Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:07

"Айлык айлап кечикти". Орусиядагы мигранттардын нааразылыгы


Москвадагы курулуштардын бири. Иллсютрация үчүн колдонулду.
Москвадагы курулуштардын бири. Иллсютрация үчүн колдонулду.

Орусиядагы Crocus Group курулуш компаниясынан бир нече айдан бери айлыгын ала албай жаткан өзбекстандыктардын маселесине Ташкент реакция жасап, жардам берилерин убада кылды. Ал эми тажик бийлиги жарандарынын жагдайы тууралуу үн ката элек.

Мигранттар митингге чыгышты

Москвадагы Crocus Group компаниясында иштеген миңдей мигрант айлык ала албай жатканына нааразылыгын билдирип, 22-февралда ишкананын алдына митингге чыгышкан. Алардын биринин айтымында, күзөтчүлөр асманга травматикалык куралдан ок атып чогулгандарды тараткан.

"Левобережный" комплексин куруп жаткан жумушчулар ишке кирерде орточо 50-60 миң рубль айлык убада кылынганын белгилешүүдө. Алар башында келишим түзүшкөнүн, тийиштүү документтеринин баары жайында экенин "Азаттыкка" айтышты.

Митингге чыккандарга көмөк көрсөтүлүп жатканы өзбек Сенатынын сайтына жарыяланды. Бирок жардамдын чоо-жайы айтылган эмес. Андан тышкары, Адам сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү боюнча улуттук комиссиясы да көңүл буруп, абалды көзөмөлгө алганы маалымдалды. Комиссия азырынча нааразылыкка чыккандарды курал менен таратуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эч ким жабыркаган эмес.

“Озодлик” радиосунун маалыматына караганда, Москванын бийлиги курулуш компаниясынын жетекчилиги митингчилер менен жолугуп, аларга бардык эмгек акысын төлөп берүүнү убада кылганын кабарлаган. Буга чейин куруучулар иш берүүчүнүн убадаларына ишенбей турганын билдиришкен.

Айлык талап кылып митингге чыккан жумушчулар. 22-февраль, 2023-жыл.
Айлык талап кылып митингге чыккан жумушчулар. 22-февраль, 2023-жыл.

Элчилик арыз күтүп жатат

Тажик бийлиги же тийиштүү бир да мекеме жарандары кабылган жагдайга үн ката элек. “Озоди” радиосунун кабарчысы Тажикстандын Орусиядагы элчилигине 27-февралда кайрылганда, “мигранттардан арыз түшө элек” деген жооп алды. Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү менен Миграция кызматынын адистери кыйынчылыкка туш болгон мигранттарга жардам көрсөтүлөрүн дайыма айтат.

Тажикстандык курулушчулардын бири Назардын айтымында, мигранттар элчиликке бир нече жолу телефон чалган, бирок эч ким жооп берген эмес.

“Айлык албаганыбызга үч айдан ашты. Компанияга Өзбекстандын өкүлдөрү келишти, жакында өзбектер акчасын алат деп ойлойм. Бизди эч ким ойлобойт”,-деди ал кейип.

Өзүн Самандар деп тааныштырган дагы бир мигрант Тажикстандын Москвадагы элчилигине барганын, арызын дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери каттаганын билдирди.

Crocus Group холдинги азербайжандык ишкер Ораз Агаларовго таандык. Журналисттердин Агаларовдон комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок. Мурдараак маалымат каражаттары компаниянын өкүлдөрү жумушчулардын маянасын марттын башында төлөөгө убада бергенин жазышкан.

Түрдүү булактардары маалыматтарга ылайык, Тажикстандын миллионго чукул жараны Орусияда иштейт. Ал жактан тапкан акчасына өз мекенинде үй-бүлөсүн багышат. Көпчүлүк мигранттар “көйгөй жаралганда жардам бербейт” деп бийликти сындашат.

Өзбекстандан Орусияга барып иштегендердин саны расмий эсепте эки миллионго жакын. Бейрасмий үч миллиондун тегерегинде экени айтылат. Негизинен курулушта иштешет. Буга чейин өзбекстандык мигранттар жумуш берүүчүлөрдүн кенебес мамилесине, каттоого туруу жана документ жасоодогу кыйынчылыктар тууралуу көп даттанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG