Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Армиядагы зомбулук: Аскер кызматкеринин жаны ачыган билдирүүсү


№2028 аскер бөлүгүндөгү зомбулук тууралуу айтып чыккан аскер кызматкери Жылдыз Асанакунова.
№2028 аскер бөлүгүндөгү зомбулук тууралуу айтып чыккан аскер кызматкери Жылдыз Асанакунова.

Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери социалдык тармак аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп, жоокерлер кодуланарын, азык-түлүктүн сапаты начар экенин айтып чыкты. Чек ара кызматы кайрылуу боюнча иликтөө жүргөнүн, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбады деген таризде жооп кайтарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Аскер прокуратурасы кайра текшерүү баштаганы белгилүү болду. Бийликке кайрылган кенже сержант 35 жашта, ал аталган аскер бөлүгүндө фельдшер болуп иштейт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге жасалган зордук-зомбулук тууралуу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталбаганын билдирди.

"Жоокерлер зомбулук көргөн, колу-буту сынган"

Беш мүнөткө чукул видеокайрылуусунда Жылдыз Асанакунова аталган бөлүктөгү бир топ көйгөйлүү маселелерди айткан:

"Бул аскер бөлүгүндө мыйзамдуу жана мыйзамсыз иштер болуп келатат. Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калганга чейин окуялар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда".

Асанакунованын өлкө жетекчилерине жолдогон бул кайрылуусу 6-февралда социалдык тармактарга тарады. Анда ал жоокерлерге берилген азык-түлүктүн сапаты начар экенин да айткан.

"Азыр ал жоокерлердин ата-энелери билишпейт, эч нерседен кабары жок. Эгерде ата-энелер билсе, катуу ызы-чуу чыгат. Ачык жана жабык сыныктан сырткары, жоокерлерге өлгөн малдын эти берилет. Кээде жакшы эт келет, кээде өлгөн малдын этин алып келишет. Анда да нөөмөттө туруп калган учурларда мен барып калам, "бул болбойт, өткөрө албайм" дегениме карабай "өткөрө бер" деген коркутуу болот. Каймак-майдын ордуна маргарин келет. Ал нерсеге да далилдерим бар, аудио жазууларды сактап жүрөм".

Жылдыз Асанакунова "Азаттыкка" бул айткандарын тастыктап, колунда тиешелүү далилдер бар экенин кошумчалады. Бирок аларды азырынча ачыкка чыгара албай турганын айтты. Зомбулук көргөн жоокерлерге алгачкы жардам көрсөтүп, аларды каттоого алганын, бул тууралуу жетекчиликке да билдирип, бирок кысымга кабылганын айтып берди:

"Мен акыйкаттыкты, чындыкты издейм. Ошондуктан мен сизге (президентке) түзмө-түз кайрылуу жасап жатам, сизден гана чындык, акыйкаттык күтөм. Карга карганын көзүн чукубайт болуп жатат бул жерде. Маселен командирге айтып, жыйынтык чыкпаганынан Бишкектеги жогорку кызматтагы аскер кызматкерлерине да баргам, алар "сен сержант, ал полковник, тынчып кал" дешти. "Тынчы" деп мага аскер бөлүктүн командири, жогоруда турган аскер кызматкерлери басым жасоодо. "Тынчы, болбосо иш ордуңду кыскартабыз" дешүүдө. Бул маселеге көңүл буруп, өз көзөмөлүңүзгө алып, карайсыз деп ишенем".

"Командир менен кенже сержанттын тиреши"

Жылдыз Асанакунованын бул видео кайрылуусунан кийин Караколдогу аскер бөлүккө Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү, "Жоокер энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова барган. Азыр текшерүү иштерин жүргүзүп, аскер бөлүктүн кызматкерлери, жоокерлер менен көзмө-көз сүйлөшүүлөр болуп жаткан экен.

Уулкан Байгубатова
Уулкан Байгубатова

"Видеону көрүп, дароо Караколго 6-февралдын түнүндө келгем. Жоокерлердин ар бири менен жекеме-жеке сүйлөшүп, фельдшер Жылдыз Асанакунова да ал сүйлөшүүлөргө өзү күбө болду. "Колу сынды" деген жоокердин окуясы өткөн жылдын жай айларында болуп, ал катталып, прокуратура текшерүү жүргүзгөн экен. Бала өзү жыгылып кеткенин, эч кандай уруп-согуу болбогонун билдирди жана ошондой эле ал окуя болгон учурда Асанакунова аскер бөлүктө жок болгонун да кошумчалады. Андан тышкары көзүм деп аткан бала менен да сүйлөштүм. Өлгөн уйдун эти деп атканынан ашкана, кампа да текшерилди. Жылдыз Асанакунова өзү бул боюнча тартылып алынган сүрөттөрдү көрсөттү, бирок андан кандай малдын эти экени анык көрүнбөйт. Ошондой эле аскер кызматкерлери менен да сүйлөшүүлөр болууда. Атайын кызматтын, прокуратуранын өкүлдөрү өз иликтөөсүн жүргүзүүдө. Азырынча Жылдыз Асанакунова видеодо айткандарынын бири да тастыктала элек. Балдардын маңдайы жарык, шатыра-шатман жүрүшөт".

Байгубатова кенже сержант Асанакунова жашы жете элек үч баласын жалгыз тарбиялап жатканын, ооруган апасы бар экенин айтып, жамааттагы аскер кызматкерлери аны менен жакшы мамиледе болуп, жакында операциясына акчалай жардам чогултуп беришкенин кошумчалады:

"Балким бул кыз өзү депресссияда жүргөн. Маселен айтып аткандарынын баары тууралуу эмнеге өз убагында мага билдирген жоксуң, мен кайсы убак болбосун учуп келип, текшерүүгө даяр элем да десем унчуккан жок. Ал кайрылууда айткандарынан сырткары башка далил көрсөтө алган жок. Азыр эми текшерүү дагы уланууда. Прокуратуранын, атайын кызматтын өкүлдөрү толук текшерип, өз баасын берет. Мен жоокерлерден түшүнүк кат жазып атканда болгонун болгондой, ачык айтууну өтүндүм. Биз үчүн алардын ден соолугу, келечеги маанилүү. Менимче бул аскер бөлүктүн командири менен Асанакунованын ортосундагы эле тиреш, мунун алдында анын кызматы жоюлуп, өзү кыскартууга кетери айтылыптыр".

Видеокайрылуу боюнча текшерүү жүрүүдө

Жылдыз Асанакунованын 6-февралда социалдык тармактарга жарыялаган кайрылуусунан кийин Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча текшерүү жүргүзүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 8-февралда тараткан маалыматында, кенже сержант буга чейин да ушундай эле арызды УКМКга кат жүзүндө берген. Анын негизинде атайын кызматтын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

“Документтер изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо аны даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди. Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок”, - деп айтылат маалыматта.

№2028 аскер бөлүгү караган УКМКнын Чек ара кызматы Асанакунованын дооматтары боюнча буга чейин да текшерүү жүргүзгөнүн 7-февралда тараткан маалыматында билдирген. Анда кенже сержант дарыкана башчысы кызматына которулууну көздөп, бирок жетекчилик ага бир нече себептен улам макулдугун бербегенден кийин ушул кадамга барууда деп айтылат.

"Буга чейин жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кенже сержант Асанакунова прапорщик аскердик чини бериле турган дарыкана башчылыгын сураган. Бул кызмат утур-утур бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскер бөлүктөрүнө барып турууну, иш сапарларга чыгууну талап кылат. Мындай кызмат адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши ыктымал. Асанакунованын жашы жете элек үч баласы бар экенин, ал аларды жалгыз карап жатканын эске алуу менен аны бул кызматка отургузуу мүмкүн эмес экенин жетекчилиги айткан. Мындан мурунку текшерүүдө өлгөн малдын эти тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Ал эми азык-түлүк тендер аркылуу алынып, анын сапатын комиссия такай текшерип турат. Кызмат өтөп жаткандардын ар бири менен сүйлөшүү болуп, жаракат алгандары аныкталган жок. Кызматтык иликтөөнүн калыс болушу үчүн кенже сержант Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен сүйлөшүүгө да чакыртылган. Азыркы тапта №2028 аскер бөлүгүндө Аскер прокуратурасынын адистери текшерүүнү кайра баштады",- деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндөгү чоңсунуу, зомбулук көрсөтүү тууралуу байма-бай айтылып келет. Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 жоокер каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган. 2022-2023-жылдар боюнча статистика азырынча чыга элек.

Аскер бөлүктөрүндө ажал тапкан жоокерлердин бир туугандары, ата-энелери армиядагы уруп согууну токтотууну бийлик башындагылардан өтүнүп келет. Алардын соңкусу өткөн жылдын декабрь айында катталган. Анда Ошто 2024 аскер бөлүгүндө "куралды этиятсыз пайдаланып өзүн атып алды" делген Руслан Эрменбаевдин апасы Нааргүл Эргешова 7-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып мамлекет башчыдан аскерде кызмат өтөгөндөрдүн коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранган эле.

Депутаттык комиссия түзүү демилгеси

Парламенттин депутаты Винера Раимбачаева кыргыз армиясындагы соңку окуяларды эске алып, депутаттык комиссия түзүп, окуяларды тыкыр иликтөө зарылдыгын айтууда. Болбосо армияда кызмат кылууну каалагандардын арасы суюлуп, ишеним жоголот деп кооптонууда.

"Биз мындан бир жыл мурда ушул өңдүү окуяны парламентте көтөргөнбүз. Андан тышкары армияга кызмат өтөөгө барып табарсыгы жарылганга чейин сабалган, кордук көргөн, үйүнө өзү эмес сөөгү келген окуяларды көрүп, окуп, айрымдарынын ата-энелери бизге кайрылып келатат. Азыркы тапта аскер кызматкеринин өзү муну ачык айтып чыгууда. Демек, парламент жөн карап отурбай, атайын комиссия түзүп, ар бир окуяны иликтеши керек. Маселен армия бул ур-токмокко ала турчу жер эмес, ал жердегилер мекенди коргоого даярдалган жигиттер, чыныгы мырзалар болушу керек. Эгер мынтип ар бири кордук көрүп отурса армияга ким барат? Кимдин жүрөгүндө патриоттук сезим ойгонот? Ошондуктан мен бул маселени жалпы жыйында да айтам. Коргоо министри, Чек ара кызматы да буга тыкыр көз салып, бир жыйынтыкка келиши керек".

"Көйгөй болгон үчүн ачык кайрылуу жасады"

Акыйкатчынын мурдагы орун басары Альберт Көлөпов өзү иштеген мекемедеги коррупция, мыйзам бузууларды бардык эле адистер айтып чыкпайт деген ойдо:

Альберт Көлөпов
Альберт Көлөпов

"Ошол аскер бөлүктө кандайдыр бир көйгөй болгон үчүн ал ачык айтып атат да. Демек ал буга чейин да чыркырап бир нече жерге барып, бирок кош көңүл, кайдыгер мамилеге дуушар болгон, тийиштүү тараптардан колдоо тапкан эмес. Ошондуктан кайрылып атат, айтып атат. Биз акыйкатчы институтунда иштеп турган маалда жарандык коомдон турган атайын уюмдар, Акыйкатчы институту, Кыйноолорго каршы борбору ушундай аскер бөлүктөрүндө, психиатриялык мекемелерде, жабык жайларда мониторинг жүргүзүп, кысымга кабылган бейтаптар, соттолгондор, кызматкерлер, жоокерлер менен сүйлөшүп келген. Азыркы тапта бул окуя боюнча текшерүүчү органдарга ушундай жарандык коом да кошулушу керек. Себеби көпчүлүк учурда мамлекет түзгөн комиссия менен коомдук уюмдардын жыйынтыктары бири-биринен айырмаланып калат".

Өзгөчө 2016-2022-жылдардын аралыгында аскер бөлүктөрүндө өлүм менен аяктаган фактылар көп катталганын да Көлөпов кошумчалады:

"Армиядагы чоңсунуу Советтер Союзунун бери токтобой келаткан көрүнүш. Кыргыз армиясында бул жоюла элек, бар. Уставда жана мыйзамда көрсөтүлгөн чектен ашып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар тилекке каршы көп эле болот. Армиядагы мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн ар бир аскер бөлүккө онлайн көрсөтүп турган видеокөзөмөл коюп, бир жерге борборлоштуруш керек. Жарандык коом мониторингдерди үзгүлтүксүз жүргүзүп, мыйзамдын так аткарылышын Аскер прокуратурасы көзөмөлгө алганы жакшы. Мындайча айтканда иштин мазмунуна чыгара аткарса болот. Биз жаңыдан 18-19 жашка толуп, ата-энесинин кучагынан чыккан балдарыбыздын ден соолугу, психикалык саламаттыгы жабыркабашы үчүн бардык аракеттерди көргөнүбүз жакшы. Айрыкча психологиялык басым тилекке каршы көрүнбөйт, аны юрист да биле албайт. Анын үстүнө жоокерлерге мындай ыкманы колдонуу эң оңой жана кеңири жайылган. Ошондуктан Караколдогу жоокерлер "эч кандай басым болгон жок, сабаган жок" деп айта бериши мүмкүн. Себеби текшерүүчү кетет, жоокер аскер бөлүктө калат, ал кийинкисинен корккондуктан "болгонду да болгон жок" деп айтуусу толук мүмкүн".

Аскерде түрдүү себептер менен көз жумган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берип келген "Кылым шамы" укук коргоо уюму армиядагы өлүмдү иликтөө толук кандуу жүрбөйт деген тыянак чыгарган.

Уюмдун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Кыргызстанда буга чейин дагы өзү иштеген мекемедеги коррупция, мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыккандар болгон. Өткөн жылы Ошто милициянын офицери жетекчилерин мыйзамсыз иштерге айыптап, президентке жана ички иштер министрине кайрылганы. Андан мурун бажы, чек ара тармагындагы терс көрүнүштөрдү айтып чыккандар болгон.

Армияда жараат алып, каза болгондор

"Азаттык" июнь айында Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндө ок тийип, эки жолу операция жасалган жоокердин окуясына кайрылып, макала даярдаган. Анда окуяга байланыштуу бир офицер кармалып, бирок кийин үй камагына чыгарылган. Сабалган 19 жаштагы Тилек Сүйүндүковго тийген ок анын өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен.

"Азаттык" кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп түрдүү жагдайда жаракат алган, каза болгондорду тизмектеп чыккан.

2021-жылы август айында Жалал-Абад облусундагы Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө нөөмөттө турган жоокер автомат менен өзүн-өзү төшкө аткан. Ага "төшүнө ок тийген" деген диагноз коюлуп, абалы канааттандырарлык деп бааланган.

2021-жылы сентябрь айында №19 колониянын аскер кызматкери Рустам Иманов каза болгон. Адегенде анын "өзүн-өзү атып алганы" айтылып, кийин катардагы жоокердин огунан каза болгону маалым болгон. Ал эми кылмышка шек саналып жаткан жоокердин туугандары анын кыйноого кабылганын билдирген.
2021-жылы 5-январда Бишкектеги аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Бексултан Адылбек уулу асынып алган. Ушул эле аскердик бөлүктө ага чейин дагы бир жоокер өзүнө кол салган.

2022-жылы 10-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707-бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып алып, ок тийген 19 жаштагы жоокер каза болгон.

2022-жылдын 18-августунда Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы Сыргак Сабырбеков каза тапкан. Коргоо министрлиги ал "өзүн өзү атып алганын" маалымдаган. Анда ок Сыргактын чекесинен кирип, кежигесинен чыгып кеткен.

2018-жылы ушул эле Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда 2-курстун студентинин өлүмү катталган. Ошол кезде берилген расмий маалыматка караганда, студент тепкичтен кулап кетип, каза болгону айтылган.

2022-жылдын 17-августунда ИИМдин Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө Алканбек Мавлан уулу кызмат өтөп жаткан учурда көз жумган. Ал басып баратып эле кулап, ошо бойдон турган эмес. Ал үйдүн жалгыз уулу болчу.

2022-жылдын 29-июлунда Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарып турган жоокер каза болгон. Маркум автоматтан өзүн атып алганы айтылган.
2022-жылдын 4-июлунда Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн жоокери, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да "куралды этиятсыз колдонгон" деген расмий маалымат берилген.

Юстиция министрлигине караштуу ЖАК кайтаруу жана күзөтүү департаментинин маалыматы боюнча 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык психиатрия жана наркология борборунда беш аскер кызматкери психикалык жактан оорулуу деп таанылып, кызматтан бошотулган.

2018-жылы "Азаттык" радиосу "Кыргыз армиясы: талкаланган тагдыр, кыйраган кыял..." аттуу атайын иликтөө тарткан. Анда Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлерди аскер жетекчилери башка бирөөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алганы, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы тууралуу кеп болот. Кордук көргөн жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууга аргасыз болгон.

Мындан бир жыл мурун да "Азаттыкта" "Аскерде кыйылган өмүрлөр" деген видео чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG