Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Эл аралык жардам болбосо Ооганстанда кайрадан башаламандык жаралышы мүмкүндүгү эскертилди


АКШ жана эл аралык донорлордун Ооганстанга жардамын кыскартышы өкмөттүн кулашын жана 1990-жылдардагыдай башаламан кырдаалдын кайрадан жаралышын шартташы мүмкүн.

Бул тууралуу АКШнын Ооганстан боюнча атайын инспектору Жон Сопко даярдаган баяндамада айтылат. Ал Reuters агенттигиндеги маегинде “Ооганстандын бюджетинин 80 пайызы АКШ жана эл аралык донорлордун жардамынан каржыланат. Эгер кайсы бир себептен улам донорлор жардамды кыскартса, ооган өкмөтүнүн дароо кулашына алып келиши мүмкүн”,-деп билдирген.

Адистин мындай эскертүүсү Кошмо Штаттар, Орусия баштаган бир катар өлкөлөр Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө аракет кылган жана бул өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгаруу мөөнөтү жакындап калган учурга туш келди.

Сопко 1989-жылы Советтер союзу Ооганстандан аскерин чыгарып, каржылоону токтоткондон кийинки башамаландыкты эске салып, дал ушундай абал кайталанбашы керектигин эскертти.

Ал учурда Ооганстанда бийликти талибдердин колуна өтүп, Усама Бен Ладен баш болгон террорчулардын бир катар ырайымсыз кол салууларды ишке ашыруусуна шарт түзгөн.

Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча 2011-жылы Ооганстанга эл аралык жардамдын көлөмү 6,7 миллиард долларды түзсө, 2019-жылы 4,2 миллиард долларга чейин кыскарган.

XS
SM
MD
LG