Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

"ИИМде адилеттүүлүк качан орнойт?". Милиция кызматкери бийликке кайрылды


Максатбек Аваз уулунун 2-марттагы видеокайрылуусунан алынган скриншот.
Максатбек Аваз уулунун 2-марттагы видеокайрылуусунан алынган скриншот.

Ошто милициянын улук лейтенанты Максатбек Аваз уулу жетекчилерин мыйзамсыз иштерге айыптап, президентке жана ички иштер министрине кайрылды.

Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарбаган деп айыптап, буга чейин бир нече жолу сөгүш алганын билдирди.

Максатбек Аваз уулу 2018-жылы ички иштер органдарына ишке кирип, бир жылдан бери Ноокат районундагы Жаңы-Базар аймактык милициясында иштеп жаткан. 1-мартта ал социалдык тармактарда видеокайрылуу менен чыгып, жумуштан негизсиз айдалганын, ага аймактык жана райондук милициянын башчылары кысым көргөзгөнүн айтты.

"1-март күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн короосунда эртең мененки саат 8:30да саптык кароо болуп аткан. Биздин аймактык бөлүмдүн башчысы Мурат Айтиев ага караштуу бөлүмдүн кызматкерлерине тапшырма берип аткан, мен алардын катарында элем, бирок мен ал күнү тергөө тобуна кошумча күч катары тургам. Бир убакта жетекчинин орун басары чакырып калганынан мен аны көздөй баратсам, Айтиев менин басканымды туура эмес көрүп, мени кесиптештеримдин көз алдында сөгүп, аброюма шек келтире баштады. "Эмне айыбым үчүн сөгүп атасыз?" дегенимде көкүрөгүмө эки жолу муштап, андан короонун сыртына сүйрөп чыгарып, дагы эки жолу уруп жиберди. Ал кызматтык абалынан пайдаланды".

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 1-мартта саат 22:50дө Аваз уулу денесинен жараат алып ооруканага кайрылганы тууралуу ооруканадан кабар түшкөнүн ырастады. Факты Ош облустук милициясында каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу Максатбек уулу менен байланышканда айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы денесине жараат келтиргенин билдирген, ыкчам тергөө тобу менен жолугушууга макул болгон эмес.

Ал 2-мартта дагы бир видео жарыялап, Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Талгат Өскөналиев жумуштан "айдап жиберем" деп коркутканын, мыйзамга туура келбеген протоколдорду толтурууга мажбурлап жатканын айткан:

“Башчы мени "сен жумуштан кетип кал, же болбосо берене менен кетирем" деп куугунтуктады. Мен милиция органдарына кирип жатып, жетекчиликтин же милициянын аймактагы башчысынын мыйзамсыз талаптарын аткарам деп ант берген эмесмин. Мен кыргыз элине, кыргыз жерине ак ниет, ак кызмат кылам деп ант бергем. Мени жумуштан айдаганынын себеби: "Эмнеге көрсөткүчтөргө жетпейсиң, жыйынтык көрсөтпөйсүң?” дейт. Мен айыл жергесинде, тоолуу аймакта кызмат өтөсөм, өзүм тейлеген аймакта кылмыштуулук катталбаса, мен кайсы кылмышты берем? Мен жыйынтык берем деп кайсы карапайым адамдын баласын сыздатайын? Антип элди ыйлаткыча жумуштан кетип, формамды чечип башка жумуш кылганым дурус. Ноокаттын милиция башчысы Өскөналиев министр Улан Ниязбеков менен жердеш экенинен пайдаланып, өзү билемдик менен мыйзамсыз буйруктарды аткарууга туртүүдө. Качан ИИМде адилеттүүлүк орнойт?".

Авазбек уулу президент Жапаровго кайрылып, министрликтеги башаламандыкты токтотууну өтүнгөн.

Интернетте тараган бул эки видео коомчулукта талкууга жем таштады. Социалдык тармактардын колдонуучулары түрдүү пикир калтырып, айрымдары кайрылууну дыкат иликтөө зарыл десе, кээси Аваз уулу видеодо жүйөлүү сөз айтпаганын жазышты.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиев айтылган дооматтарды четке кагууда. Ал Аваз уулунун кызмат аткарууда кемчиликтери бар экенин, карамагындагы аймактын тургундары өткөн жылдан бери анын дарегине нааразылыгын билдирип жүргөнүн айтты. Өскөналиев ошондой эле Аваз уулу басмырлоого кабылдым деген 1-март күнү жумушта болбогонун, ал күнү Төөлөс айыл аймагында облустук бийлик менен чогуу эл менен жолугушууларда жүргөнүн кошумчалады.

Талгат Өскөналиев
Талгат Өскөналиев

“2022-жылдын ноябрь айынын башында Арбын айылынын тургуну Калдар Гүламеров Максатбек Аваз уулуна кайрылып, эки баш малын жоготконун билдирген. Бир топко чейин жооп жок болгондуктан, декабрда мага келип, малын табуу иши кандай жүргөнүнө кызыгып, менин атыма арыз жазган. Текшерүү иштерин жүргүзгөндө Аваз уулу арызды каттабай, тергөө бөлүмүнө да билдирбей, жашырып койгону аныкталган. Муну прокуратура органдары да аныктап чыккан. Анын мындан мурда алган сөгүшү бар болчу. Ал мени “мыйзамсыз протокол толтур деди” деп айтып атат. Бирок мен жетекчи катары талап кыла алам. Ал кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында жасалчу иш, протокол толтурулат. 45 миң сом айлыкты алып, анан жөн эле жүрө берген болбойт. Айылга эл менен жолугушууларга барганда көбү "бизде аймактык милициядан ким бар, көрө да элекпиз деп айтышкан”.

Талгат Өскөналиев Жаңы-Базар айылдык милициясынын башчысы Мурат Айтиев менен Аваз уулунун ортосундагы мамилеге комментарий бере албастыгын кошумчалады.

"Азаттык" Максатбек Аваз уулу менен байланыша алган жок.

Ош облустук милициясы кызматтык ички иликтөөдөн кийин ага лейтенантты кызматынан бошотуп, ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен кадрлар резервине убактылуу киргизүү чечимин чыгарган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын кызматкери Нурпери Абдуллаева “Азаттыкка” буларды билдирди:

“Аны жумуштан алуу ички кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгынын негизинде чыгарылган чечим болгон. Андан сырткары, Аваз уулу Мурат Айтиев күч колдонгонун айткан, ошого байланыштуу соттук медициналык экспертиза дайындалды. ИИМдин Ички иликтөө кызматы да текшерүү иштерин улантууда. Алардын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин окуяга укуктук баа берилет".

Убактылуу кадрлар карамагына алынгандар ички иштер органдарынын кызматкери болуп эсептелинет.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев милицияда кызматкерлер арасындагы мыйзам бузуулар болбошу үчүн мындай окуялар дыкат иликтениши керек деп эсептейт:

"Ички иштер органдарында да каралар менен аралашкан, спорттук клубдардын мүчөсү болгон, кайсы бир таасирдүү адамдын аркасы менен катарга кошулуп калган, билими тайкы “погончондор” көп. Алар чынында үстөмдүгүн көргөзүп, башка кесиптештерин ур-токмокко алып коюшу ыктымал. Өзгөчө түштүк региондо мындай көрүнүштөр болуп келген жана боло берет. Укугу бузулганын ачык айткан кызматкер иштин аягына чейин чыгып, жакшы адвокат менен иштешип, сотко кайрылуусу зарыл. Сот органдары анын сөздөрүнүн аныгын далилдегенден кийин күнөөлүү тараптар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилгени жакшы”.


Былтыр сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунда эл менен жолугушуп жатып, милициянын дарегине ачуу сын айткан. Ал айрым райондордо отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын, мунун натыйжасында чыныгы кылмышкерлер табылбай жатканын сындаган. Баш прокурор милиционерлер көчөдө мушташканына өзү күбө болгонун айтып, чара көрүүнү тапшырган.

2022-жылдын август айында ички иштер органдарында 11 жыл иштеп келатканын айткан милициянын ага лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду коррупцияга, мыйзамсыз иштерге байланыштуу ачык айыптап чыккан. Мындай көрүнүштү ашкерелегени үчүн кызматтан алынганын билдирген.

ИИМ Чубак Сыргакбек уулунун бир жыл мурда иштен алынганына анын аялы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү негиз болгон деген маалымат тараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG