Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

Абак кайтарган жоокердин өлүмү суроо жаратты


Калыс Абдыкабыловдун (формачан) аскерде түшкөн сүрөтү анын жакындарынан алынды.
Калыс Абдыкабыловдун (формачан) аскерде түшкөн сүрөтү анын жакындарынан алынды.

Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарган учурда каза тапкан 18 жаштагы жоокердин жакындары анын өлүмүн акыйкат териштирүүнү талап кылууда. Алар маркум автоматтан өзүн атып алды деген жүйөгө ишенбей жатышат. Тиешелүү органдар аскер өзүн-өзү атып алган деген маалымат таратты. Колонияны кайтарган жоокерлердин бул сыяктуу өлүмү мурда да болгон.

Расмий маалымат боюнча окуя 29-июль күнү эртең менен саат 08:30 чамасында болгон. Жазаларды аткаруу кызматы азырынча кыска маалымат таркатуу менен чектелип турат.

«№27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон”, - деп жазылган мекеменин расмий маалыматында.

Бул абак Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан. Аны Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин аскерлери кайтарат. Окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Маркум Калыс Абдыкабылов 2003-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган, быйыл октябрда 19 жашка чыкмак. Туугандарынын айтымында, үй-бүлөдө уулдан эң кенжеси болчу. Он жыл мурда апасынан айрылып, экинчи топтогу майып атасы жалгыз чоңойткон.

Калыс Абдыкабылов жакындары менен. 2022-жыл.
Калыс Абдыкабылов жакындары менен. 2022-жыл.

Аскерге кызмат өтөө үчүн 2022-жылдын март айында барып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментине бөлүнгөн. Бир тууган агасы Кайрат Абдыкабылов иниси өзүн-өзү атты деген версияга ишенбей, он гүлүнүн бири ачыла элек инисин жоготконуна сай-сөөгү сыздап отурат.

«Таңкы саат 6да көзөмөл мунарасына барат. 7де текшерүү болгондо турган экен. 8де алмашууга барса кыймылсыз жатыптыр. Эшикке жөлөнгөн бойдон калып калыптыр. Ок артынан атылып, кара кушка тийип, чекесинен чыгып кеткен экен. Азыр «кокустук менен өзүн-өзү атып алган» деп айтып атышат. Биз ага ишенбей турабыз. Кантип адам өзүн-өзү автомат менен атып алсын? Тапанча болсо бир жөн, кичинекей тапанчаны такап... Ал жерде баштын так ортосуна кара куштан такап, мээленип аткандай. Экспертизага алып бардык, анын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат деди. Сержанттын окуусун окуйм, аскер адамы болом деген кыялы бар болчу. Жакшынакай, сонун эле болчу. Мен аны «Ван Дамм» деп тамашалап койчумун. Ошол күнү түштө аны менен жолугууга бармакмын. Айтпастан эле, күтүүсүз барайын деп өзүмчө ойлоп аткам».

Былтыр сентябрда Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда аскер кызматын келишимдик негизде кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы аскер октон каза болгон. Окуяга байланыштуу "Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголгон. Анын жыйынтыгы эмне болгону ушул кезге чейин белгисиз.

Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатованын айтымында, Молдовановкадагы окуя боюнча аскер кызматкерлери менен тергөө өкүлдөрү азырынча «куралды этиятсыз колдонуу» версиясын кармап турат.

Уулкан Байгубатова
Уулкан Байгубатова

«Алдын ала маалыматтар боюнча прокурор менен дагы, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин өкүлдөрү, тергөөчүлөр менен дагы сүйлөштүм. «Куралды этиятсыз колдонуу» деп жатышат. Азырынча баллистикалык экспертизага да, кадимки экспертизага да жөнөттүк деди. Аткан, тиги-бул деген эч кандай факты жок. Анткени, алар мунаранын үстүндө болот да, мунаранын үстүнө күзөттөгүлөр гана чыгат. Күзөттөгүлөрдүн ортосундагы аралык чоң-чоң болот. Мунаранын үстүндө бир эле адам болот, ал жакка эч кимди киргизбейт. Бирок, бул жерде «суицидге чейин жеткирүү» деген бар. Ошого жеткирип атылды деген себептер болушу дагы мүмкүн».

Буга чейин да, 4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да «куралды этиятсыз колдонгон» деген расмий маалымат берилген. Бирок, маркумдун туугандары мындай версияга ишенбей, окуяны дыкат иликтөөнү жана тиешелүү адамдардын жоопко тартылышын талап кылышкан.

Муну менен катар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскеринин катуу ур-токмокко алынышы, Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин эки аскеринин Республикалык психо-неврологиялык борборго түшүп калышынан улам Акыйкатчы институту «Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча мекемелер аралык жумушчу топ» түзгөн. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жумушчу топ Молдовановкадагы окуяны жерине барып иликтей турганын билдирди.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

«Жумушчу топ түзгөн элем, алар октябрга чейин иликтеп атышкан ансыз деле. Бул окуя чукул болуп калгандыктан чыкканы атышат. Жеринен барып, сурамжылап, караштырышат эмне болгонун. Анткени, бири-бирине ылайык келбеген ар кандай маалымат чыгып атпайбы».

Абак кайтарган аскердин өлүмү коомчулукта бийликке жана армияга карата сынды күчөттү. Жарандык активист Улан Үсөйүн аскер кызматындагы жоокерлердин улам-улам октон каза болуп жатышы өтө кооптуу белги экенин белгилейт.

«Жоокерлердин өлүп жатканы чатак иш. Бул биринчи ирет эмес. Жөнөкөй командирден министрге чейин чара көрүлүп, коргоо кызматындагы баардык тармактар менен иш алып барбаса болбойт. Бул биринчи кырсыктан кийин эч ким жоопкерчилик алган эмес, эч кандай иштер жүргөн эмес, болуп жаткан нерсе уланып жатат дегенди эле билдирет. Биздин армия кооптуу жайга айланганы өкүндүрөт. Мен кеминде беш-алты жолу “өзүн өзү атып алды” деп курман болгон жоокерди угуп жатам. Мен өзүнө-өзү кол салды дегендин жок дегенде 50% ишенбейм. Баары эле киши колдуу болушту же ошого жеткиришти».

Коопсуздук кызматынын ардагери, генерал Артур Медетбеков эгемен Кыргызстандын тарыхында акыркы 10-15 жылда аскер кызматындагы жоокерлердин өзүн-өзү же бири-бирин атып алуу өңдүү учурлар көбөйүп кеткенине көңүл бурду.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

«Бизде акыркы убактарда жаш уландардын психикалык кризиске түшүп кетип жаткан учурлар пайда болуп жатпайбы. Турмуштун кандайдыр бир оор жагдайына кабылып, кээде жаш балдар өзүнө-өзү курал колдонгон учурлар да болушу мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт. Экинчи жагы, кээде уставды бузуп, бири-бири менен мушташып, же болбосо кокустуктан ок чыгып кетсе, аны жаап-жашырабы же башка бир иштер болобу, андай да болушу мүмкүн. Ошон үчүн мунун баарын териштирүү иштери, соттук-медициналык экспертиза, трасалогиялык экспертиза, андан кийин баллистикалык экспертиза өткөрүп, ошонун баарын текшерип бүткөндөн кийин тергөөчү жыйынтык чыгарып, ошонун негизинде көп нерселер далилденет».

18-июлда Калыс Абдыкабыловдун аскердик бөлүктө уюштурулган концертте башка жоокерлер менен чогуу көңүлдүү бийлеп атканы тартылган тасманы ырчы Гүлназ Чыныбек кызы интернетке жарыялап, миллиондон ашуун көрүүчүнү өзүнө тарткан. Он бир күндөн кийин ошондогу маанайы шат, жайдары жигиттин өлүмү тууралуу суук кабарга жакындары ишенбей, кабыргасы кайышып турса, социалдык тармактардын колдонуучулары армиядагы мындай көрүнүштөрдү токтотууну талап кылып жатышат.

Маркумдун сөөгү 30-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы өзү туулуп-өскөн Челпек айылына коюлду.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

“Кылым шамы” уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

Армия азабына кабылгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:24 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG