Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

"Шылтоо таап кармап жатышат". Мигранттар Чымкенттеги текшерүүлөргө нааразы


Казакстан. Чымкент шаарындагы полиция пункттарынын бири. 2021-жыл.
Казакстан. Чымкент шаарындагы полиция пункттарынын бири. 2021-жыл.

Казакстандын Чымкент шаарында миграцияда жүргөн кыргызстандык жарандар казак миграция кызматкерлеринин орой мамилесине кабылып жатышканын айтып чыгышты.

Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулу Чымкент, Таразды кыдырып, мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Казакстанда 27-январдан тартып катаалдашкан миграциялык талап жана эрежеге ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат.

Казакстандын Чымкент шаарында эмгектенген кыргызстандык жарандар өткөн дем алыш күндөрү жергиликтүү миграция кызматы "рейд" деген себеп менен мигранттардын документтерин жана каттоосун текшерүүгө алышканын "Азаттыкка" билдиришти.

Атын атагысы келбеген кыргызстандык мигрант өтө орой мамилеге туш болгонун баяндап берди:

"Көчөдөн эле кармап, текшерип атышты. Документтери, каттоосу жайында болгон кыргыздарды деле жок шылтоолор менен кармап, акча алууга аракеттеништи. Менин көзүмчө эки эжени кармап, документтерин текшеришти. Алардын каттоосу да жайында экенине карабай, машинага отургузушканда аргам кетип кийлигишүүгө туура келди. Эжелерди кое беришти да, мени кармап калышты. Паспортум жанымда жок эле, ошону себеп кылып, миграция бөлүмүнө алып жөнөштү. Машинада дагы бир жашы жете элек өспүрүм кыз бар экен, анын телефонун алып коюшуптур. Мен анын жашы жете электигин эскерттим. Ата-энеси билеби силердин кармап кеткениңерди, телефонун эмнеге алдыңар деп суроо узатканымда аны да кое беришти. Жубайым паспортумду алып келгенде өзүмдү бошотуп, паспортту мен жашаган аймактагы райондук милиция бөлүмүнөн аласың деп коюшту. Дүйшөмбү дегенинен барсам, ал күнү беришкен жок. Эртеси консулдуктагы тааныштарыма кайрылып, алардын кийлигишүүсүнөн кийин алдым".

Бул жаран Чымкентте миграция кызматкерлери аларды 18-февралда кармап, текшергенин кошумчалады.

20-февралда Чымкентте теги өзбекстандык жаран курал-жарак саткан дүкөндүн сатуучусун коркутуп мылтык тартып алган. Дүкөндүн коопсуздук кызматкерлери менен атышкан. Натыйжада бир киши жараат алган. Кийинчерээк полиция аны кармаганын кабарлаган. Окуядан кийин Чымкентте мигранттарга рейд баштагыдан да күчөгөнү кабарланууда.

Шаарда миграциялык кызмат рейд жүргүзүп жатканын Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу ырастады. Башкы консул Назарали Арипов азыр кыргызстандык мигранттар менен жолугушуп жүрөт.

Назарали Арипов.
Назарали Арипов.

"Ошол рейдге байланыштуу биз мекендеш-мигранттарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Тараз шаарына келдик. Андан тышкары жергиликтүү миграция кызматынын жетекчилери менен да жолугабыз. Бүгүн бул жакта болобуз. Эртең, 24-февралда Чымкентке барып, ал жакта жолугушууларды уюштурабыз", -деди Арипов.

Чымкентте атышууга чейин болгон рейддин себебин сурап Казакстандын миграция кызматына кайрылдык. Азырынча жооп боло элек.

Казак өкмөтү 27-январдан тартып миграциялык талап жана эрежелерди катаалданткан. Ага ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Расмий Астана жаңы эрежени мыйзамсыз миграцияга каршы чара катары түшүндүргөн.

Назарали Арипов мигранттарга эреже боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

"Казакстанда жашап, иштеген соң, булардын мыйзамдарына баш ийишибиз керек. Кимдин документи жайында болсо, маселе жок. Ким мыйзамдуу иштесе, ага көйгөй болбойт. Мына ушуларды жарандарыбызга түшүндүрүп атабыз".


Жаңы талаптар киргизилгенге чейин Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип койгондон кийин каалашынча жүрө берчү. Ошондой эле 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу эле.

Эми узак мөөнөткө калгысы келген чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү.

Бул Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын иштөөсүнө кыйынчылык келтирерин билдирген Тышкы иштер министрлиги казак бийлигине кайрылган.

Мигранттардын маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да январдын башында казак Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекке келгенде көтөргөн. Азырынча Астана кыргыз тараптын кайрылууларына жооп бере элек.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин соңку маалыматына ылайык, Казакстанда 30 миңге чукул кыргызстандан жаран жашап-иштеп жүрөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG