Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайы


Алиярбек Абжалиев
Алиярбек Абжалиев

10-февралда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, 55 жаштагы Алиярбек Абжалиев ири көлөмдө алдамчылык кылган деп шектелип кармалды. Анын адвокаты экс-депутаттын үстүнөн арызды уулунун ишкер өнөктөшү жазганын “Азаттыкка” айтты. Абжалиевге буга чейин дагы кылмыш иши козголуп, былтыр мамлекетке 20 миллион сом төлөп берген соң иш кыскартылган.

Улуттук коопсуздук комитети Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 2 млн. АКШ доллар өлчөмүндө алдамчылыкка шектелип кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүнүн үстүнөн ишкер арыз жазган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган жаран Алиярбек Абжалиев экенин ырастады.

“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 11-февралындагы токтомуна ылайык, Алиярбек Абжалиевге бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү ушул жылдын 9-апрелине чейин тандалды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына деп белгиленди”, - деп билдирди Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова.

Айыпталуучунун адвокаты экс-депутаттын үстүнөн арыз жазган ишкер анын уулу, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Темирлан Токобековдун өнөктөшү Жармухамедов аттуу ишкер экенин билдирди.

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка таянсак, Токобеков менен Сухраб Жармухамедов аттуу жарандын бир нече курулуш компаниялары бар. 2021-жылы Темирлан Токобеков “Нур Элит Строй”, “АЗМ-Строй” жана “Фэмили Виллиж” биргелешкен компанияларынын курамынан чыгып, алардын ээси Сухраб Жармухамедов болуп калган.

Токобековдун аты эки жыл мурун Ысык-Көлдүн жээгинде төрт киши мерт болгон жол кырсыгында коомчулукка чыккан. Маркумдардын жакындары «Азаттыкка» кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети болуп жатканын айтып даттанышкан. Жакындары бул маалыматты четке каккан болчу.

Алиярбек Абжалиевдин иши кайсы компанияга байланыштуу экени белгисиз.
Экс-депутаттын адвокаты Жибек Ажибекова арыз жазган ишкер Абжалиевдин уулу менен түзгөн келишимди аткаруу милдеттеринен качып, ушул кадамга барган деп эсептейт.

“Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков менен Жармухамедовдун ортосунда курулуш компаниясынын уставдык капиталындагы үлүштү сатуу-сатып алуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Токобеков менен Жармухамедов үлүштүн наркын баалаган. Коюлган баа менен сатуучу жана сатып алуучу экөө тең макул болушкан. Бирок, Жармухамедов келишимдеги милдеттерин аткарбай келет. Ошондуктан ал укук коргоо органдарына тийиштүү арыз менен кайрылуу аркылуу келишимдеги милдеттемелерин аткаруудан бошонууга аракет кылып жатышы мүмкүн деп эсептейбиз. Аныгында Жармухамедов менен Абжалиевдин өз ара карым-катышы болгон эмес. Жармухамедов Токобеков менен гана мамиледе болгон”, - дейт адвокат.

Макала даярдалып жаткан маалда ишкер Сухраб Жармухамедовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда өткөргөн маалымат жыйында Алиярбек Абжалиевге мурда козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирген. Экс-депутатка былтыр март айында “мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.

Ишти тергеген Антикоррупциялык кызмат Абжалиев кудасы президент Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, жеке бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргогон деп билдирген.

Атайын кызмат ал кезде депутаттын топтогон мүлкү анын расмий кирешесине дал келбей турганын жарыялаган. Абжалиевдин Бишкектин VIP-шаарчасындагы 20дан ашуун элиталык батири менен үйлөрү, Ысык-Көлдөгү пансионаты, Ысык-Көлдөгү, Чүйдөгү жер тилкелери жана Түркия менен Бириккен Араб Эмирлигиндеги кыймылсыз мүлкү аныкталганын маалымдаган.

Экс-депутат кылмыш иши козголгондо чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы ишин аяктаганча парламентте отурду. Улуттук коопсуздук комитети тергөөдө ал мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.

2020-жылы иликтөөчү журналисттер анын жубайы Гүлсара Сулайманованын байлыгын таап чыгышкан. Бул айымдын курулуш, туризм, логистика, тоо-кен тармагында иштеген 17 компанияда үлүшү бар экенин аныкташкан. Уулу Темирлан Токобеков 13 компаниянын ээси экени билинген.

Абжалиевдин декларациясы боюнча төрт түлүк малы жана машинеси эле бар. 55 жаштагы экс-депутат 1993-жылдан 2005-жылга чейин бажы тармагында жетекчи кызматтарда иштеген. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Экинчи уулу Атабек Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

2018-жылдын этегинде Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынгандан кийин кызматын өткөрүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG