Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Алиярбек Абжалиевге дагы иш козголду


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 2 млн. АКШ доллар өлчөмүндө алдамчылыкка шек саналып кармалганын маалымдады.

УКМК шектүүнүн инициалын А.А. деп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Алиярбек Абжалиев экенин тастыктады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүгө каршы ишкер арыз жазган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК шектүү экс-депутат 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин (9-апрелге чейин) камакка алуу чечими чыгарылганын маалымдады.

Азырынча Алиярбек Абжалиевдин жакындары же жактоочу менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Абжалиевди чет өлкөгө качырган иш

Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин 308-1-беренеси “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1-мартта билдирген. Абжалиев "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек саналган.

"Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп кабарлаган анда УКМК.

УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин булардан башка дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттери уланып жатканын кабарлаган.

Анын 2018-жылдагы декларациясында 2017-жылы 674 миң 284 сом киреше тапканы жазылган. "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаасы, 1 миллион 890 миң сомдук жылкысы, 1 миллион 80 миң сомдук бодо малга ээлик кылары гана көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештеги ошол кездеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев 1-мартта кечке маал "Азаттыкка" интервью берип, УКМК ага карата жүргүзүп жаткан сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалаган. Анын айтымында, ал 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес:

“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп”.

Алиярбек Абжалиев мындан тышкары мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалыгын пайдаланбаганын, мамлекеттик иштерге кийлигишпегенин да кошумчалаган.

Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шек саналып, кылмыш иши козголгондон кийин ал чет өлкөгө качып, Кыргызстанга июнь айында гана кайтып келген. Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин негизинде Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төккөнүн, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

2022-жылы 9-февралда “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгон.

Алиярбек Абжалиев деген ким?

54 жаштагы Абжалиев 2015-жылы парламенттин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган.

Абжалиевдин өзү "2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин", - деп келгени менен анын Жогорку Кеңештин сайтында илинип турган өмүр баянындагы маалыматка ылайык ал 2008-12-жылдарда беш жыл бою Өкмөт алдындагы Монополияга каршы агенттиктин статс-катчысы болуп иштеген.

Жогорку Кеңештин сайтында жайгашкан өмүр баяны тууралуу маалымат:

  • 1967-жылдын 5-ноябрында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында туулган;
  • 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык жабдууну үнөмдөө жана пландаштыруу адистиги боюнча аяктаган;
  • 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;
  • 2005-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча толук курсту бүтүргөн;
  • Эмгек жолун 1992-жылы Ош облусунун Кеңеш совхозунун бухгалтери болуп баштаган;
  • 1992-1993-жылдары Ош шаарынын "Арча" атындагы соода тармагынын экономисти.
  • 1993-2000-жылдары Ош облусунун бириккен бажысынын "Эркечтам" постунда башкы инспектору, начальниктин орун басары, жетекчиси;
  • 2000-2004-жылдары Баткен областынын бажысынын начальнигинин орун басары, жетекчиси;
  • 2004-2005-жылдары "Манас" аэропортунун бажысынын жетекчиси;
  • 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  • 2008-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы.
  • 2015-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.
  • Төрт баланын атасы.

Көп жылдар бою Бажы тармагында да эмгектенген Алиярбек Абжалиевдин баласы Атабек мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG