Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Ли Куан Ю: Жакыр өлкөнүн уятсыз аткаминери көп


Бишкек. (Архивдик сүрөт)
Бишкек. (Архивдик сүрөт)

Тарыхтын жолун же бир генийлер, же бир жиндилер гана өзгөртө алышат (3-бѳлүк)

Сингапурдун биринчи премьер-министри, даңазалуу Ли Куан Ю өз өлкөсүн белчеден коррупцияга баткан жеринен, саздан сууруп чыккан жетекчи. Акын Шайлообек Дүйшеев Кыргызстандан да жакыр жашаган Сингапурду 30 жыл ичинде дүркүрөп өнүккөн мамлекетке айланткан Ли Куан Юнун айткандарын кыргызчага которду.

Сингапурду көрүп чыккандан кийин, колунда да, жеринде да жыргаткан байлыгы жок, теринин бучкагындай болгон өлкөнүн ушунчалык прогресске жеткенин, гүлдөп-өнгөнүн, элдин жакшы жашаганын байкаган соң ал мага суроо артынан суроо берип, кунт коюп угуп, анан биздин жетишкендиктерибиздин сыры өлкөгө инвестицияларды, өнүккөн технологияларды, башкаруунун алдыңкы ыкмалары менен рынокко кирүү мүмкүнчүлүгүн алып келген экономикабыздын ачыктыгында жатканын жазбай түшүндү. Ал Кытайга барары менен Сингапурдун моделине негизделген алты өзгөчө экономикалык аймак түздү. Анан ошол убакта айткан: “Кара мышык болобу, ак мышык болобу, кеп анын чычкан алганында да” деген сөзү дүйнөгө дүң болду.

* * *

Дэн Сяопин Кытай Советтер Союзунун модели менен кетсе кыйроого тушугарын билген, ал Сингапурду көрүп чыгары менен “Мына, бизге дал ушундай өлкө керек” деп айткан.

* * *

Дэндин жаштыгы Францияда өткөн. Бельгия менен Германияга бат-бат каттап тургандыктан капиталисттик дүйнө менен жакшы тааныш болгон. Эркин ишкердик менен баарына жетсе болорун, ачык эшиктердин саясаты Кытайды сактап каларын билген.

* * *

Бир ирет Дэн Сяопин мага, “Сингапурдун мыйзамдарын сурап келгин” деп министрин жибериптир. Мен андан: “Силерге биздин мыйзамдардын эмне кереги бар?” десем: “Биз силердикин үйрөнүп туруп, өзүбүзгө үлгү кылат элек” дейт.

Мен ага: “Адегенде силерде көз карандысыз судьялар түзүлүш керек, анан алар жарандар менен мамлекеттин талаш-тартышында чечимди мамлекеттин пайдасына эмес жарандардын пайдасына чечиши керек, кыскасы силер баарынан мыйзам жогору турарын далилдеп, мыйзам үстөмдүгүн орнотушуңар керек” дедим. Ал “Бизге ал маанилүү эмес, бизге мыйзамдарды эле берсеңиз болду” деди. Алар анан котортуп алып, алып кетишти. Бирок биздин мыйзамдар Кытайда эч качан иштебейт, анткени алардын судьялары элдин эмес, партия жетекчилеринин айтканы боюнча гана чечим чыгарат.

* * *

Дэн чынында эле коммунист болгон эмес. Ал прагматик болгон.

Орусия

СССРдин кулашы Орусиянын Батышка каршы туруп келген аскердик абалын кыйындатты, өлкөнүн бардык аракети эми экономиканы көтөрүүгө жумшалат.

* * *

Орустар өздөрүн улуу өлкө деп эсептейт, анткени эбегейсиз жаратылыш байлыгы бар чоң жерди ээлеп турат. Мурда Советтер Союзу дүйнөдөгү тынчтыкка кооп келтирип турган өлкө катары саналса, бүгүнкү Орусиянын андай позицияны карманып турганга шаасы жетпей калды. Элинин саны барган сайын азайып, экономикасы бир күнү түгөнө турган мунай менен газга гана байланган. Өлкөдө пессимистик маанай өкүм сүргөн, аракечтик өсүп, төрөттүн саны азайууда.

* * *

Бир жолу Гельмут Шмидт мага “Мен советтик лидерлерге, анын ичинен Михаил Горбачевго Одесса, Петербург, Калининград жана Балтика жээгиндеги Литваны экономикалык эркин зонага кое бергиле, ошондо ылдам өнүгөсүңөр” деп айттым, бирок укмак тургай, экономикалык эркиндик деген кандай болорун элестете да албай койду” деген эле.

* * *

Советтер Союзу аябагандай жабык коом болгон. Жетекчилери пландуу экономика дегенден башкага ишенген эмес жана кандай гана жаңы идея болбосун коркуп турган. Дэн Сяопин болсо Советтер Союзунун жолу менен кетсе, Кытай кыйрап жок болорун билген, ошондуктан Сингапурду көргөндөн кийин айтып жатпайбы: “Биз дагы так ушундай өлкө болушубуз керек!” деп.

ЖАНБАКТЫ ӨЛКӨЛӨР

Өлкөлөр арасындагы теңсиздикти жоюу оңой эмес. Бул үчүн дүйнөлүк өкмөт түзүп, жакыр өлкөлөргө жардам берип туруш үчүн бай өлкөлөрдүн арткан акчасын дүйнөлүк казынага салып турчу келишим керек.

Бирок мындай болушу кыйын. Мисалы Кытай “Келгиле жакыр өлкөлөргө жардам берели, бир кезде биз да кедей болгонбуз” деп эч качан айтпайт. Ал мындай байлыкка карандай кара мээнети, маңдай тери менен, жон териси түшкөнчө эмгектенип жүрүп жеткен өлкө. Анын үстүнө начар өкмөтү бар мамлекеттерге берген жардамдын дагы бир опурталдуу жагы, берген акчаң реалдуу долбоорлорго, ошол өлкөлөрдүн элинин жашоо-турмушун жакшыртууга, өлкөсүн өнүктүрүүгө жумшалбастан коррумциялашкан аткаминерлер менен уятсыз саясатчыларынын чөнтөктөрүнө кирип жок болуп кетип жатпайбы.

Ушундай бир арамза өлкөлөр пайда болду: “Жакырбыз, жашай албай калдык” деп миллиондогон долларды жалдырап атып, ыйлап атып сурап кетип, анан өлкөлөрүнө барганда бир ууч коррупционерлери менен чогулуп, уялбай жеп койгон. Мындай жанбагар өлкөлөргө бир доллар тургай, бир цент да бербеш керек.

* * *

Мисалы биздин Сингапур үчүн башка өлкөлөргө жардам берүү пайдасыз. Элибиз да мындай “марттыкка” караманча каршы. Биринчи ирээтте “өсөр эл өзүн сыйлайт” дегендей адегенде өзүбүз жөнүндө ойлонушубуз керек. Биздин туруктуулугубуз - өзүбүз түзгөн күчтүү армияга байланыштуу.

АМЕРИКА

Дүйнөнүн тең салмагын кармап турган күчтөр алмашып жатат. Убакыттын өтүшү менен АКШ үчүн Тынч океандын Азия жак бөлүгүндөгү өз таасирин кармап туруу барган сайын кыйындай берет. Оюндун баштапкы шарттары өзгөрөт. Географиялык жакындык чечүүчү фактор катары биринчи планга чыгат. Кытайга бул жагынан оңдой берди болот, ал дал ушул аймакта тургандыктан, бүтүндөй Азияга таасирин оңой тийгизет.

Америкалыктар минтиш үчүн 8000—9000 миль аралыкты басып өтүп келиши керек. Ага кетүүчү чыгым да, логистикалык түйшүк да, жумшалчу каражат да өтө чоң. Анын үстүнө Кытайдын 1, 3 млрд. калкын 314 млн. калкы бар америкалык менен салыштыруу деги эле мүмкүн эмес. Бирок баары бир Американын мыкты сапаттагы технологиясынын артыкчылыгына байланыштуу Кытай бийлигинин алмашуусу жайбаракат жүрөт. Кытайдын деле техникасы бар, бирок Американын эң эле жогорку техникалык жабдуулар менен жабдылган, атомдук кыймылдаткычы жана бортунда 5000 аскери бар авианосецтериндей өтө күчтүү, өтө кубаттуу курал жасоону үйрөнүш үчүн ага дагы далай мезгил талап кылынат. Бирок кандай болгон күндө дагы географиялык фактор чечүүчү роль ойнойт да, АКШ бул аймактагы өз саясатына акыры түзөтүү киргизүүгө аргасыз болот.

* * *

Ушу тапта Американын Австралияда, Жапонияда, Түштүк Кореяда жана Гуамеде аскерий базалары бар. Америкалыктар мына ушуларын Кытай флотуна тең салмак болуп турат деп ойлошот. Бирок бул артыкчылык канча убакытка созулушу мүмкүн? Жүз жылгабы? Элүү жылгабы? Жыйырма жылгабы? Мүмкүн. Бүтүндөй дүйнө боюнча өзүнүн аскердик таасирин сактап туруш үчүн, согуштук кораблдер менен самолетторду, базаларды куруш үчүн өтө күчтүү экономика талап кылынат.

* * *

Ошол учурда АКШ менен Кытайдын ортосунда Тынч океандын аймагына болгон таасир-талаш күчөйт да, Азиянын калган өлкөлөрү “эки дөөнүн кармашына” ыңгайлашып жашоодон бөлөк арга таппай калат. Ошондо байыркы грек тарыхчысы Фукидиддин : “Күчтүүлөр каалаганын жасайт, ал эми күчсүздөр каалагандай азап тартат” дегенин эстейсиң.

* * *

Дүйнө ушинтип ар бир 50-100 жылда өзгөрүп кете берет. Оомат биринен кетсе, экинчи бирөөнө ооп турат. Ал эми калган өлкөлөрчү? Калган өлкөлөр кандай болот?

Калган өлкөлөрдүн баары үшул гиганттардын толкунун эпкининде калабыз. Алар кандай толкуса ошондой толкуп, алар каякка толкуса ошоякка толкуп, толкундун арасында кенедей шарга айланып, тырнактын агындай чамындыга айланып, кээде бар туруп жок болуп, кээде жок туруп бар болуп, кээде таптакыр эле дайыныбыз чыкпай кетип... Жашай алсак жашап, жашай албасак, биротоло жок болобуз.

ЕВРОПА

Немистер чыгымдаганына караганда иштеп тапканы арбын эл, анткени алардын жумушчу күчүнүн кесипкөйлүгү өтө күчтүү. Немистер качан болбосун энергиясы, эмгекти сүйгөндүгү, тактыгы жана тартиби менен башкалардан алдыда тура берет. Черчилль айтпады беле, "эгер Гитлер Советтер Союзуна акылсыздык менен кол салбаганда, эгер согушка Америка катышып жардам бербегенде бүтүндөй Европа бүгүн жалаң немисче сүйлөп калмак" деп.

Улуу Британияныкы болсо башка. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул өлкө Американын пайдасы үчүн дүйнөлүк таажыдан баш тартууга аргасыз болду. Индиядан ажыраган соң, Пакистан менен Бангладешке да таасирин жоготту.

Англичандар Британ империясын, француздар–Француз империясын түзсө, белгиялыктар Африканын эбегейсиз аймагын ээлеп, минералдык ресурстарга абдан бай, 5 миллионго жетпеген калкы бар Конгого кожоюндук кылып турду. Анан эмне болду? Колониялардын чынжыры үзүлдү да, империялар урап түштү. Ошондогу дүйнөгө үстөмдүк кылып турган империялардын доору эми эч качан кайтып келбейт. Кайтып келсе да башкача түрүндө кайтып келет, маселен дүйнөнүн баарына болбосо да бир бөлүгүнө Кытай экономикалык жактан үстөмдүк кылып тургандай болуп кайтып келет.

ЖАПОНИЯ

Азыркы күндө Жапониянын эң эле башкы маселеси демогрфиялык көйгөй. Өлкөнүн калкы тездик менен карып баратат, ошого карабай балдардын төрөлүшү азайууда. Калган-каткан маселелердин баары мунун жанында кеп да болбой калат. Эгер Жапония жакын арада демографиялык проблемаларын чече албаса, анын келечеги өтө тумандуу. Ооба, жапондор тышкы күчтөр менен күрөшүүдө алдына эл салбаган эрк-күчкө ээ калк. Ал эми элинин демографиялык абалын оңдоодо жапондор тышкы күчтөр менен эмес, өзү менен өзү күрөшүп, өзүн өзү жеңип чыгуусү зарыл. Аялдар менен эркектер жашоо-турмуш менен балага болгон мамилелерин өзгөртпөсө болбойт. Бирок жапон аялдары мурдагы үй кызматындагы ролдоруна деги эле кайтып келгилери жок, алар эми баштагыдай күйөөлөрү менен балдарына, кары-картаңдарына камкордук көрүп жашаганды каалашпайт. Алтургай антип жашабайбыз деп козголоң чыгарышууда.

ЭКИ КОРЕЯ

Мен эч качан Түндүк Кореяда болгон эмесмин. Болгум да келген эмес. Дүйнөдө бул өлкөгө окшогон бир дагы өлкө жок. Алтургай Кытайда да адамдардын айрым бир укуктары сакталат. Ал эми Түндүк Кореянын калкы тышкы дүйнөдөн таптакыр чүмбөттөлгөн жашоодо жашайт. Бул өлкө жадагалса өз элин дурустап бакмак тургай курсагын тамак-аш менен тойгузулбай калган өлкөгө айланган.

Менин байкоомдо келечекте деле Корей жарым аралында азыркыдай абал сакталып кала берет., Мунун себеби жөнөкөй эле, кызыккан тараптар, алардын ичинде Кытай менен АКШ үчүн ушундай болуп турганы кыйла ыңгайлуу. Эч кимиси түндүк менен түштүктүн согуштук жол менен да, тынчтык жол менен да жакын арада кошулуп, бир өлкөгө айланып кетишин каалабайт.

Корейлер өз аймагындагы өтө бекем элдердин бири. Тээ илгери Кореяны Чыңгызхан басып алган, бирок монголдор андан ары деңизди кечип өтүп Жапонияга жетелбастан ошол жерде калып калышкан. Ошондуктан азыркы корейлердин канында Орто Азиянын ошол кездеги эң эле согушчан, жоокер элдеринин каны аралашкан. Элдин жакшы сапаты келечекте да сакталып кала берет.

Түндүк Кореянын атом куралы бар. Эмдиги кезек Түштүк Кореяныкы. АКШнын экономикасы начарлап, Азия чөлкөмүнө мурдагыдай аскердик таасирин сактай албай калса эле Түштүк Корея өзүнүн атомдук программасын баштайт. Чын эле ушундай абал болсо, анда Жапония менен Түштүк Корея Американын коопсуздук гарантиясынан ажырап, өз алдыларынча аракеттенүүгө мажбур болушат.

ИНДИЯ

Көп жылдардан кийин мен мындай ойго келдим, деги эле Индия менен Кытайды салыштырыш мүмкүн эмес экен. Индиялыктардан айырмаланып, кытайлар өз өлкөсүн өзүлөрү куруптур, калктын 90 процентин ханзулар түзөт экен, бул деген Кытайдын дээрлик бардык калкы кытай тилинде сүйлөйт дегендик. Кытайда улуттук биримдик, бир тилге баш кошкондук бар, ал эми бул нерсе Индияда жок. Индия бүгүн бирин-бири түшүнбөгөн 400 тилде сүйлөйт.

Британ колонизаторлору бытыранды өлкөнү бириктирип, темир жол түйүндөрүн салганга чейин Индия бири-бири менен душмандашып турган майда мамлекеттерден, өздөрүнүн махараджаларынан, султандарынан жана навабдарынан турган. Тилдердин мына ушул өтө чоң айырмачылыгынын айынан өлкөнү өз ичинен коммуникациялоо бөтөнчө кыйын болууда. Эгер сиз англисче сүйлөсөңүз Индиянын 1,2 млрд. калкынын 200 миллиону түшүнөт. Эгер хинди тилинде сүйлөсөңүз - 500 миллиону түшүнөт, ал эми тамиль тилинде сүйлөсөңүз 60 миллион киши гана түшүнөт. Мына ушул жагдай премьер-министр үчүн өтө чоң тоскоолдукту жаратат. Анткени ар бир эле премьер-министр болгон адам бардык тилде сүйлөй албайт эмеспи.

Индия эч качан бирдей гегомондук өлкө болгон эмес. Бул концепция англичандар тарабынан ойлонулуп табылган жана иш жүзүнө ашырылган. Англичандар менен жергиликтүү улутчулдардын аракетине карабастан, бир улутка айлануу идеясы Индиянын эңсеген кыялы бойдон кала берүүдө.

Ошондуктан Индия менен Кытайдын цивилизациясын бири-бирине салыштыруу алма менен апельсинди салыштыргандай эле кеп. Ошону менен бирге эле Индия Кытай өнүккөндөй өнүгө алабы деген суроо алма апельсинге айлана алабы деген суроо менен эле бирдей. Кытай айтат, анан айтканынын баарын жасайт. Индия жасайм деп көп айтат, бирок чанда бирин гана жасайт.

Эки өлкөнүн саясий системасы да башка. Делинин борбордук өкмөтү штаттын өкмөтүн башкарган башкы министрлерине “аны жаса, муну жаса” деп буйрук бере албайт. Анткени шататтардын министрлери ошол жердеги элдин добушу менен шайлангандыктан борборго көз каранды болбойт. Ал эми Кытайда эгер сен борбордун буйругун аткарбасаң ошол замат “башың алынат”, тагыраак айтканда кызматыңдан кол жууйсуң.

Индияны өнүктүрбөй, анын колу-бутун тушап турган дагы бир жагдай—касталык система. Эгер сен төмөнкү кастадагы кыз менен турмуш курсаң, автоматтык түрдө өзүңдүн кастаңдан чыгарыласың жана ага чейинки бардык жакшылыктарыңдан ажыратыласың. Ошондуктан Индияда брахман уруусундагылар жалаң гана брахманга, вайши уруусундагылар жалаң гана вайшилерге, далиттер жалаң гана далиттерге гана үйлөнгөнү бузулгус салтка айланган..

Индияда дүйнөдөгү билимдүү жана көп тил билген каста брахмандар болуп саналат. Бирок булар эч качан өзүнөн төмөнкү касталар менен кыз алышып, кыз беришип, кан аралаштырбайт. Ал эми байыркы Кытайда белгилүү адамдар, жогорку аскер чиновниктери, интеллектиси бийик адамдар даражасына карабай туруп, өздөрү каалаган элден бир нече аял алып, генин улам жаңы аймактарга “чачып” таратып келген. Брахмандар минте алышкан эмес. Эгер минтсе дароо кызматтарынан, даражаларынан кол жууган. Эгер касталык система тоскоолдук кылбаганда брахмандар канындагы мыкты сапаттарын бүтүндөй Индия боюнча таратып, өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө таасир этет болчу.

Анткен менен Индия Инди океанындагы эң эле кубаттуу өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү Кытайдыкына караганда аз экендигине карабастан, анын көп бөлүгүн курал-жаракка жумшаганына карабастан Азиядагы Кытайга тең салмак боло турган жападан жалгыз мына ушул Индия гана болуп саналат.

ЖЕР ПЛАНЕТАСЫ ЖӨНҮНДӨ

Жер шары глобалдык жылуулук көйгөйүнө келип кептелди. Ушунун баары адамдардын азабынан болууда. Ушундай болуп жатканын климатты изилдеген окумуштуулар айтышууда. Эрибеген мөңгүлөр көз алдыда эрип жатат. Жер ортолук деңизинен Скандинавияга чейин сел каптоолор, кыйраткыч бороон-чапкындар менен куйкалаган ысыктар бат-бат болчу болду. Эгерде Орто Азия менен Кытайдын мөңгүлөрү ылдам эрий бере турган болсо анда алардын этегиндеги айылдар менен шаарлар адегенде сел каптоонун, андан кийин суу жетпей, кургакчылыктын азабын тартат. Булардан тышкары деңиз сууларынын көбөйүшүнөн анын жээгиндеги өлкөлөр жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетет. Деңиз сууларынын деңгээли бир эле метрге жогоруласа, изилдөөчүлөрдүн эсеби боюнча дүйнө боюнча 145 млн. адам көчүп-бозууга аргасыз болот. Таза суулар булганып, ичерге суу жетпей, кургак жерлер суу астында калат. Ачарчылык, чыр-чатак көбөйөт.

Бай өлкөлөр ыңгайлуу жерлерди издегенге өтөт. Жашоо үчүн жакшы жай издеген адамдарды эч кандай чек ара, эч кандай мыйзам дегениң токтото албай калат.

* * *

Ошондуктан биздин планета чойсо эле чоюла бергендей резинка эместигин, чеги чектелүү экенин сезип-түшүнө турган мезгил келди. Баарыбыздын жашаган үйүбүз ушул жападан жалгыз Жер, баарыбыздын тагдырыбыз бир. Эгер Жер шары бирдеме болсо анын кесепетин баарыбыз бирдей тартабыз. Балким 50 жылдан кийин, балким 150 жылдан кийин, мен, менин жанымдагы азыркы жашап турган адамдар жок болушу мүмкүн.

Бирок биз өзүбүздүн балдарыбыз менен неберелерибизге, алардын укум-тукумдарына касиеттүү Жерди, анын тоо-ташы менен токойлорун, көлдөрү менен сууларын, талаа-түздөрү менен деңиздерин аман-соо, ата-бабаларыбыз бизге бапестеп сактап калтыргандай калыбында калтырып кетүүгө милдеттүүбүз.

XS
SM
MD
LG