Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Вашингтондун Ооганстанда тынчтык орнотуу аракети активдешти


Чабуулдардан кийин үй-жайын таштап качкан оогандыктар, 2020-жыл
Чабуулдардан кийин үй-жайын таштап качкан оогандыктар, 2020-жыл

АКШ ооган өкмөтү жана талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууда.

АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө Ооганстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Халилзад Кабулда бул мамлекеттин Улуттук элдешүү кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен жолукту.

«Тынчтык процессин өнүктүрүү жана тездетүү, Дохада кабыл алынган келишимге АКШнын жаңы администрациясынын баасы - сүйлөшүүлөрдүн башкы өңүтү болду», деп билдирди Абдулланын басма сөз катчысы Фрайдун Хвазун.

Халилзад Кабулдан соң “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Катарга бет алганы кабарланды.

28-февралдагы Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Вашингтон Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн аракеттерин улантаары белгиленген.

Бул кезде АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден «Талибан» кыймылы менен түзүлгөн келишимди кайрадан карап жаткан чагы.

Өткөн жылы февралда АКШ жана «Талибан» дээрлик 20 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан.

Бул келишим боюнча 2021-жылдын майына чейин АКШ Ооганстандан 2,5 миңдей аскерин чыгарып кетиши керек.

Ал үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Ал-Кайида», «Ислам мамлекети» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү зарыл болчу. Ошондой эле коопсуздук кепилдиктерин берип, Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга көнгөн.

Анткен менен өкөн жылы сентябрда Дохада ооган өкмөтү менен талибдер алгач бетме-бет жолугушкандан бери кийинки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай келет.

Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

Эки жума мурда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг «Талибан» кыймылын АКШ менен түзүлгөн келишимдин шартын сактоого үндөп, Ооганстандан коалициянын аскерлерин чыгаруу өлкөдөгү абалдан көз каранды экенин белгилеген.

«Талибдер зомбулукту токтотуп, cүйлөшүүлөрдү ачык жана ак ниет жүргүзүп, эл аралык террордук топтор менен кызматташтыкты үзүп, өз милдеттерин аткарышы керек. Биздин жалпы максатыбыз белгилүү: Ооганстан эч качан биздин мекенге кол салган террорчулар башпааналаган өлкөгө айланбашы керек. Биздин ал жакта турганыбыз бул шарттардын аткарылышына чейин», – деген Столтенберг.

Талибдер НАТОнун аскерлерине чабуулдарын токтоткон менен эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ ооган күчтөрү, жай тургундарга каршы зомбулук, кол салуулар, ар кыл жардыруулар уланууда.

Мындан тышкары «Талибан» кыймылы Ооганстандан эл аралык аскерлердин чыгарылышын, туткундагы можахеддердин бошотулушун жана алардын «кара тизмеден» чыгарылышын талап кылып жатышат.

Сентябрдагы бетме-бет жолугушуу, Доха, 2020-жыл
Сентябрдагы бетме-бет жолугушуу, Доха, 2020-жыл

Өткөн жума күнү «Талибан» кыймылынын өкүлү Сиражуддин Хакканинин кайрылуусу Интернетке таркаган.

«Бүгүн бизде пилотсуз учактарды башкарууга технологиялар, ракеталар бар. Эгерде можахеддер душмандарга каршы күрөштү кайрадан баштаса, мурда болуп көрбөгөндөй сокку болот», деген анда ал.

Сиражуддин Хакканинин - «Талибандын» бир канаты болуп саналып, Ооганстанда катуу чабуулдарды уюштуруп келген «Хаккани» түйүнүнүн лидери. Бул топ 1980-жылдары советтик аскерлер Ооганстанга киргенде Кошмо Штаттар менен кызматташкан. Анткен менен 2001-жылдан тартып «Хаккани» түйүнү Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө жана НАТОнун аскерлерине каршы согуша баштаган. 2012-жылы Вашингтон бул топту террористтик уюмдардын катарына кошкон.

Ооганстанда соңку айларда мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди жана жай тургундарды бутага алган кол салуулар күч алган.

Ооганстандын расмий бийлиги жана АКШ зомбулуктун күчөшүнө талибдерди күнөөлөп келет, бирок «Талибан» бул дооматтарды четке кагып жатат.

Өлкөдө талибдер менен катар эле «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери активдүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун соңку баяндамасында былтыр 2019-жылга салыштырмалуу Ооганстанда чабуулдарда өлгөн жана жарадар болгондордун саны 15% азайганы жазылган.

БУУнун эсебинде былтыр Ооган жеринде зордук-зомбулуктан эки миңден ашуун карапайым киши өлгөн, төрт миңдей киши жарадар болгон.

Соңку үч жылда Ооганстанда 65 журналист жана укук коргоочу-активист өлтүрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG