Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Халилзад Пакистандагы сапарында Ооганстандагы тынчтык жүрүмүн тездетүү зарыл деп айтты


Ооганстандык жана пакистандык өкүлдөр "Коопсуздук жана туруктуулук" аттуу эки күндүк жыйын маалында. 2021-жылдын 8-марты.
Ооганстандык жана пакистандык өкүлдөр "Коопсуздук жана туруктуулук" аттуу эки күндүк жыйын маалында. 2021-жылдын 8-марты.


АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Пакистандагы сапары маалында бул өлкөнүн аскер жетекчилерине жолугуп, расмий Вашингтон Ооганстандагы узак жылдардан берки согушту токтотуу үчүн далаалатын улантып жатканда, расмий Исламабад да ооган тынчтык жүрүмүндө маанилүү ролго ээ, деп билдирди.

Халилзад жана АКШ аскерлери менен НАТО жетектеген коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы тобунун башчысы, генерал Скотт Миллер 8-мартта Равалпинди шаарында Пакистан армиясынын штабында генерал Камар Жавед Бажва жана башка расмий жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу АКШнын Пакистандагы элчилиги маалымдады.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Ооганстандагы улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла (оң жакта) менен. Кабул. 2021-жылдын 1-марты.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Ооганстандагы улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла (оң жакта) менен. Кабул. 2021-жылдын 1-марты.


Өткөн аптада Халилзад Ооганстанга жана ооган өкмөтү менен талиптер тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан Катарга барды. Учурда, АКШ аскерлеринин 1-майга чейин Ооганстандан чыгып кетиши ыктымал болуп турган чакта, президент Жо Байдендин өкмөтү Кабул өкмөтү менен талип жоочуларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандандырууга умтулуп келет.

Элчилик таркаткан билдирүүгө караганда, Халилзад «Ооганстанда адилет жана бекем тынчтыкка жетишүүнү тездетүү керектигин» баса белгилеген.

"Элчи Халилзад тынчтык жүрүмүндөгү Пакистандын маанилүү ролун, айрыкча ал оогандарга саясий чечимге жетишүүгө жана ок атышууну ар тараптуу токтотууга жардам бериши керектигин баса белгиледи», – деп АКШ элчилигинин билдирүүсүндө айтылат.

Пакистан армиясынын билдирүүсүндө болсо "жолугушуу учурунда эки тарапты кызыктырган маселелер, чөлкөмдөгү коопсуздук жана улантылып жаткан Ооганстандагы элдешүү жүрүмү көйгөйлөрү талкууланды", деп айтылат.

Пакистанга Халилзаддын бул сапары аны менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ооганстандагы тынчтык жүрүмүн кайра өз нугуна салуу үчүн жаңы идеяларды көтөрүп чыгышкандыгы тууралуу көптөгөн такталбаган маалыматтардын кыртышында жүзөгө ашырылды.

Ооганстандын «TOLOnews» кабар агенттигинин кабардашынча, Блинкен президент Ашраф Ганиге жазган катында тынчтык жүрүмүн жандандыруу үчүн бир катар кадамдарды сунуштаган. «New York Times» басылмасы дагы АКШ менен Ооганстандын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, бул кат жөнүндө кабарлады. (TT)

XS
SM
MD
LG