Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

"Уулумдун ден соолугу чың болчу". Армияда дагы бир жоокер каза болду


Мавлан Жусупов баласы Алканбек менен.
Мавлан Жусупов баласы Алканбек менен.

17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча ал жүрөк оорудан көз жумган. Бирок анын атасы уулунун ден соолугу чың болгонун билдирүүдө.

"Жалгыз уулумдан айрылдым"

Жогорудагы сүрөт 14-августта Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүнүн алдынан тартылган. Анда Баткен шаарындагы Булак-Башы айылынын тургуну Мавлан Жусупов аскерде кызмат өтөп жүргөн уулу Алканбек менен турат. Ата-баланын жолугушуусунан үч күн өткөндөн кийин, 17-августта Алканбек Мавлан уулу каза болуп калды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал таңкы саат 5те басып баратып эле кулап түшүп, ошол бойдон тура албай калган. Алканбектин жүрөк оорудан улам каза болгону айтылып жатат.

Мындай божомолго Мавлан Жусупов ишенбей сыздап отурат. Атасы 18 жылдын ичинде уулунан жүрөк оорусу байкалбаганын айтты.

“Ошол күнү балама кечки 4кө чейин уруксат беришкен. Экөөбүз Ош шаарын бир сыйра кыдырдык. Ал өзүн жакшы сезип эле жүргөн. Ооруп атканы байкалган эмес. “Ата, 50 күндөн кийин чыгам, күткүлө” деп айткан. Октябрь айында аскер кызматы аяктамак. Жакында экспертизанын жыйынтыгы чыга турганын айтып жатышат. Ошону күтүп отурабыз. Эмне деп айтышты билбей калдым".

Алканбек Мавлан уулу үй-бүлөдөгү жалгыз уул болчу. Мектепти 2021-жылы аяктап, бирок Жалпы республикалык тестирлөөдө жеткиликтүү упай топтой албай калган. Ошол эле жылы күзүндө аскердик кызмат өтөөгө барып, ИИМдин ички аскерлеринин катарына кошулган.

Ал окуган Сыдык Айтматов атындагы мектептин директору Мейриниса Тажибаева Алканбектин армиядан кийин окуйм деген тилеги болгонун айтып берди.

"Бала мектепти жакшы окуган. Чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти аяктап жатканда пландары боюнча сурагам. Ошондо армияга барып келип, IT тармагында окуйм деп жатканын айтып берген. Мектепте англис тилине кызыгат эле. Балдар менен да жакшы мамиледе болчу. Ден соолугу жакшы эле. Башка балдардай эле дене тарбия сабагына активдүү катышып жүргөн. Тынч жүргөн окуучум болчу", - деди Алканбектин мугалими.

Алканбек Мавлан уулу 18-сентябрда 19 жашка чыкмак. 18-августта анын сөөгү Баткен шаарындагы Булак-Башыда жерге берилди.

"Басып баратып эле кулап калган"

ИИМдин ички аскерлер кызматынын маалыматына караганда, каргашалуу күнү Алканбек суткалык нөөмөттө турган. Анын кулап калганын чогуу кызмат кылгандар көрүп калып, дароо Тез жардам кызматын чакыртышкан. Алар келип жаш жоокердин каза болуп калганын тастыктаган.

Азамат Оторбаев.
Азамат Оторбаев.

“Учурда бул окуя боюнча кызматтык териштирүү башталды. Андан тышкары тиешелүү укук коргоо органдары, Аскер прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат. Соттук-медициналык экспертиза өткөрүлүп, ага атасы да катышты. Ошол учурда денесинде кандайдыр бир тактар байкалган эмес. Акыркы тыянак экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Жоокердин саламаттыгы жакшы болгон. Башкалардай эле кызмат өтөп жүргөнүн айта алабыз”, - деди ИИМдин ички аскерлеринин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Оторбаев.

Июль айынан бери үч аскер каза болду

Ушул жылдын июль айынан бери кызмат өтөп жаткан үчүнчү аскер каза болду.

  • 4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да «куралды этиятсыз колдонгон» деген расмий маалымат берилген. Бирок, маркумдун туугандары мындай версияга ишенишпей жатканын айтышкан.
  • 29-июль күнү эртең менен саат 8:30 да Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарып турган жоокер көз жумду. Маркум автоматтан өзүн атып алганы айтылган. Анын туугандары да буга ишенбей, жоокердин өлүмүндө шектүү жагдайлар көп экенин айтып келишет.
  • Июнь айынын башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокердин табарсыгы жарылгыча катуу сабалганы белгилүү болгон. Ур-токмокко кабылган Бекзат Эсенбеков армиядагы офицерлердин өкүм зордугун ачыктап, алар сураган акчасын беребесең сабай турганын айтып берген. Кийин эки тараптын элдешип алганына байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова мындай деди:

Уулкан Байгубатова.
Уулкан Байгубатова.

“Армияга жакшынакай жиберишсе эле өлүгү келип атат. Абдан эле оор окуялар катталууда. Кийинки учурда ар бир министрликте ушундай окуя болуп өттү. Бул боюнча Акыйкатчы институтунда жумушчу топ түзүлгөн. Биринчи күндөн баштап өлкөнү кыдыра баштайбыз. Биз акыркы учурда катталган өлүмдөрдү каттоого алабыз. Оштогу аскер бөлүктө катталган акыркы окуяга аскер комиссарлыгы күнөөлүү болуп калышы мүмкүн. Анткени баланын ден соолугун текшерип алышы керек эле. Армияга дени сак бала келиши керек. Аймактардагы аскер комиссарлыктарында шарт түзүлгөн эмес, атайын жабдыктар жок”.

Кыргыз армиясындагы жоокерлердин өлүмүнө себеп болгон жагдайлар катары суицид, курал колдонуунун эрежелерин бузуу, уставдык эмес мамиле жана ар кандай кырсыктар аталып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG