Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Ооган өкмөтү жана "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашты


Москвадагы конференцияда Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө көз салып отурат. 18-март, 2021-жыл
Москвадагы конференцияда Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө көз салып отурат. 18-март, 2021-жыл

Ооган өкмөтү жана “Талибан" кыймылы Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашты. Мындай жыйынтыкка 18-мартта Москвада өткөн конференцияда жетишилгенин Ооганстандын улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла орусиялык маалымат каражаттарына билдирген. Ал жолугушууда атайын чечим кабыл алынбаганы менен, тараптар тынчтык процессин тездетүү каалоосун айтканын кошумчалаган.

Конференциядан соң АКШнын, Орусиянын, Кытайдын жана Пакистандын өкүлдөрү тараткан бирдиктүү билдирүүдө Ооганстандын жаатташкан тараптарын “жаңжалды жөнгө салуу үчүн негизги маселелерди талкуулоого тезинен киришүүгө” чакырган.

“Учурдагы чечүүчү мезгилде төрт мамлекет Ооганстанда 40 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө жана тынчтык келишимине кол коюуга үндөйт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Орусияда өткөн жолугушуу ооган өкмөтү жана талибдердин ортосунда буга чейин башталып, бирок туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү жандандырууну көздөгөн. Конференцияга ооган өкмөтүнүн, “Талибан” кыймылынын, Орусиянын, АКШнын, Кытайдын жана Пакистандын өкүлдөрү катышты.

Акыркы мезгилде Кошмо Штаттардын бийлиги Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү көздөөдө. Былтыр мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы "Талибан" кыймылы менен келишимге кол койгон. Ага ылайык АКШнын аскерлери быйыл май айына чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек эле.

Жакында Жо Байдендин администрациясы Ооганстан өкмөтү менен талибдердин ортосунда Түркияда апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун колдоосу менен өтө турган бул жолугушуу Стамбул шаарында болот деп билдирген.

XS
SM
MD
LG