Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Ооганстан: Президент Гани жаңы тынчтык планын сунуш кылат


Ашраф Гани
Ашраф Гани

Ооган президенти Ашраф Гани АКШ өкүлдөрүнө жана “Талибанга” жаңы тынчтык планын сунуш кылды. Анда согушкер топ менен ок атышпоо тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин алты айдын же бир жылдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүү каралган. Бул тууралуу 23-мартта “Азаттыктын” ооган кызматына Кабул өкмөтүнүн расмий өкүлү билдирди.

Ага ылайык, президент Гани өз планын апрелде Түркияда өтчү эл аралык тынчтык конференциясында тааныштырганы жатат. Сунушта Ашраф Ганинин өкмөтүн жаңы шайлоо өткөнчө өз ордунда калтыруу, бирок “Талибандын” айрым мүчөлөрүн өкмөттүк кызматтарга тартуу каралган.

Расмий булактын маалыматы боюнча, жаңы шайлоодо бурмалоолор болот деген күмөн саноону жокко чыгаруу үчүн президент Гани жана эки вице-президент ага катышпоого даяр экенин жарыялашы мүмкүн. Жаңы планды ооган президенти АКШнын жетекчилигине тааныштырган.

Вашингтондун расмий өкүлдөрү бул маалымат тууралуу азырынча комментарий бере элек. “Талибан” кыймылы бул планды четке кагарын жарыялады.

АКШнын буга чейинки президенти Дональд Трамптын администрациясы былтыр февралдын этегинде талибдер менен түзгөн келишимге ылайык аскерлерин 1-майга чейин алып чыгып кетүүгө тийиш. Жакында президент Жо Байден ал шартты өз мөөнөтүндө аткаруу Вашингтон үчүн “кыйын” болорун айткан. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, президент ооган жергесиндеги контингентти ноябрга чейин кармап турууну караштырып жатканын жазышкан.

Ошол эле келишимде Ооганстандын ички саясий күчтөрүнүн диалогун баштоо каралган. Бирок Кабул өкмөтү менен “Талибан” өкүлдөрүнүн былтыр сентябрдан бери Катардын борбору Дохада жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрүндө олуттуу алга жылуу байкала элек.

XS
SM
MD
LG