз кырдаалда Кыргызстанда чийки даярдалып, шашылыш өткөрүлүүгө тийиш болгон конституциялык реформанын кажети жок экендигин билдиргим келет.

Медербек Айтмырзаев. 26.02.2019.
Медербек Айтмырзаев. 26.02.2019.

Айрыкча, басма сөздө, интернеттеги коомдук тармактарда айрым замандаштар тарабынан сунушталып айтылып жаткан президенттик күчтүү башкаруу системасын, курултай институтун киргизүү, көп партиялуу системаны чыңдоодон баш тартуу, депутаттардын санын жүйөөсүз кыскартуу, өлүм жазасын калыбына келтирүү ж.б. ушул сыяктуу ашынган эскичил кадамдар өлкөбүздү байыркы заманга карай сүйрөйт ко деп чочуйм.

Мындай эскичил талаптар жүзөгө ашырыла турган шарттарда адамдык потенциал, экономикалык, маданий, илимий ж.б. өсүүлөр үчүн кедерги жаралат. Конституциялык реформанын башында турган демилгечилер “долбоорубузда диктатордук өлкө болбойт, демократиядан алыстабайбыз” дегени менен, алардын сунуштарын иргеп, талдаган илимпоз адистер натыйжа теңирден тетирисинче болот ко деп чындап тынчсызданып жатышат.

Медербек Айтмырзаев,

Сегед (Szeged) университетинин докторанты,

Сегед шаары, Венгрия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG