Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Ооган президенти шайлоо өтө турган шартта кызматтан кетээрин айтты


Ооганстандын президенти Ашраф Гани Дүйшөмбү шаарындагы чөлкөмдүк саммитте. 2021-жылдын 30-марты.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани Дүйшөмбү шаарындагы чөлкөмдүк саммитте. 2021-жылдын 30-марты.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 30-марттагы чөлкөмдүк саммитте өз өлкөсүндөгү эрте шайлоону "бекем" колдой тургандыгын жана бийликти шайланган мураскорго өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты.

Президент Гани Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн «Азиянын жүрөгү – Стамбул жүрүмү» аттуу тогузунчу саммитте чыгып сүйлөдү.

Гани мырза бул отурумда: "Мен... шайлоону мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүнү кызуу колдойм. Менин эң чоң сыймыгым – бул шайланган мураскорума ыйгарым укуктарды тапшыруу болмокчу", – деп билдирди.

Тажикстанга расмий сапар менен келген Ооганстан президенти Ашраф Ганини кесиптеши Эмомали Рахмон жылуу кабыл алды. Дүйшөмбү шаары. 2021-жылдын 29-марты.
Тажикстанга расмий сапар менен келген Ооганстан президенти Ашраф Ганини кесиптеши Эмомали Рахмон жылуу кабыл алды. Дүйшөмбү шаары. 2021-жылдын 29-марты.


Дүйшөмбөдөгү саммит Кошмо Штаттар жана башка дөөлөттөр жаңы өткөөл өкмөттү куруу долбоору аркылуу Ооганстандагы тынчтык жүрүмүн жандандырууга далаалат кылып жаткан учурга туш келди.

Бул өткөөл өкмөттү курууга Гани мырза макул болбой келет. Анын оюнча, оболу өлкөдө шайлоо өткөрүү керек жана анын натыйжасында гана ал кызматын өткөрүп берүүнү каалайт.

Соңку мезгилде Катардын борбору Доха шаарындагы расмий Кабул менен талип жоочуларынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү жарга кептелип калды, ал эми Ооганстанда талиптерге жана башка исламчы жоочуларга байланышкан зомбулук аракеттер улам күч алууда.

"Эркин Европа / Азаттык" үналгысы өткөн аптада баяндагандай, Гани мырза талиптер кыймылы менен тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин алты ай менен бир жылдын аралыгында өлкөдө чукул шайлоо өткөрүү сунушун атаандаш сунуш катары ортого салмакчы.

Ооганстан өкмөтүнүн жогорку даражалуу бир төбөлү 23-мартта Эркин Европа / Азаттык үналгысынын “Эркин Ооганстан” кызматына билдиргендей, Гани кийинки айда Түркияда өз ишин баштай турган эл аралык тынчтык жыйынында өз сунушунун чоо-жайын шардана кылмакчы. Алиги төбөлдүн айтымында, талиптердин жетекчилиги эмитеден эле президент Ганинин сунушун четке кагууда.


Талиптер болсо АКШдагы Жо Байдендин өкмөтүнөн мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда Вашингтон менен талиптер жетишкен макулдашууга ылайык, мерикалык аскерлерди Ооганстандан 1-майга карата чыгарып кетүүнү талап кылышууда. Байден бул мөөнөт турмуш чындыгына ылайык келбейт, АКШ аскерлери бул өлкөдө дагы кала турушу ыктымал, деп ишаара кылган.

Ал эми Дүйшөмбү шаарында 30-мартта өткөн чөлкөмдүк саммит – “Азия жүрөгү – Стамбул жүрүмү” жыйыны – Ооганстан менен Түркиянын биргелешкен демилгеси болуп саналат. Анын алгачкы саммити 2011-жылы 2-ноябрда Стамбул шаарында өткөн. (TT)

XS
SM
MD
LG